Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Мектеп дарыгерлеринин түйшүгү тууралуу маселе көтөрүлдү


Кыргызстандагы мектептердин бири пандемия шартында. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектептердин бири пандемия шартында. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрайымы Бактыгүл Исраилова мектептерде дарыгерлер балдар саламаттыгына кам көрүүгө жетишпей жатканын, түйшүктөрү түмөндөгөнүн айтып чыкты.

Ал "Фейсбуктагы" баракчасына Бишкектеги мектептердин бириндеги кырдаалды мисал кылып жазды. Анда "мектепте үч нөөмөттө окуган 2,5 миң балага бир дарыгер менен медайым бөлүнгөн. Алар күн сайын балдардын саламаттыгын текшерип, көзөмөлдөөгө жетише албай жатышат. Ал эми дене табы жогору болгон балдар үйлөрүнө жиберилгени туууралуу кайтарым байланыш жок. Бул иш мугалимге тапшырылыптыр. Алар деле ата-энелер менен байланышып жетишпей атышат. Убакыттын көпчүлүгү кагаз иштерине кетип жатканын айтып даттанышты", - деп билдирди.

Исраилова мектепке көпчүлүк балдар ачка келишерин белгилеген.

6-апрелде Бишкекте Эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссия окуучуларын аралыктан окууга өткөрүү жана бала бакчаларды жабуу ьууралуу чечим кабыл алган. Шаардык мэрия буга коронавирус пандемиясынан улам эпидемиологиялык кырдаал начарлап баратканы негиз болгонун билдирген.

Бирок мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 8-апрелден 14-апрелге чейин эле жабыларын билдирди. Мектеп окуучулары да 12-13-апрель күндөрү гана аралыктан окуй турганын айтты.

Шайлоо жана референдум өткөндөн кийин эки күн билим берүү мекемелеринде дезинфекциялоо иштери жүрөт. Андан кийин сабак мурдагы тартипте уланат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG