Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Каламбекова: Мамлекет элдин колдоосун баалашы керек


Бактыгүл Каламбекова. 
Бактыгүл Каламбекова. 

Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Бактыгүл Каламбекова чек ара меселесин талкуулаган “Эксперттер талдайт” программасында дипломатиянын тили, мааниси туурасында пикирин билдирди.

"Дипломатиянын тили деп жатабыз. Дипломатиянын колуна күч бере турган нерсе - бул дипломатияны “ашар” жолу менен жүргүзгөндү токтотуш керек. Мисалы, бирөө барып телефондон кайсы бир ведомстводогу өзүнүн таанышы менен же башкасы менен сүйлөшүп койсо, биякта дипломатия анын аркасынан чуркап, ошону “оформить” эткенге мажбур болбошу керек. Дипломатия алдын алып, бир нече жыл мурда боло турган нерселерди айтат, кийин боло турган нерселерди айтат.

Дипломатияга өзүнүн ролун кайтарып бериши керек. Анын маанисине терең көңүл буруп, жакшы иштетиши керек. Дипломатиянын колун байлаган нерселер бар, бизде бардыгы эле дипломат азыр. Расмий дипломатиябы же парламенттик дипломатиябы, андан башкасыбы айтор баары аралашып кетти. Эми мына жаңы Конституция боюнча кандай болорун эми көрө жатарбыз. Чындыгында бизде кендирди кескен жерлерибиз бар. Азыркы шартта кандай болсо да жардам берейин деп жаткандарды карап, донордук фонд түзүшүбүз керек.

Бир жерге топтоп туруп, максатка ылайыктуу жакшы бир ойлонулган комплекстүү программанын ичинде атайын бир дирекция түзүп, туура кадрды тандап, туура команда менен ошол жерге отургузуп, калыбына келтире турган кылып, кыш түшкүчө элдин турмушун бир калыпка салып коюшубуз керек. Бул бир, экинчиден, дипломатия, тышкы саясат оор сыноодо туруп жатат. Биз алыс мамлекеттер менен мамилебизди көбүрөөк өнүктүрдүк. Бирок ал жардамга таянган мамилелер болуп калды. Ошондой болсо да биздин дагы ресурстарыбыз бар.

Келип жаткан жардамдар жөн эле келип жаткан жок, биздин дагы тилибиз өтө турган, кол көтөрүп добуш бере турган жерлерибиз бар. Биз таптакыр эле бир тараптуу кабыл алып эле керектөөчү болуп отурган жерибиз жок, бул биринчи ресурс.

Экинчи ресурс - бул элибиздин духу. Элибиз мына мындай ынтымак, жапырт тура калып мамлекеттин жетише албаган жерине жетишип, мамлекетти карабай, 20-30 үйдү салып бүтүрүп берейин дегендер болуп жатат, санаторийлер балдарды эс алдырып берели деп жатат. Бүт баары эшигин, үйүн ачты. Элдин духунан биз күч алышыбыз керек. Эл ушинтип жатканда мамлекет элдин духун колдош керек, элге таянышы керек. Аркабызда эл турганда биз анча мынча мамлекеттерге андай эле көз каранды болбойбуз. Ушуну баалашыбыз керек".

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG