Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

«САSA-1000»: Кыргызстан электрди экспорттогусу келет


"САSA-1000" Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоону камсыз кылчу долбоор.
"САSA-1000" Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоону камсыз кылчу долбоор.

Кыргызстан «САSA-1000» долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттогусу келет.

Өлкө бийлиги соңку 15 жылда электр энергиясын экспорттоонун көлөмүн 23,3 миллиард кВт/саатка жеткирип, жыл сайын 80 миллион долларга жакын киреше алууну ниет кылууда.

Бирок, жалпы керектөө өсүп, кошуна мамлекеттерден сатып алууга аргасыз болгон. Мындай жагдайдан улам Бишкек аталган долбоор аркылуу электр энергиясын экпорттой алабы деген мазмундагы суроолор жаралды.

Президент Садыр Жапаров 3-апрелде «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы электр мамычасынын пайдубалын түптөө аземине катышты. Анда бул долбоор Кыргызстандын электр кубатын экспорттоого жол ачат деди.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Координацияланган аракеттерибиздин, алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө умтулуубуздун жана туруктуулугубуздун натыйжасында долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем».

Экономист Жаныбек Оморов аталган долбоор ишке кирсе, Кыргызстанга өндүргөн электр энергиясын жогору баада экспортоого мүмкүнчүлүк ачылат деген ойдо.

«Кыргызстан бул долбоорго кирип калганы жакшы болду. Мындай регионалдык ири долбоорлор көп жыл макулдашылат, көп жыл даярдалат. Биз ушунун толук пайдасын көрүшүбүз керек. Себеби, Кыргызстанга жаңы электр энергия базары ачылып жатат. Мурун кошуна мамлекттерге ашык электр энергиясын арзан сатып келдик да, өзгөчө жайында. Азыр эми ылдый жактагы мамлекеттерде электр энергиясынын баасы кыйла жогору», -деди Оморов.

«САSA-1000» жай мезгилинде Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоону камсыз кылчу долбоор. Бирок Кыргызстандын жайкы керектөөлөрү да кескин өсүп баратканын айткан профессор, энергетик Карыпбек Алымкулов «CASA-1000» ишке кирчү 2023-жылы Бишкек пландаган электр энергиясын экспорттой албай калышы мүмкүн экенин эскертти.

«Мурда жайында бир суткада 22-25 миллион кВт/саат электр энергиясын колдончубуз да, азыр 40тан ашып кетти. Анткени өндүрүшкө кетип жатат. Менимче, шаарда курулган көп кабаттуу үйлөргө коюлган желдеткичтер да көп керектеп жатат. Ошон үчүн жайында сатып акча табабыз деген жакшы идея, бирок ошого мүмкүнчүлүк болобу-болбойбу түшүнүксүз».

Чынында эле соңку жылдары Кыргызстан электр энергиянын тартыштыгын сезип келе жатат.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычында 8 миллиард 585 миллион куб метр суу бар. «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Бакыт Сыдыков 6-аперлде парламент комитетинин жыйынында суунун мындай аз көлөмүн "кооптуу, өтө төмөн" деп баалады.

Кыргызстан өткөн айдан тартып Казакстан менен Өзбекстандан электр энергияны сатып ала баштаган.

Жедеп эскилиги жеткен электр жабдуулары

Электр энергиясын экспорттоо дымагы бар Кыргызстанда электр жабдуулары да жедеп эскирип бүткөн маселе бар. Дүйнөлүк тажрыйбады мындай жабдуулардын эскилиги 30 пайызга чейин мүмкүн болсо, Кыргызстанда 70-80 пайызга чейин жетет дейт "Улуттук энергохолдингдин” төрагасынын орун басары Жолдошбек Ачикеев.

«Азыркы учурда жабдууларыбыздын абалы өтө оор. Улуттук электр тармактары боюнча 52-57 пайызга жетти, кийинки орунда "Электр станциялары" 73 пайыз, эң оор абалда Бишкек жылуулук тармагы 83 пайыздан ашып кетти. Ушул абал бизде авариялык өчүрүүлөрдүн санын көбөйтөт».

Учурда Токтогул суу сактагычында 4-генератору модернизацияга берилип, ноябрь айында пайдаланууга берилет деп айтылган. Ал генератор ишке кирсе кошумча 240 МВт электр энергиясы өндүрүлө баштайт. Ошондой эле Энергетика министрлиги Камбар-Ата 2 ГЭСиндеги экинчи гидроагрегатты ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул гидроагрегат ишке берилсе дагы 170 мВт электр энергиясы кошулат.

Өйдө тартса өгүз, ылдый тартса араба сынган тариф саясаты

Электр жабдууларынын эскиришине, ГЭСтерди курууга ири инвесторлордун келбей жатышынын башкы себеби Кыргызстандагы электр энергиясына карата тариф саясаты экени айтылып келет.

Экономист Жаныбек Оморовдун пикиринде, Кыргызстанда жакыр жашаган 23% калктын керектөөсү жалпы пайдалануунун 12% түзөт жана айлык керектөөсү 350 кВт/сааттан ашпайт. Бирок, жалпы керектөөчүлөрдүн 85 пайызы 70 тыйын деп эсептелген 700 кВт/сааттык лимиттен ашпайт. Мындан улам тариф саясатын кайра карап чыгуу керек деп эсептейт.

«85 пайыз электр энергиясын пайдалануучулар айына 700 киловатт-саат лимиттен ашпайт, ал эми 50 пайызы, ошо жерде жакыр үй-бүлөлөр да 350 кВт/сааттан ашпайт. Ошондо 23 пайыз жардамга муктаж жакыр үй-бүлөлөр менин эсептөөм боюнча 12 пайыздын тегерегинде пайдалант экен да. Биз ушуларга жардам бергендин ордуна баарын субсидияга отургузуп койгонбуз».

Анткен менен Садыр Жапаров электр энергиясындагы чектөөлөрдү быйыл жаз айларында алууну убада кылган.

"Улуттук энергохолдингдин" жетекчисинин орун басары Жолдошбек Ачикеев тариф саясатын карап чыгып, бааны көтөрүү тууралуу өкмөткө сунуш берилгенин айтты. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин соңку жыйынында дагы тариф саясаты боюнча маселе көтөрүлдү. Анда Энергетика министрлигинин өкүлдөрү бааларды өзгөртүү маселеси каралып жатканын ырасташты.

Кыргызстанда электр энергиясына баа акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Ага ылайык, 700 кВт/саатка чейин 77 тыйын, лимиттен ашыргандан кийин тургундар ар бир кВт/саат үчүн 2,6 сомдон төлөшөт. Ал эми алыскы жана тоолуу аймактагыларга 1000 кВт/саатка чейин чектөө берилген. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тариф 2 сом 24 тыйын деп эсептелет.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG