Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Суваналиев коңшу өлкөлөрдөгү элчилер тууралуу дооматты четке какты


Жаныш Рустенбеков. Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси.
Жаныш Рустенбеков. Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси.

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстандагы элчилерин жактап билдирүү таратты. Ал "Телеграмм" каналындагы баракчасы аркылуу Жаныш Рустенбеков менен Ибрагим Жунусов облустук бийлик менен тыгыз кызматташып, байланышып турарын билдирди.

"Баткендин коопсуздугу, чек ара маселелеринин алга жылышы жана кошуна мамлекеттин чектеш аймактары менен социалдык-экономикалык жактан кызматташуусу, кошуналык жакын мамилесин бекемдөө жаатында жасаган дипломатиялык мамиле түзүүдөгү үзүрлүү эмгектерин жогору баалайбыз. Чектеш аймакта күн алыс орун алып келген түрдүү окуялардын чечилүүсүндө, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, элчилер улуттук кызыкчылыктарды коргой алган, мекенчил адамдар экенин айгинелеп келишет", - деп жазылган.

Суваналиева эки элчини "коңшу мамлекеттер менен экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүдөгү кызматташуунун жолдорун көрө билген, дасыккан адистер" деп мүнөздөгөн.

Мунун алдында Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбековдун ишин сынга алышкан.

Рустенбеков бул кызматка 2018-жылы күзүндө дайындалган. Ал мурда Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG