Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:55

Садыр Жапаров Айзаданын окуясы үчүн милицияны сындады


Ала качуунун курмандыгы Айзада Канатбекованын сөөгү туулган жеринде - Балыкчыда жерге берилмекчи. 8-апрель, 2021-жыл.
Ала качуунун курмандыгы Айзада Канатбекованын сөөгү туулган жеринде - Балыкчыда жерге берилмекчи. 8-апрель, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу үн катты. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына 27 жаштагы Айзаданын уурдалып киши колдуу болгонун "терең кайгыруу менен кабыл алганын" билдирди. Жапаров кыргыз милициясын мыйзамдуулук менен тартипти биринчи орунга койбогону үчүн сындады. Президент Айзаданын жакындарына көңүл айтып, бул окуяга жооптуулар катуу жазаланарын билдирди:

"Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн да чоң трагедия. Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат".

Жапаров бир нече жыл мурун ушундай ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайды да эскерген.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен күчкө салып уурдап кетишкен.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу активисттер бүгүн, 8-апрелде Бишкекте Ички иштер министрлигинин, Ош шаарында шаардык милиция имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар министр Улан Ниязбеков менен шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Айзада Канатбекованын өлүмүнө мыйзам чегинде тийиштүү баа берүү маселесин Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги отурумунда бир катар депутаттар да көтөрүштү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG