Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Уурдалган кыз киши колдуу болгон


27 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири жана кыздын сөөгү табылган машине. (Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматына таандык), 7-апрель, 2021-жыл.
27 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири жана кыздын сөөгү табылган машине. (Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматына таандык), 7-апрель, 2021-жыл.

Бишкекте уурдалган кыздын сөөгү табылды. Бул окуядан улам социалдык желеде милициянын ыкчам иштебегенине нааразылык күчөдү.

Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 36 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон.

Кыздын дайын-дареги чыкпай жатканы тууралуу маалыматты басылмалар 7-апрелде жазышкан. Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектин Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Басылмалар расмий булактарга таянып, кыз 27 жашта экенин жазышкан. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 7-апрелде Чүйдүн Аламүдүн райондук Ички иштер бөлүмүнө Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаада аялдын жана эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, эки күн мурун уурдалган кызды салып кеткен «Honda Civic» үлгүсүндөгү машинени көрүшкөн. Анын ичинен изделип жаткан кыздын кыйнап өлтүрүлгөн сөөгүн жана бычак жеп каза болгон шектүүнүн өлүгүн табышкан.

Милициянын маалыматына караганда, экөөнүн ортосунда чыр чыгып, шектүү адам кызды өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайган. Тиешелүү соттук медициналык экспертизалар дайындалды. Маркумдардын тек-жайы такталган. Бирок расмий түрдө коомго азырынча ысымдары ачык айтыла элек.

Ал арада социалдык тармакта милициянын дараметин сындагандар көбөйдү. Айрымдар ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылууда.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Жарандык активист жана укук коргоочу Динара Ошурахунова:

“Министр отставкага кетиши керек! Көчөгө видеокамералар коюлуп, окуя тасмага жазылган. Кызды уурдагандар да, аны салып кеткен машине да көрүнүп турат. Камераларды орноткон Ички иштер министрлиги ыкчам чара көргөн жок. Кылмышты жасагандар, ага аралашкандар да жазага тартылууга тийиш. Мындай учурда кокус тосмо арыз жазылса, милиция ага карабашы керек. 2018-жылы ала качууга туш болуп, милициянын бөлүмүндө өлтүрүлгөн Бурулайдын окуясы да чоң трагедия болгон. Бирок ал боюнча катаал жаза колдонулган жок”.

Ошуруханова ала качууну салт деп мүнөздөгөн кишилердин да жоопкерчилигин кароого убакыт жеткенин белгиледи.

Премьер-министр Улукбек Марипов мажбурлап никеге туруу үчүн кыздарды ала качуу кылмыш экенин жана ал үчүн жазалоо каралганын билдирди. Өкмөт башчынын билдирүүсүндө «Биз биргелешип иш алып баруу менен гана аялдардын укуктарын коргоп, басмырлоого каршы тура алабыз. Ала качуу салт эмес - бул кылмыш болуп саналат жана биз муну өлкөбүздүн ар бир адамына жеткиришибиз керек» - деп айтылат.

Азим Азимов
Азим Азимов

Саясат талдоочу Азим Азимов бийлик бул жагдайда чукул реакция жасап, коомго кайрылышы керек деп эсептейт:

“Биздин коомдо ала качуу сыяктуу кылмышка кайдыгерлик бар. Адамдар көп учурда ала качууну кылмыш деп эсептешпейт. Мунун себептеринин бири – ала качуу окуялары катталганда милиция деле муну чоң кылмыш катары кабыл алып, жетиштүү чараларды көрбөйт”.

Сөөгү табылган кызды ала качкандар үй-бүлө куруу максатын көздөгөнбү же башка ниеттери бар беле, бул азырынча белгисиз.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Эрнис Осмонбаев коомчулуктун милицияга карата сынына азырынча комментарий болбой турганын, окуянын чоо-жайы такталганда кеңири маалымат берилерин билдирди.

2018-жылы Чүйдө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны уурдап бараткан киши максаты ишке ашпай калган соң Жайыл райондук милиция бөлүмүндө кызды бычактап өлтүргөн. Бирок ал кездеги бийлик да бул окуяга дароо реакция жасабай, жарандык коомдун нааразылыгын жараткан. Кийин сот Бурулайды өлтүргөн жигитти 20 жылга экринен ажыраткан.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыштардын бири. 2013-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыз уурдаган адам 5-7 жылга эркинен ажыратылат. Кийинчерээк жаза күчөтүлүп, кыз уурдаган адамды беш жылдан 10 жылга чейин камоо жазасы киргизилген.

Кыргызстандагы иликтөөлөр жаңы үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуунун негизинде куралары, ала качуу курмандыгы болгон кыздардын милицияга кайрылган учурлары өтө сейрек кездешери айтылып келет.

XS
SM
MD
LG