Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Премьер-министр Марипов: Ала качуу - кылмыш


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Премьер-министр Улукбек Марипов мажбурлап никеге туруу үчүн кыздарды ала качуу кылмыш экенин жана ал үчүн жаза каралганын билдирди. Бул тууралуу Марипов Бишкекте Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин комментарий берип, «бул иш-аракет адамга каршы жана аны актоого негиз жок», - деп кошумчалады.

Өкмөт башчы Марипов каргашалуу окуяны «элдин жалпы кайгысы» деп, күнөөлүүлөр адилет жана катаал жазага тартыларын убада кылды.

«Биз биргелешип иш алып баруу менен гана аялдардын укуктарын коргоп, басмырлоого каршы тура алабыз. Ала качуу салт эмес - бул кылмыш болуп саналат жана биз муну өлкөбүздүн ар бир адамына жеткиришибиз керек».

5-апрелден бери дайынсыз болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылды.

Бишкек милициясы кабарлагандай, аны уурдоого шек саналган 36 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон.

Бишкектин криминалдык милициясы кызды уурдоого шек саналгандардын бирөөнү кармады, дагы экөө изделүүдө.

Бишкекте уурдалган кыздын сөөгү табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:01 0:00

Канатбекованы Бишкектин Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Социалдык тармактарда кызды өз убагында издеп таба албаган милициянын дарегине катуу сын-пикир айтылып, Интернет колдонуучулар министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылып жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG