Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Навальный абактагы ооруканага түштү


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Ден соолугу начарлап, түрмөнүн ооруканасына түшкөн Алексей Навальныйга орус бийлиги сырттан дарыгерлерди киргизбей жатат.

Эки күн мурда оор жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, түрмөдөгү ооруканага түшүп калган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын коронавируска тапшырган тести таза чыкты.

«Биринчи текшерүүдө терс жыйынтык чыкты. Бирок, кандайдыр бир себептен андан экинчи жолу анализ алышкан жок. Анын жыйынтыгын билбейбиз», - деп кабарлады адвокат Ольга Михайлова.

Абакта ачкачылык кармап отурган Навальный түрмөнүн ооруканасына которулганы 5-апрелде кечке жуук маалым болгон. Эртеси түрмөнүн алдына оппозициячынын тарапташтары чогулуп барып, ага чет жактан ишенимдүү дарыгер киргизүүнү талап кылышты.

Ал жерде Навальныйдын ден соолугун текшерүүгө барган Орусиянын «Дарыгерлер альянсы» аттуу көз карандысыз кесиптик кошуундун жетекчиси Анастасия Васильева менен кошо тогуздай адам кармалып, полиция аларды чогулгандар таркагандан кийин коё берди.

«Дарыгерлер альянсы» Навальныйга чет жактан көз карандысыз догдур киргизилмейинче нааразылык акцияларын өткөрө берерин кабарлады.

Навальныйдын саламаттыгына көзөмөл салган дарыгер Анастасия Васильева түрмөгө бейтап менен жолугушууга барганда аны камакка алышкан, 6-март, 2021-жыл
Навальныйдын саламаттыгына көзөмөл салган дарыгер Анастасия Васильева түрмөгө бейтап менен жолугушууга барганда аны камакка алышкан, 6-март, 2021-жыл

Орусиянын саясий жетекчилигинен жана Жаза аткаруу федералдык кызматынан Навальныйга медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылган ачык катка 1,5 миңден ашуун дарыгер кол койгон.

Дарыгерлер Навальный орус түрмөсүндө каза тапкан юрист Сергей Магнитскийдин тагдырын кайталап калышы мүмкүн экенин айтып, саясатчынын саламаттыгына камтама болушкан.

Аньес Калламар
Аньес Калламар

“Amnesty International” эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Аньес Калламар абактагы Алексей Навальныйга ал ишене турган дарыгерди киргизүүнү талап кылып, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылды.

«Ал камакта отурган шарттарды Amnesty International уюму кыйноого тете деп бааласа болот. Уйкудан калтыруу – кыйноонун бир түрү. Аны бир-эки саат сайын атайлап ойготуп жатышат. Ага өзү ишенген дарыгер киргизбей жатышат. Бул катаал, адамгерчиликсиз мамиленин бир түрү, балким, адамдын кадыр-баркына да шек келтирүү. Мунун баары –Орусия, орус бийлиги аны жай өлүмгө буйруп койду, чынында аны менен эмне кылып жатканын жашырып жатышат деп айтууга негиз берет» дейт укук коргоочу Аньес Калламар.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

«Соттолгондордун саламаттыгы - түрмө жетекчилигинин иши» деген позицияны карманган Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Навальныйга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтты.

"Жазасын өтөп жаткан адамга өзүнчө шарттарды түзүү же жеңилдиктер тууралуу, албетте, сөз да болушу мүмкүн эмес. Абакта ооруп калгандар үчүн атайын эреже, талаптар бар. Чынында эле ооруп калса, тиешелүү дарылоодон өткөрүлөт".

Сегиз ай мурун «Новичок» менен ууландырылгандан кийин Берлинде эки жума комада жатып, дарыланып чыккан 44 жаштагы Навальный ден соолугу начарлаганын 24-марттан бери билдирип келет. Абакта ага медициналык жардам көрсөтүлбөй, чет жактан дарыгер чакырууга да уруксат берилбей жатканын айткан саясатчы сегиз күн мурун ачкачылык жарыялаган.

Башында Навальный бели-буту чымырап ооруп жатканын айтса, эми жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, денесин калтырак басып жатканына даттанууда. Эки күн мурда адвокаттары аны менен отурган 15 адамдын үчөө кургак учук менен ооруй турганын кабарлашкан.

Өткөн айда Владимир облусундагы колонияга которулгандан бери cаясатчы 13 килограммга арыктап кетти. Буга чейин Навальныйдын салмагы 93 килограмм болсо, учурда ал 80 килограмм экени белгилүү болду.

Саясатчы ага түрмөдө түнкүсүн уйку берилбей, абак күзөтчүлөрү саат сайын ойготуп жатканына да арызданган.

Ал февралда Берлинден Москвага кайтып келгенде, 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG