Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:05

«Күйөөмдүн токмогунан Түркияга качтым...»


Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийинки митингде тартылган сүрөт. Ош шаары. 9-апрель, 2021-жыл.
Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийинки митингде тартылган сүрөт. Ош шаары. 9-апрель, 2021-жыл.

Артынан калбай коркуткан эркектен кутулуу үчүн Түркияга кетем деп даярданып жүргөн Айзада Канатбекова максатына жетпей калды. Учурда Түркияда күйөөсүнүн же жигитинин зордук-зомбулугунан качып миграцияда жүргөн башка кыз-келиндер да жок эмес.

38 жаштагы Мадина (аты өзгөртүлдү) эки жылдан бери Түркиянын Стамбул шаарында жашап, эмгектенет. Ал Түркияга күйөөсүнүн коркутууларынан улам качып келгенин айтып отурду.

«Өзүм Кыргызстанда айылда төрөлүп, өскөн кызмын. Тилекке каршы, жогорку билим албай калдым. Мектепти бүтүрүп кесиптик окуу жайда окуп жүргөндө өмүрү көрбөгөн бир жигит ала качып кетти. Айла жок отуруп, түтүн булатып калдык. Ал да үйдүн жалгыз баласы экен, бирок иштеген иши, кесиби жок болчу.

Бир кыз, бир уулдуу болдук. Айылда үч жыл туруп анан эл катары жашайлы деп Бишкекти көздөй жөнөдүк. "Айчүрөк" дүкөнүнүн алдындагы чакан базарда кийим-кечек сата баштадык. Кызым эмчектен чыга элек болчу, мен үйдө отуруп, күйөөм базарга чыгып жүрдү. Ишибиз жүрүшүп, баскан- турганыбыз, ичкен-жегенибиз оңолуп калды.

Бирок жолдошум акча колуна тийгенде "көөп" кетти десем ашыкча болбос. Үйгө түнөбөй жоголуп, кол көтөргөн күндөрү болду. Бир күнү уруша кетсек, "сага үч эмес, жүз жолу талак бердим" деп айтты. Ардандым, балдарымды алып төркүнүмө кетип калдым. Ажыраштык. Балдарды апама таштап, Москвага кеттим. Ал жактан ажырашып кеткен күйөөм издеп келгенин уктум. Кайнилерим "жеңе Кыргызстанга качпасаңыз болбойт" дегенинен коркконуман кайра ата-энемдин колуна бардым. Алар санааркап "ал сени жердин түбүнөн да табат" деп Түркияга кетүүмдү суранышты. Түркияга келип калышымдын чоо-жайы ушундай».

Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Кыргызстандан качкан Мадина Түркиянын Стамбул шаарына келген. Мигранттын жашоосун Орусиядан көрүп калган келин Түркияда да белин бекем бууп, ишке киришет. Бирок Кыргызстандан кордолгону аз келгенсип, Мадинаны жалдаган үйдүн кожоюну да ага кол көтөргөн.

«Бир чети тил билбегениң жакшы экен. Бир аз тил үйрөнүп калгандан кийин, мен карап аткан байбиченин баласы мага катуу сүйлөй баштады. Кылган ишимди жактырбай, кагып-силкет. Ал киши психикалык жактан оорулуу экенин билчүмүн. Бир күнү эртең менен "мен кетем, иштей албайм" деп так кесе айттым. Ашканадан бычак көтөрүп келип "өлтүрөм сени, анан өзүм өлөм" деп атырылды. Үйдү тазалап жүргөн аял бар болчу, ал тигинин колунан кармап, мага "кач" деп белги берди. Ал үйдөн кийген кийимим менен качып чыгып, тааныш кыргыз келиндин үйүндө жашынып жаттым.

Жети айдан кийин кудай жалгап азыркы жумушума кирдим. 92 жаштагы байбичени багам. Жумушум оор эмес».

Маектешим Мадина уулу менен кызына билим берүүнү көздөп, болгон акчасын алардын билим берүүсүнө жумшаган. Уулу Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын биринде окуса, кызы былтыр Стамбул шаарындагы жогорку окуу жайлардын бирине өткөн.

«Кызым мектепти бүткөндө "апа мен сизге жардам берем, экөөлөсөк дагы көп акча чогултабыз, мени жаныңызга алыңыз" деди. Аны Түркияга алдырып, бирок мага окшоп кыйналышын каалаган жокмун. "Акыркы чапаным калса да сени окутам" дедим. Бир жыл айына 500 доллар төлөп, атайын даярдануучу курска жөнөттүм. Кудай жалгап кийинки жылы экзамен тапшырып, Стамбулдагы мамлекеттик университеттердин бирине өтүп кетти. Учурда кызым студент, мени менен жашайт».

Мадина кызы менен жашташ, Бишкекте киши колдуу болгон Айзада Канатбекова тууралуу укканда капа болгонун жашырган жок. Мекенден алыс болсо да кыргыз кыздардын абалына кейиген мигрант келин көзүнө жаш алды.

«Кыргызстанда туруп кыргыздын кыздары кор болгонуна өкүнбөй койбойсуң. Баарыбызда уул, кыз бар. Ошолордун бактысын берсин деп тилеп отурабыз. Ал эми Айзаданын окуясын угуп көзүбүзгө жаш алдык. Бирөөнүн алмончоктой кызы кетти. Кантип кейибей коёсуң? Кыргыздын кыздары өз жеринде да, башка жакта да аябай кордолуп атат».

Түркиянын Анталия шаарында үч жыл мурун негизделген "Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асаналиева Айзада сыяктуу жигитинен же күйөөсүнөн качып Түркияга келген кыз-келиндердин саны көп экенин айтып отурду.

Периза Асанаалиева.
Периза Асанаалиева.

«Айзаданын окуясын уккандан кийин, чет жакта жүргөн бардык мигрант аялдардын кабыргасы кайышса керек. Зордук- зомбулук көрүп, Түркияга качып келип иштеп жаткан кыргызстандык келиндер да жок эмес. Биз аларга моралдык жактан жардам берүүгө аракет кылабыз, анткени коом болгондон кийин ачык айтып жардам сурагандар болот экен. Жакында эле Кыргызстанда бир жигит сүйлөшкөн кызын кызганып, аны сабап жашоосуна коркунуч туудурган экен. Акыр-аягы кыз бөлөсү менен Түркияга качып келиптир. Учурда бир түрк үй-бүлөнүн кичинекей баласын карап иштеп жатат. Бирок тигил жигити токтобой кайра-кайра сүрөттөрүн социалдык тармактарга чыгарып, коркутуп-үркүтүүдө. Мындай окуялар толтура. Андыктан кыз-келиндердин укугу мамлекет тарабынан корголушу керек. Анткени кыз ала качуу, зомбулук - бул чоң кылмыш».

Ал эми Түркияда расмий маалыматтар боюнча 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын дээрлик көпчүлүгү мигрант кыз-келиндер.

«Күйөөмдүн токмогунан Түркияга качтым...»
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:07 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG