Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:06

Улукбек Марипов: Айзаданын өлүмүнө жол бергендер жоопко тартылат (видео)


Премьер-министр Улукбек Марипов митингчилердин алдына чыгып, жооп берип жатат. Бишкек шаары. 8-апрель, 2021-жыл.
Премьер-министр Улукбек Марипов митингчилердин алдына чыгып, жооп берип жатат. Бишкек шаары. 8-апрель, 2021-жыл.

Премьер-министр Улукбек Марипов 8-апрелде өкмөт үйүнүн жанына митингге чыккандар менен жолугуп, Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуя президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин билдирди. Өкмөт башчы "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, ички иштер министри баштаган жетекчилердин жоопкерчилиги караларын билдирди.

"Баарынын жоопкерчилиги каралат. Азыр териштирүү бүтмөйүнчө, ким күнөөлүү экенин айта албайм. Президенттин жеке көзөмөлүндө".


Марипов буга чейин үрөй учурган окуяны «элдин жалпы кайгысы» деп атап, күнөөлүүлөр адилет жана катаал жазага тартыларын убада кылган.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен күчкө салып уурдап кетишкен.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу активисттер бүгүн, 8-апрелде Бишкекте Ички иштер министрлигинин, Ош шаарында шаардык милиция имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар министр Улан Ниязбеков менен шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Айзада Канатбекованын өлүмүнө мыйзам чегинде тийиштүү баа берүү маселесин Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги отурумунда бир катар депутаттар да көтөрүштү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG