Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Ала качуунун жазасы күчөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык ала качуу үчүн жаза күчөтүлдү. Мыйзам боюнча кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми жашы жете элек кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.

Чүй облусунун Москва райондук соту 20 жаштагы жигитти жашы жете элек кызды ала качканы үчүн күнөөлүү деп тапты. Ал беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазимов буларды билдирди:

«154-берененин 2-бөлүгү боюнча сот отурумунда жеңилдетүү жана кыз өзү макул болгону эске алынып, жаран камакка алынган эмес. Ал бир жылдык сыноо мөөнөтү менен беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Маалыматка ылайык, ал жигит ала качкан кыз 16 жашта экен. Экөө социалдык тармактарда таанышкан. Ала качуудан кийин кыздын жакындары арыз жазышкан. Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алды».

Соңку аптада ала качуу фактысы катталган бул жалгыз окуя эмес. Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 29-мартта шаардын тургуну кайрылып, 20 жаштагы кызын белгисиз адамдар ала качууга аракет кылышканын билдирген. Бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене («Кыз ала качуу») менен катталып, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада бул үчүн шектүү катары жергиликтүү үч тургун кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк Токмок шаардык соту аларды үй камагына чыгарган.

Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча айыпталгандар 2013-жылдан бери жети жылга чейин эркинен ажыратылып келген. Быйылкы январдан баштап күчүнө кирген жаңы Жазык кодексине ылайык, 154-155-беренелер өзгөрүп, кыз ала качкандарды он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Эгер буга чейин 17 жашка толо элек кызды мажбурлап никеге тургузуу, башкача айтканда, 154-берененин 2-бөлүгү боюнча 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралса, ушул тапта 18 жашка толо элек кызды ала качкан адам он жылга чейин эркинен ажырап, айып төлөөгө милдеттүү.

Юрист Замир Жоошев жаңы кодексте ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөнүн белгиледи:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Буга чейин 17 жашка толо электер жашы жете элек деп эсептелсе, эми 18 жашка толо элек кызды ала качканы үчүн жаран мыйзам алдында жооптуу. Мындан тышкары ал адамга 180 000 сомдон 220 000 сомго чейин айып салынат. Эгер аны бир айдын ичинде төлөбөсө, айып эки эсе көбөйөт. Айыпты эки жылга чейин төлөбөгөндөр дагы башка берене боюнча жазага тартылат. Ошондой эле эгер жабырлануучу тосмо арыз жазса да кылмыш иши токтобошу керек».

Антсе да укук коргоочулар ала качуу боюнча кылмыш иши сотко жетпей жабылып же айыпталуучулар камакка алынбаганы жаңы кодекстеги өзгөрүүлөр чындап ишке кире элек экенинен кабар берерин айтышат.

«Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова ушул эле кодексте аялдардын укуктарына байланыштуу иштерде коомдук айыптоого уруксат берилиши керек деп эсептейт. Укук коргоочу ала качуу өңдүү кылмыштарда жабырлануучулар коопсуздугунан коркуп укуктарын коргой албай жатышканын билдирди:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

«Менин кабинетиме келип жашын төккөн кыздар болот. Аларды туугандары арыз жазганы үчүн айыпташат. Ал эми милиция арыз болбосо ишти козгой албайт. Ошондой учурда мен укук коргоочу катары далилдин баарын келтирсем да иш козгошпойт. Себеби, бизде мыйзамда «жашы жете электер үчүн жакындары же жаран өзү гана арыз жазыш керек» деп көрсөтүлөт. Ушундай учурда ал кыздын укугун ким коргойт?​ Менимче, коомдук айыптоо деген көрүнүш кодексте камтылганда мындай болмок эмес».

Абдирасулова коомчулук ала качуу үчүн кандай жаза көрүлөрү тууралуу эч кабары жок экенин кошумчалады:

«Ал бала он жылга соттолуп кетем деп ойломок беле? Анын жакындары да кылмыш кылып жатканын, кодекстер тууралуу такыр түшүнүгү жок. Аларга түшүндүрүү иштерин биз айыпкерлерди сот жоопкерчилигине тартуу менен гана жеткире алабыз. Эгер бир ала качуу фактысы боюнча бир айылдын жарымы соттолсо, башкасы дароо эсин жыйып, ойлонот. Ал үчүн ала качкан баланы гана эмес, туугандарын, жардам бергендердин баарын жоопкерчиликке тартыш керек. Мына ошондо өзгөрүү болот», - деди укук коргоочу.

Өткөн айда Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» бекетинен Чүйдүн Жайыл райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери ала качууга дуушар болгон кызды куткарып калышкан. Бирок көп өтпөй кыз өзүн ала качкан жигиттерге доосу жок экенин билдирип, тосмо арыз жазган.

Бурулайдын өлүмү: айтылбай калган жагдайлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:13 0:00

Былтыр ошол эле бекеттен ошол эле кызматкерлер маркум Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткандарды кармап, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышкан. Бирок кыз милиция бөлүмүнөн бычакталып, каза тапкан. Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнөн кийин 13 милиция кызматкери иштен алынган. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкерине козголгон кылмыш иши учурда Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда каралууда.

Ички иштер министрлигине акыркы беш жылда ала качуу фактысы боюнча 895 арыз түшсө, анын 727сине кылмыш иш козголгон эмес. Натыйжада 168 факты боюнча гана кылмыш иши козголгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG