Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

HRW аялдарды коргогон келишимди бекитүүгө чакырды


Бишкекте уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин аялдар укугун коргоону талап кылып чыккан активисттер. Бишкек. Апрель, 2021-жыл.
Бишкекте уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин аялдар укугун коргоону талап кылып чыккан активисттер. Бишкек. Апрель, 2021-жыл.

Human Rights Watch уюму Европа кеңешинин мүчөлөрүн аялдарга зомбулукка каршы жигердүү аракеттерди көрүүгө чакырды. Аталган уюм аялдарды зомбулуктан коргоо келишиминин кабыл алынганынан 10 жылдыгына карата бир катар өлкөлөрдү ратификациялоого үндөдү.

Human Rights Watch уюму cоңку билдирүүсүн "Аялдарды зомбулуктан коргоо келишиминин" кабыл алынышынын 10 жылдыгына карата таратты. Европа кеңеши "Стамбул конвенциясы" деп аталган документти 2011-жылы кабыл алып, 2014-жылы күчүнө кирген. Бул келишимди уюмга мүчө 47 өлкөнүн отуз үчү ратификациялаган.

Ал эми 12 өлкө кол койгону менен азыркыга чейин беките элек. Европа кеңешине мүчө мамлекеттерден ага Азербайжан жана Орусия кол койбой келет.

Human Rights Watch аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук күчөп, пандемия шартында бул көйгөйдүн мааниси артканы менен бир катар өлкөлөр бул келишимден чыгып, айрымдары ратификациялоону кечеңдетип жатканына көңүл бурган.

“Коронавирус пандемиясы аялдарга карата зомбулук кеңири тараган, ар дайым катталып келген укук бузуу экенин жана дүйнөдөгү аялдар менен кыздардын өмүрү, ден соолугуна күн сайын коркунуч туудурарын көрсөттү”,- деп билдирген уюмдун аялдар укуктары боюнча изилдөөчүсү Хиллари Марголис.

Марголис дал ушундай жоопкерчиликтүү мезгилде аялдар менен кыздардын коопсуздугу менен бакубаттыгы үчүн көңүл буруп, дүйнө өлкөлөрү Стамбул конвенциясына кол коюп, ратификациялоого үндөдү.

Европа Кеңешинин Стамбулда кабыл алынган келишими үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө өтө маанилүү укуктук документ болуп эсептелет. Бул жааттагы алгачкы европалык документте аялдарга каршы кылмыштын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун, кыз-келиндерди коргоонун, зордукчул аракеттерге баргандарды кылмыш жообуна тартуу эрежелери камтылган. Бирок соңку учурда бир катар өлкөлөрдө сөз болуп жаткан документке каршы маанай байкалууда.

Быйыл жазында Түркиянын өкмөтү келишимден чыгуу тууралуу чечим кабыл алган. 2020-жылы Польшанын Юстиция министрлиги конвенциядан чыгып кетерин жарыяласа, Венгрия менен Словакиянын парламенттери да ратифакциялоодон баш тарткан.

Болгариянын Конституциялык соту болсо 2018-жылы конвенциядагы «гендер» деген түшүнүк "Баш мыйзамга каршы келет" деген тыянак чыгарган.

Human Rights Watch өз билдирүүсүндө “консервативдүү саясатчылар жана топтор конвенция салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарга коркунуч туудуруп, гомосексуалдуулукту колдойт деп жаңылыш жыйынтык чыгарып келет” деп белгилеген.

Айрыкча, конвенциянын кабыл алуу мекени жана биринчилерден болуп ратификациялаган Түркиянын келишиминен чыгып кетиши өлкө ичинде жана эл аралык чөйрөдө сын-пикирлерди жараткан.

Анкаранын чечимин сынга алган Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен апрелдин аягында:

Урсула фон дер Ляйен
Урсула фон дер Ляйен

“Мен Евробиримдик Стамбул конвенциясына кошулушун каалайм. Бул менин ишмердигимдин приоритети. Бирок Евробиримдиктин кеңешке кошулушу кечеңдеп жаткандыктан, биз жыл аягына чейин альтернативдүү чараларды сунуштайбыз. Биз аялдар менен балдарга оффлайн жана онлайн басымдарды токтотуу боюнча мыйзам иштеп чыгабыз”,- деп билдирген.

Негизи, адистер коронавирус пандемиясы маалында үй-бүлөдөгү зомбулук учурлары ого бетер көбөйгөнүн айтып келишет.

Мындай терс көрүнүштөр Кыргызстанда көп катталат. Айрыкча, кыз ала качуу адаты сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөр абалды татаалдаштырууда.

Өлкөдөгү аялдардын укугуна байланыштуу маселе апрелдин башында Бишкекте таламандын так түшүндө уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын окуясынан соң көп көтөрүлүп, президент баш болуп буга көңүл бурууга убада берген.

Бирок активист, конфликт таануучу Асел Азитегин эч бир өзгөрүү жок экенин айтууда:

“Айзада Канатбекованын чуулгандуу окуясынан кийин деле кыргыз коомунда аялдарга карата зордук-зомбулуктун саны азайбай, мурдагы нукта келе жатат. Жарандык коом митингдерди уюштуруп, маалымат каражаттары көйгөйгө көңүл бурууга аракет жасады. Бирок бийлик органдары системалуу түрдө, саясий эркти көрсөтүп бул маселени колуна ала алган жок. Бул айдан-ачык баарыбызга көрүнүп турат”.

Human Rights Watch уюму бир катар өлкөлөрдүн бийликтери аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча эл аралык келишимге "улуттук мыйзамдарга каршы келет" деген шылтоо менен кошулбай жатат деп эсептейт.

Үй-бүлөлүк зомбулук канткенде токтойт?
please wait

No media source currently available

0:00 1:02:09 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG