Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:51

COVID-19: Кыргызстанда сентябрдан берки эң чоң көрсөткүч катталды


Коронавируска карата дене табын текшерүү учуру. Март, 2020-жыл. Чүй облусу.
Коронавируска карата дене табын текшерүү учуру. Март, 2020-жыл. Чүй облусу.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 дагы төрт бейтаптын өмүрүн кыйды. Анын үчөө Бишкекте, бири Чүй облусундагы ооруканада жаткан.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 8-апрелде билдиргендей, бир суткада вирус 222 кишиден жаңы аныкталды. Бул - сентябрдан берки эң көп көрсөткүч.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1516 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 660 кишини түздү. Анын 85 607 айыкты. Акыркы бир суткада 111 бейтап сакайып чыкканы кабарланды.

Расмий маалыматка караганда, учурда 712 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Үй шартында дарылангандар 870 киши. Анын 528инин абалы орто оордукта, 158и оор, 24ү өтө оор, экөөнүн абалы канааттандыраарлык деп бааланууда. Акыркы бир суткада вирус Бишкекте сегиз, Чүй облусунда үч, Ош шаарында бир медкызматкерден аныкталды. (NT)

XS
SM
MD
LG