Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Уурдалган кыздын өлүмүнө шектүү мурда соттолгон болушу мүмкүн


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп жатат. 8-апрель, 2021-жыл.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп жатат. 8-апрель, 2021-жыл.

Бишкекте уурдалып, кийин Чүй облусунан сөөгү табылган кызды өлтүрүүгө шектүү адам мурда Орусияда соттолуп чыккан деген маалымат бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев 8-апрелдеги брифингде билдирди.

"Шектүү Замирбек Теңизбаев Орусиядан 2017-жылы келген. Инисинин сөзүнө караганда, ал Орусияда кылмышка соттолуп алты жарым жыл отуруп чыккан. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Кыргызстанга келгенде такси айдап, батирди ижарага алып жашап жүргөн. Бирок акыркы айларда да такси айдап, машиненин ичинде жашап-түнөп келгенин туугандары айтышты. Бул маалымат текшерилип жатат", - деди Айтпаев.

Бишкек шаардык милициясынын жетекчилери учурда кылмыштын чоо-жай тууралуу журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрүп жатышат.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 36 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Социалдык тармактарда кызды өз убагында издеп таба албаганы үчүн милицияны сындап, ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылууда. (NT)

XS
SM
MD
LG