Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

"Кыздардын өлүмүнө милициянын аракетсиздиги себеп"


Бишкекте өткөн акциядан бир көрүнүш. 8-апрель, 2021-жыл.
Бишкекте өткөн акциядан бир көрүнүш. 8-апрель, 2021-жыл.

“Human Rights Watch” уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлүшүн “үрөй учурган окуя” деп мүнөздөдү. Ал кыргыз бийлиги 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын аянычтуу тагдырынан сабак албаганын айтты.

- Сыйнат, Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган Айзада Канатбекованын киши колдуу болушу жарандык коомдун жапырт айыптоосуна кабылды. Алгач узак жылдардан бери Кыргызстандагы адам укуктарына, анын ичинде аялдардын укуктарына көз салып келе жаткан “Human Rights Watch” уюмунун бул окуяга байланыштуу тынчсыздануусун түшүндүрө кетесизби?

- Албетте, мындай окуялардын уланып жатышы, кыжырды кайнатып, үрөйдү учурган жагдай. Көпчүлүк Бурулай менен Айзаданын окуяларын салыштырып жатышат. Бул жөн жеринен эмес. Эки окуяда тең укук коргоо органдарынын аракет көрбөгөнү кыздардын өлүмүнө жеткирди. Бул ачууну келтирген жагдай.

"Human Rights Watch" уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.
"Human Rights Watch" уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Бурулайдын резонанстуу окуясынан бери үч жыл өтсө да, бийлик кыз-келиндердин өмүрүн сактап калуу үчүн мыйзамдардын аткарылышы боюнча жетиштүү чара көргөн жок.

Эми дагы бир жолу аянычтуу окуяга күбө болуп жатабыз. Таң атпай эле кызды уурдап кетишти. Мен түшүнгөндөн бир күбө милицияга кабар берген экен. Видеолор да болгон. Уурдаган кишилерди табуу үчүн бардык маалымат болгон. Бирок эки күндө да таба алышкан жок. Кечээ кеч болуп калганын билдик.

- Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындары да милицияга нааразылыгын билдирип жатышат. Милиция жетекчилери Айзада уурдалганы тууралуу арыз түшкөндөн бери күнү-түнү иштеп жаттык деп ишендирүүдө. Бул окуяга ким жоопкерчилик алышы керек?

- Мен жоопкерчилик толугу менен өкмөттүн, Ички иштер министрлигинин мойнунда деп эсептейм. Эмне үчүн? Бул маселе учурда өлкө ичиндеги да, тышындагы да көптөгөн кыргызстандыктардын көңүл борборунда турат. Керек учурда биздин “каарман милициябыз” активисттерди, блогерлерди тез эле таап коёт. Мисалы, жакында кимдир-бирөө “эки укук коргоочу мас абалында машина айдап баратат” деп кабар берип койсо, милиция 1-1,5 саат өтпөй аларды таап, кайсы бир жерге алып барып, сурак алганы белгилүү.

Бул окуяда бардык маалымат, анын ичинде автоунаанын номери да белгилүү болчу. Айзада менен аны уурдаган адамдын сөөгүн Оштон, Нарындан же Ысык-Көлдөн эмес, Бишкектен алыс эмес эле жерден табышты. Алар алыска кетишкен эмес. Бул машинаны табууга болгон күчтү жумшап коюу ушунчалык кыйын беле? Кыйын эмес болчу.

Ушул жерден милиция эмне үчүн ушундай чараларды көргөн жок деген суроо жаралат. Менимче, алар муну чоң маселе деп эсептешпейт. “Эми ала качуу болуптур, бул күн сайын болот” деп коюшат. Балким, милиция кызматкерлеринин жарымы деле ушундай жол менен үй-бүлө кургандыр. Бул бүтүндөй коомубузга мүнөздүү маселе. Депутаттардын, министрлердин же алардын жакындарынын арасында деле, өкмөттө деле аялын ала качып үйлөнгөндөр болсо керек.

Бул маселе коомчулукта боло келген көрүнүш катары кабыл алынгандыктан милиционерлердин мамилесине таң калуунун кажети деле жок. Укук коргоо органдары коомдогу мамилени чагылдырып турат. Дал ушул жагдай кыжырданууну жаратып жатат.

Себеби Кыргызстандын жарандарынын укугун сактап, коопсуздугун камсыз кылууга ант берип жатсаң, кандайдыр бир адеп-ахлак нормаларына таянууга укугуң жок. Сен мыйзамды сакташың керек. Биздин милициянын мыйзамды аткарбай жатканы маселе жаратып жатпайбы.

- Бишкек шаардык милициясынын жетекчилиги жоопкерчиликтен качпай турганын, бирок отставкага кетпестигин, ишти аягына чыгара турганын билдирди. Президент Садыр Жапаров да ишти өз көзөмөлүнө аларын айтты. 2018-жылы Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгондон кийин жетиштүү аракет көрүлгөн жок деп айтып жатасыз. Кандай чаралар көрүлүшү керек эле?

- Албетте, биз юрист эмеспиз. Андыктан юридикалык анализ жасай албайбыз. Бирок Бурулай өлтүрүлгөндөн кийин кеминде “Адамды никеге туруу үчүн уурдоо” деген беренени такыр эле алып салыш керек болчу. Бул мыйзамдагы акылга сыйбаган берене. Кандай болсо да бул “Адамды уурдоо” деп эсептелиши керек.

Никеге туруу үчүнбү же акча өндүрүү үчүнбү, айтор кандай гана максат болбосун, эгер адамды уурдап жатсаң, демек анын эркиндигин чектеп жатасың. Бул - адам уурдоо. Биздин мыйзамдарда адам уурдоого ушул күнгө чейин эки башка мамиле жасалып келе жатат. Никеге туруу үчүн адам уурдагандар азыраак жазага туш болушат. Мындай жагдай өкмөт менен парламент бул темага олуттуу мамиле жасабаганын айгинелеп турат.

2017-жылы Кыргызстанда аялдарды үй-бүлө зомбулугунан сактоочу мыйзамдар катаалдашканы белгилүү. Көпчүлүк мындай мыйзамдын кабыл алынганын кубатташкан. Деген менен бизде ошол мыйзамдар аткарылбай келет. Бир жагынан адам уурдоого эки башка мамиле жасалып жатат. Экинчи жагынан, жакшы деген мыйзамдар да аткарылбай калууда. Маселенин өзөгү ушунда.

- Резонанстуу окуяларга карабастан Кыргызстанда аялдар дале күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза болуп жатат. Өткөн жылы үй-бүлө зомбулугу көбөйгөнү белгилүү. Сиз айткандай, мыйзамдардын аткарылбай жатышынын башкы себептери эмнеде? Эрк же каалоо жетишпей жатабы?

- Бул маанилүү суроо. Бир топ эксперттер бул маселени изилдеп келишет. Мен бул суроого толук бир жоопту азыр бере албайм. Бирок айрым себептерин айтсам болот.

Албетте, бул маселеде саясий эрк жетишпейт. Анын үстүнө көпчүлүк бул теманы социалдык маселе деп эсептешет. Журналистикада деле саясат, экономика жана социалдык маселелер сыяктуу түрмөктөр бар. Адатта социалдык темалар гезиттин акыркы бетинен орун алат. Мындай мамиле бардык тарапта, анын ичинде саясатта, коомдук турмушта анык көрүнүп турат.

Коомдук иштер же активизм, укук коргоочулук менен көбүнчө аялдар алектенишет. Кыргызстанда жарандык коомдун кеминде 80 пайызын аялдар түзөт. Эркектер болсо саясатка, экономикага, бизнеске аралашып жүрүшөт. Социалдык темаларга башын оорутушпайт. Ал эми бул көйгөйлөрдү жон териси менен сезген аялдардын саясий чечим кабыл алууга катышууга мүмкүнчүлүгү жок.

Ошондуктан ушундай резонанстуу окуялар гана бийликтин жогорку бутактарына жетет. Ошондо гана биздин президенттер “ооба, бул ишти өз көзөмөлүмө алам” деп айтып калышат. Бирок эмне үчүн кыздын өлтүрүлгөнүн гана күтүп отуруш керек? Эмнеге кыздар зордукталганга чейин же аялдарга кыш салынган дөңгөлөктөрдү илип, суу чачканга чейин күтүш керек? Аны да интернетке чыгарганда гана эл “ооба, бизде ушундай маселе бар” деп мойнуна алат. Бул өтө кыжырды кайнаткан жагдай.

Албетте, биздин өлкөдө аялдар гана эмес, балдар, ар кандай себептер менен эркектер да киши колдуу болуп жатат. Биздин бийлик ушул маселелер менен алек болгондун ордуна референдум, шайлоолорду өткөрүп жатат. Министрлик орундарды бөлүштүрүү менен алек. Биздин парламент түшүнүксүз бир мыйзамдарды кабыл алууда. Мунун баары коомго эмес, бийликтин чокусундагыларга керектүү нерселер. Менимче, биз ушул сыяктуу факторлордун туундусун көрүп жатабыз. Бул менин жеке пикирим.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG