Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:08

Кыздын ыйы, милициянын кайдыгерлиги


Иллюстрациялык сүрөт.

Жаш кызды ала качып келип, мажбурлап аял кылып алууга аракет кылган адамдар тууралуу тартылган тасма боюнча Ички иштер министрлиги «эч кимден арыз түшкөн» жок деп билдирди. Жарандык коом менен укук коргоочулар министрликтин мындай жообуна нааразы болуп, кайдыгерликтин жеткен чеги катары баалашууда.

7-октябрда социалдык тармактарда тараган тасмада көшөгөнүн артында жаш кызды жулмалап, жоолук салууга аракет кылып жаткан аялдар жана кыздын кыйкырыгын угузбай, үй жаңырта ырдап-чордоп жаткан жаштар көрүнөт.

Интернет колдонуучулар арасында кыз 16 жашта экени, аны 35 жаштагы жигит күч менен ала качып келгени айтылууда. Бир күндөн кийин 8-октябрда, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы видеону Талас облустук милициясы териштирип жатканын, азырынча бул окуяга байланыштуу арыз түшө элек экенин маалымдады.

Милициянын бул жообу социалдык тармактарда бир топ талкуу жаратты. Жарандык активист Алтын Капалова окуя боюнча дароо кылмыш иши козголбогонун укук коргоо органдарынын кайдыгерлиги менен байланыштырды. Ал мындай кайдыгерлик бул кылмыштын андан ары уланышына жол ачарын белгиледи:

Алтын Капалова.
Алтын Капалова.

- Мени күч органдарынын «арыз түшө элек» деген жообу таң калтырып, абдан кыжырыма тийди. Милиция мындай жооп бербеши керек эле. Алар дароо тасма аркылуу териштирүү иштерин башташ керек болчу. Кантип эле милиция аларды таба албайт? Бул көрүнүш милиция өзү кылмыштын бетин ачууга кызыкчылыгы жок деген ойду жаратып жатат. Азыркыга чейин кыз кайда экени белгисиз. Балким ушул тапта кызды зордуктап, эркине карабай никесин кыйып, дагы башка кылмыш иштери орун алгандыр. Же ата-энеси үйүнө алып кеттиби? Эмне үчүн ушул тууралуу милиция үн катпайт?

Юрист Чынара Жакупбекова коомчулукта резонанс жараткан тасманын өзү кимдир-бирөөнүн арызы жок эле кылмыш ишин ачууга негиз берерин билдирди:

Чынара Жакупбекова.
Чынара Жакупбекова.

- Негизи мыйзам боюнча алар тасманы көрүп эле кылмыш ишин ачыш керек болчу. Анын башкы себеби мына ушул тасма болмок. Алар арызды күтпөй эле издөө иштерин баштамак. Балким ал кыздын арыз жазууга мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыр. Эгер анын жашы жете элек болсо ордуна ата-энеси кайрылышы керек. Жашы жеткен болсо кыз өзү жазат.

Укук коргоочулар кыздын каршылык көрсөткөнүнө карабай, зомбулукту майрам, шаан-шөкөт менен жайгарууга далалат кылып жаткан топтун кыймыл-аракетине көнүл бурууга чакырып жатышат.

«Агенты перемен» уюмунун өкүлү Салия Акулова бул учурда кылмышка аралашып, кол кабыш кылгандардын бардыгынын жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирде.

Салия Акулова.
Салия Акулова.

- Менимче бул биздин коомдогу кайдыгерликтин ачык белгиси, - деди ал. - Ага жоолук салып, кыйнап жаткан аялдар балким өзүлөрү да ушундай жол менен турмушка чыгып, башкалар да көрсүн деп жаткандыр. Ал кызды эч ким карап койбой, жанында эле жоро-жолдоштору, туугандары ыр ырдап, шоу кылып жатканы да кайдыгерлик. Тилекке каршы, алар муну кадимки көрүнүш катары баалашат. Аларда кылмыш кылып жатканы тууралуу түшүнүк калыптана элек. Ошондуктан мыйзамда жазылгандай адам уурдоого тиешеси бар бардык тарап жазасын алышы керек.

Кыргызстанда кыздарды өз эркине карабай ала качуу аркылуу турмушка узаткан учурлар көп талкууланат. Былтыр ала качууга туш болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы милиция башкармалыгынын имаратында ала качкан жигити тарабынан бычакталып каза болгон соң мындай кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү тууралуу демилге көтөрүлгөн болчу.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык быйыл Кыргызстанда кыз ала качкан фактынын жазасы күчөтүлүп, мындай кылмышка барган адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG