Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Айзаданын иши: Адвокаттар ИИМге нааразы


Милициянын ишине нааразылык акциясынан бир көрүнүш. 8-апрель, 2021-жыл.
Милициянын ишине нааразылык акциясынан бир көрүнүш. 8-апрель, 2021-жыл.

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча эки иш козголуп, эки башка мекеме тергеп жатат. Милициянын жоопкерчилиги боюнча тергөөнү Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп бергени маалым болду.

27 жаштагы Айзада Канатбекова эки апта мурда өлтүрүлгөн. Мындан кийин "Адам уурдоо”, “Киши өлтүрүү” жана “Милициянын шалаакылыгы” беренелери боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Криминалдык милициянын кызматкерлери кызды уурдоого шек саналган баш-аягы төрт кишини кармап, алар шаардык милициянын тергөө абагына киргизилген.

Айзада Канатбекованын жакындарынын адвокаты Асел Рыспаева иш боюнча буларга токтолду:

«Кармалгандарды кечээ милиция беттештириши керек болчу. Алар сурак берип чыгышты. Соттук медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Кармалгандар боюнча иш Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында, “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча иш Аламүдүн районунда тергелет. Жыйынтыгы менен бизди тааныштырып, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришет. Бул коомчулукта абдан резонанс жараткан иш болгондуктан тергөө тез аяктап, сотко өтөт деп ишенем. Мыйзам боюнча кыз тараптан жабырлануучу - апасы, бирок ашы өткөнгө чейин таежеси биз менен тергөөдө чуркап жүрөт».

Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 175-беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Кылмышка шектүү төрт адам - 1995-жылы туулган Т.К., 1992-жылы туулган Р.А., 1989-жылы туулган Р.З., 1991-жылы туулган Н.О. аттуу жарандар эки айлык мөөнөткө камакка алынган. Мекеменин басма сөз кызматкери Айзада Кубатова буларды билдирди:

«Ар бир шектүү менен кылмыштын учурун кайталап чыгаруу иштери жүргүзүлдү. Алардын кылмыш иши учурунда кийип жүргөн кийимдери соттук-биологиялык экспертизаны дайындоо жана адам өлтүрүүгө катыштыгын аныктоо үчүн алынган. Андан сырткары, окуяга күбөлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда».

Быйыл 5-апрелде Бишкекте Айзада Канатбекованы уурдап кетишкен. Анын сөөгү бир нече күндөн кийин табылган. Жарандык активисттер бул үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан алууну талап кылышкан.

ИИМдин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, кыркка жакынына сөгүш берилген. Бишкектин прокуратурасы Айзада Канатбекованын окуясынан улам милиция кызматкерлеринин иш-аракетин «Шалаакылык» беренеси менен тергеп-иликтей баштаган.

20-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде ишти УКМК тергей баштаганын билдирди:

«Укук коргоо кызматкерлеринин жоопкерчилиги боюнча ишти УКМК тергеп жатат. Кызматтык иликтөөдөн кийин иштен алынган милиция кызматкерлери болду, бирок так күнөөлүүлөрдү тергөө көргөзөт».

Бир үй-бүлөнүн жалгыз кызынын өлүмү коомчулукта укук коргоо органдарына карата сын-дооматты күчөттү. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Айзаданын окуясында милициянын шалаакылыгы ачык байкалганын айтты:

«Ички иштер министри кызматтык иликтөө жүргүзүп, кызматкерлерин иштен алды. Буга толук негиз бар болчу. Кайсы бир мыйзам "биздин колду, бутту кармады" деген бул жөн гана актануу. Бийликке сын айтып көрчү, беш мүнөттө табышат. ИИМдин жетекчисин сындасак, аны да заматта табышмак. Аны биз жакшы билебиз».

Ал эми Айзада Канатбекованын жакындарынын дагы бир адвокаты Нурбек Токтакунов милиция окуяга тиешелүү көңүл бурбай жатат деп эсептейт:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«“Шалаакылык” беренеси боюнча Айзаданын жакындарын УКМК жабырлануучу катары тааныбай жатат. Эми Башкы прокуратура бул мекемеге ишти тергөөнү өткөрүп берди. Бир чети бул туура эле. Анткени, прокуратура ишти козгогону менен, аны тергөөнү милицияга тиешеси жок мекемеге өткөрүп бериши керек эле. Бирок, бул мекеменин тергөөчүлөрү жакшы иштебей жатышат. Мисалы, кыз менен баланын өлгөндөн кийинки сүрөттөрүн криминалисттер тартып, таратып жиберишиптир. Биздин аларды жоопкерчиликке тартуу суранычыбызды тергөөчүлөр четке кагып коюшкан».

Кыргызстанда мындай кандуу окуя биринчи жолку болгон жок. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган. Мындан улам коомчулукта ИИМге сын менен кошо 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») беренесин өзгөртүү талаптары көтөрүлдү.

ИИМдин ишин анализдеген “Жарандык союз” коомдук бирикмесинин теңтөрагасы Тимур Шайхутдинов Бурулай жана Айзаданын окуясынан кийин да укук коргоо органдарында абал өзгөрбөй жатканын белгиледи:

«Биз анализдеп чыкканда аял кызматкерлер укук коргоо органдарында 5% гана түзөрүн билдик. Бул абдан аз. Анткени, зомбулук, зордуктоо же ала качуу окуяларында кыздар эркектерге ачылып айтып беришпейт, алар аялдарга айтып бергиси келет. Ошол эле кезде система өзгөрбөй, милиция Бурулайдын окуясынан да сабак албай келгенин белгилегим келет. Алардын “Адамды никеге туруу максатында уурдоо” беренесине болгон мамилесине Айзаданын окуясы ачык далил. Азыркыга чейин “ошол маалда кызды сактап калуу мүмкүн эле” деген ойлор жаралат».

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда 2020-жылы Кыргызстанда Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен 210 факт катталган. Анын 182си өндүштөн кыскартылып, 11и гана соттун кароосуна жиберилген.

Ал эми ушул жылдын алгачкы үч айында ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG