Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Жапонияда пандемиянын айынан 100 миңден ашуун адам жумушсуз калды


Сакура гүлдөгөн маалда сүрөткө түшүп жаткан жапон кыздары.
Сакура гүлдөгөн маалда сүрөткө түшүп жаткан жапон кыздары.

Жапонияда коронавирус пандемиясынан улам 100 миңден ашуун тургун жумушсуз калды. Бул тууралуу бейшемби күнү Жапониянын коомдук телеканалы билдирди.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылдын январь айынан быйыл апрелге чейин ондогон иш орундары кыскартылган.

Мекеме жумуш берүүчүлөрдү кызматкерлеринин санын кыскартпоого жана пандемиядан жапа чеккен ишкерлерди колдоо үчүн ар кандай мамлекеттик субсидияларды колдонууга үндөп келет.

Жапонияда пандемия башталгандан бери коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны расмий эсепте 494 миңге жетти. Оорудан тогуз миңден ашуун киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG