Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Орусия: мектепке кол салган өспүрүмдөр


Орусиянын Пермь шаарындагы кол салуу болгон мектеп.
Орусиянын Пермь шаарындагы кол салуу болгон мектеп.

15-январда Орусиянын Пермь шаарында 16 жаштагы эки өспүрүм мектепке бычак менен кирип, мугалимге жана окуучуларга кол салган. Андан 15 адам жарадар болуп, мугалим менен эки окуучу оор абалда. Кол салган өспүрүмдөр камакка алынган. Окуя Пермь шаарындагы №127 мектепте болгон.

Алгач орусиялык басылмалар мектепке беткапчан эки киши чабуул койгонун жазышкан. Жергиликтүү расмий бийлик эки окуучу бычакташканын, аларды ажыратабыз деп башка мугалимдер жана окуучулар жарадар болгонун билдиришкен.

Кийин мектепке 16 жаштагы эки өспүрүм кол салганы белгилүү болду. Балдар мектепке үчүнчү сабак башталып калганда келип, биринчи кабаттагы 4 “б” класска киришкен. Бирөө эшикти тосуп туруп, экинчиси мугалимге бычак уруп, ызы-чуу башталып, окуучулар эки жакка качканда аларга да бычак шилтеген. Өспүрүмдөр толук кара кийинип, кара көз айнек тагынып алышкан. Окуя болгон жерге 15-20 мүнөттө полиция жана "Тез жардам" келген.

46 жаштагы мугалим Наталья Шагулинага операция жасалган, анын азыркы абалы оор экени айтылууда. Класстагы он жаштагы тогуз бала да жабыр тарткан, алар №15 шаардык ооруканага жеткирилген. Мойнунан жана көзүнөн жаракат алган эки балага операция жасалган.

Мектепке кол салган өспүрүмдөр дароо камакка алынган. Кол салууну уюштуруучу катары Лев Биджаков аттуу жигит айыпталууда. Ал мурун бул мектепте 9-класска чейин окуп, андан соң политехникалык колледжге тапшырган. Лев мурун бир нече жолу өз жанын кыюуга аракет кылгандыктан, психонервологиялык диспансерде каттоодо турган. Левдин досу Иван анын суициддик аракеттери жөнүндө мурда укпаганын айтат:

- Анын үй-бүлөсү жакшы эле, ата-энеси менен мамилеси деле жакшы эле болчу, карындашы бар. Компьютердик оюндарга кызыкчу, андан башка эч нерсе деле кылчу эмес, - деген Иван.

Ал Левдин баңгизат колдоноору жана окуудагы кыйынчылыктары жөнүндө айтуудан баш тарткан.

Ал эми кол салган өспүрүмдөрдүн экинчисинин аты Александр. Ал мектепте 11-класста окучу.

Пермь мектебиндеги жаңжалдан соң сабактар токтотулуп, окуучулар эвакуацияланган. Бул иш боюнча “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Окуя болгон мектептин жанында турган полиция кызматкери.
Окуя болгон мектептин жанында турган полиция кызматкери.

Окуучулар “Колумбайндан” таасирленгенби?

Өспүрүмдөр 1999-жылы АКШда болгон “Колумбайн” окуясына кызыгып жүргөн. Лев “ВКонтакте” социалдык түйүнүндө “Колумбайн кылмыш тарыхы” жана “Мектеп өлтүргүчтөрү” деген баракчаларга жазылган. Александр да Левдей эле социалдык түйүндөрдө окшош топторго катталган.

“Колумбайн” деп аталып калган окуя 1999-жылы 20-апрелде АКШнын Колорадо штатында болгон. Колумбайн мектебинин жогорку класстарынын окуучулары Эрик Харрис менен Дилан Клиболд мектепке ок атуучу курал жана жасалма жардыргычтар менен келип, окуучулар менен мугалимдерге кол салган. Анда 37 адам жарадар болуп, 13ү каза тапкан, ал эми эки өспүрүм өз жанын кыйган. Бул АКШнын окуу жайларында болгон массалык киши өлтүрүүлөрдүн бири.

Адистер эмне дейт?

Өспүрүмдөрдүн агрессиясын изилдеген адистер Пермь мектебинде болгон окуядан кийин Орусияда окуучуларга кол салуунун жаңы толкуну чыгышынан чочулап турушат.

Балдар психологдорунун ассоциациясынын жетекчиси Анатолий Северный маселе үй-бүлөдө башталган деп эсептейт.

- 16 жашта өспүрүмдөр топтошуп жүрүшөт, алар үчүн өзүнө ылайык топ табуу маанилүү. Алар социалдык тармактарда мындай топтордо болгону көп нерседен кабар берет. Өспүрүмдөрдө агрессия болушу эч кандай жаңылык эмес. Мурун балдар короодо чогулуп алып, көчөдө урушчу. Ал эми бул учурда болсо үй-бүлөгө бериле турган көп суроолор бар. Эгерде үйдөн бала бычак менен кетип жатса, анда мындай үй-бүлө нормалдуу болушу мүмкүн эмес. Мен өспүрүмдөр атайын он жаштагы балдарга кол салууга келген деп ойлобойм. Мугалим менен окуучуларга бычак менен кол салган балдардын социалдык жоопкерчилиги жок, алар укуктук маселелерди түшүнбөйт. Аларды дарыгерлер карап чыгып, мындай жүрүм-турумдун себебин аныктоого жардам бериши керек. Бирок, менин оюмча, башкы маселе бул балдардын үй-бүлөсүндө жана тарбиялоодо. Балдар үйүндө көргөн нерсени туурайт. Ошол жактан издеш керек.

Психолог Сергей Ениколопов мындай окуяларга коомдо социалдашуу институттары жоголуп бара жатканы себеп болууда деген ойдо:

- Левдин социалдык тармактарда мындай кооптуу баракчаларды окуганы - бул оор симптом. Мындай баракчаларды “Ивантеевка аткычы” да окуган. Булардай типтеги адамдар Орусияда да, Батышта да кездешет. Алар ыза же кек сактаган адамдардан же жайлардан ушинтип өчүн алышат. Бирок ошол эле маалда аларды эч ким ызалаган деле болбошу толук мүмкүн. Мурун үй-бүлө, мектеп, көчө же короо, армия сыяктуу бир катар социалдашуу институттары болгон. Азыр үй-бүлөдө ата-эне балдарга жетиштүү көңүл бурбайт, мектептер болсо акча үчүн кызмат көрсөтүү тармагына айланып калды. Короо же кошуна-колоң социалдашуу институту катары толук жоюлду. Анан ушинтип Лев менен Александрды ушундай коом чоңойтту. Албетте, алар Колумбайн окуясын туурашкан. Азырынча Пермь окуясы боюнча суроо көп.

Психолог белгилеген “Ивантеевка аткычы” деп аталып калган окуя былтыр сентябрда Москванын алдындагы Ивантеевка шаарында болгон. Анда 15 жаштагы Михаил Пивнев мектепке пневматикалык тапанча алып келип, мугалимди аткан. Анда башына ок тийген мугалим тирүү калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG