Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:11

Эмил Токтошев ала качуунун жазасын катаалдатууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламент жыйынына алып кирген плакат. 8-апрель, 2021-жыл.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламент жыйынына алып кирген плакат. 8-апрель, 2021-жыл.

Депутат Эмил Токтошев ала качуунун жазасын катаалдатууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев айтып чыкты. Ал Айзада Канатбекованын окуясын "трагедия" деп атап, милициянын иш-аракетин сындады:

"5-апрелде уурдалган кыздын эки күндөн кийин сөөгү табылды. Милиция чукул аракет көргөндө балким эки саатта табылып, кыз аман калмак. Баарыбызда эже-карындаш, кыз бар. Ала качууга каршы мыйзам бар болгону менен ал иштебейт экен. Биз, депутаттар аны күчтөндүрөлү. Ала качкан эле эмес, ага жардам берип, көмөктөшкөн адамдар да жоопко тартылып, жазасын алышы керек".

Токтошев бүгүн отурумга "Ала качуу салт эмес! Ала качуу - кылмыш, зомбулук! Кылмышкерлер жазасын алышы керек!" деген жазуусу бар плакат менен келди.

Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар Айзаданы куткаруу үчүн ыкчам аракет көргөбөнү үчүн милиция жетекчилеринен түшүндүрмө талап кылышты.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү, 36 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйып салганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар уурдашкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Социалдык тармактардын колдонуучулары милициянын шалаакылыгын сындап, ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылып жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG