Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Бишкекте айт намазы эски аянтта окулбайт


Иллюстрациялык сүрөт. 2019-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. 2019-жыл.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку кырдаалдан улам Орозо айт намазы быйыл да Бишкекте эски аянтта окулбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардык бийлик борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч экенин эскертип, май айынын башынан бери эле 2 138 кишиден COVID-19 илдети аныкталып, бул оорудан 38 адам каза болгонун билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлагандай, Орозо айт быйыл 13-майда болот. Айт намаз Муфтият белгилеген мечиттерде гана санитардык эрежелерди сактоо менен окулат.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыр да Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG