Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Макрон, Меркел жана Путин Навальный, Сирия, Украина, вакцина маселелерин талкуулашты


Солдон оңго: украин президенти Владимир Зеленский, немис канцлери Ангела Меркел, француз президенти Эммануэл Макрон жана орус президенти Владимир Путин. Париж. Франция. 2019-жылдын 9-декабры.
Солдон оңго: украин президенти Владимир Зеленский, немис канцлери Ангела Меркел, француз президенти Эммануэл Макрон жана орус президенти Владимир Путин. Париж. Франция. 2019-жылдын 9-декабры.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркел 30-мартта Орусиянын президенти Владимир Путинге видео байланышка чыгып, вакциналарды камсыздоо боюнча болжолдуу кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу Франциянын президенттик кеңсеси шейшембиде маалымдады.

Макрон менен Меркел ошондой эле Путинге орусиялык саясатчы Алексей Навальныйдын жарандык укугун урматтоого жана анын ден соолугун сактоого чакырышкан.


Елисей сарайынын билдирүүсүнө караганда, үч лидер ошондой эле Чыгыш Украина, Беларус, Ливия, Сириядагы соңку кырдаалды талкуулашты жана Иран эл аралык милдеттенмелерин толугу менен аткаруусуна кайтып келиши үчүн бар аракеттерди биргелешип багыттоо жөнүндө макулдашты.

Расмий Кремл өз билдирүүсүндө "орусиялык “Sputnik V” вакцинасын Европа Биримдигинде каттоонун келечеги жана аны Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө жеткирүү жана биргелешип өндүрүү" маселелери, ошондой эле Сириядагы азыркы кырдаал талкууланды деп маалымдады.

Кремлдин билдирүүсүндө президент Путин Алексей Навальныйга байланыштуу кырдаалды түшүндүргөнү да айтылат.


Меркел менен Макрон “Sputnik V” вакцинасын Евробиримдикте колдонуу жаатында расмий Москва менен кызматташуу – Европалык дары-дармектерди көзөмөлдөө агенттиги (ЕМА) тарабынан бул эмдөө затынын каттоодон өтүүсүн камсыздоочу атайын анализдин натыйжаларына жараша болорун белгилешти.

Ошол эле учурда, Европадагы бул өлкөлөрдүн лидерлери Евробиримдиктеги башка бардык вакциналарга да коюлган бирдей стандарттар “Sputnik V” вакцинасына карата колдонула тургандыгын баса белгилешти. (TT)

XS
SM
MD
LG