Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Amnesty International Навальный тууралуу Путинге кайрылды  


R
R

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Аньес Калламар абактагы Алексей Навальныйга ал ишенген дарыгерди киргизүүнү талап кылып, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылды. Ошондой эле орус оппозиция лидерин токтоосуз бошотууга чакырды. Мындай билдирүүнү укук коргоочу "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Аньес Калламар Навальныйдын негизсиз кармалганын, анын саламаттыгынын начарлаганын белгилеген. Орус бийлиги саясий атаандашын акырындап жокко кылууга алып баратат деп эскерткен.

Покров шаарындагы абакта отурган Навальный буга чейин адвокаттары аркылуу аны менен отурган 15 адамдын үчөө кургак учук менен ооруй турганын билдирген. Андан сырткары түн уйкусун атайлап бузган учурлар күчөгөнүн, дене табы көтөрүлүп, саламаттыгы кескин начарлап, өмүрүнө коркунуч туудурганын жарыялаган.

Дүйшөмбү күнү кечке жуук Навальныйды коргоо штабы Жазаларды аткаруу федералдык кызматына шилтеме берип, оорунун белгилери аныкталганына байланыштуу саясатчы түрмөнүн ооруканасына которулганын кабарлады. Ошол эле кезде Навальный абакта ачкачылык кармоону улантып жатат.

Кремлдин башкы сынчысы аталган Навальный былтыр жайында ууландырылып, аман калган. Ал Германиядан дарыланып, быйыл жыл башында Москвага учуп келери менен кармалып, камакка алынган. Эл аралык коомчулук муну кескин айыптап чыккан.

XS
SM
MD
LG