Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

Апрель окуясы: 11 жылдан кийинки баа


Кыргызстанда апрель окуяларынын 11 жылдыгы эскерилди. 2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой жаран жан берген. Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Андан бери Кыргызстанда төрт президент алмашып, көтөрүлгөн элдин күчү менен бийлик 2020-жылдын октябрында дагы бир жолу алмашты.

Он бир жыл мурун коюлган максаттар аткарылдыбы? Апрель окуясынын катышуучулары, анда курман болгон адамдардын жакындары эмне дешет?

Акталбаган үмүттөр

"Ата-Бейиттеги" ташка чегилген адамдын сүрөтүн карап, чаңын сүртүп отурган Абубакир 2010-жылы бир гана жашта болчу. Ал эжеси Элиза Махамаджан кызы менен 11 жыл мурда каза болгон атасы Махамаджан Камчиевге куран окуп, бейитине гүл коюу үчүн келген. Көзүнө жаш алып, сүйлөгүсү келбеген Абубакирдин эжеси Элиза атасынын орду толбой атканын айтып жашыды.

“Атамдын жоктугу биз үчүн чоң жоготуу болду. Атам каза болгондо иним бир жашта болчу, атасын тааныбай калды, билбей калды. Атасын сүрөттөн эле көрөт, ушул жерге келип куран окуп кетет. Биз үч бир тууганбыз, менден кийин дагы бир иним бар. Апам үчөөбүздү жалгыз чоңойтуп келатат. Мен он сегизге чыга элек болчумун, он жетиде болчумун. Он бир жыл өттү, эч өзгөрүү жок го дейм. Аны эл деле байкап жатат да”, -деди Элиза Махамаджан кызы.

Апрель окуясында каза тапкан Мирлан Кадыралиев 2010-жылы 26 гана жашта болчу. Уулун жоготконуна он бир жыл болгон Мария Кемелбаева, былтыр октябрь окуясында дагы бир уулу бутуна ок жеп, үйдө жатканын айтып кейиди.

“Өзү чынчыл, Боролдойдогу училищаны бүткөн. Улан деген иниси, үч карындашы бар. Өзүмө жакын бала болчу, мага аябай жан тартчу эле. "Апа мен келатам манты жасап койчу" десе манты жасап күтөөр элем баламды. Сагынам баары бир. Максатына жеткен жок. Андан кийинки иниси да 5-октябрда бутунан жарадар болуп, ал да үйдө жатат”.

Айтор 7-апрель бир топ адамдын турмушун өзгөрттү, турмушун бурду. “Мамлекеттин тагдырын өзгөртөбүз деп чыгып, өздөрүнүн, үй-бүлөсүнүн тагдырын түбөлүккө өзгөрткөн экен”, - дейт 7-апрелде инисин жоготкон Гүлүмкан Бүтүмбаева:

“Мына он бир жыл болду өтүп кеткенине. Балдары, үй-бүлөсү да туш-туш тарапка кетти. Балдары чет мамлекетте жүрөт, өзү болсо бул жерде. Акыйкат кана? Эл үчүн, жер үчүн жаш балдардын өтүп кеткенине аябай”...

Апрель курмандыктарын эскерүүгө келгендер бир ооздон 11 жыл мурун коюлган максаттар аткарылбай калды дешет. Ыңкылаптын катышуучусу Руслан Мамышов эл революцияны уурдатты деген пикирде:

“Революция өз максатына жетиш... - мындай айтканда, - баягы Лениндей болуп жатабыз да. Революция болду деп ойлогонбуз да, бирок, революция болгон жок”.

Эл эмне үчүн көтөрүлгөн?

Элдин 2005-жылы бийликке келген Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна, үй-бүлөлүк бизнесине каршы күрөшү 2010-жылы апрель окуясына өсүп жеткен. Ал бир тууганы Жаныш Бакиевди Мамлекеттик күзөт кызматынын башчылыгына дайындаса, уулу Максим Бакиев Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттигине (ЦАРИИ) жетекчи болуп барган. Бул мекеме иш жүзүндө Кыргызстандын финансы-экономикалык тармагын башкарууну колго алган. Оппозиция Максим Бакиев өзүнүн кыргызстандык жана чет элдик шериктери менен биргелешип бир нече миллиондогон доллардык бюджеттик акчаны мыйзамсыз которуп алып, өз кызыкчылыгында тегереткен деп айыптаган. Стратегиялык объекттер сатыкка коюлуп, электр энергиясына баа кымбаттаган.

Курманбек Бакиевдин башкаруусу тушунда 30дан ашык жалданма киши өлтүрүү катталганы айтылып келе жатат. Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев, Руслан Шаботоев, Геннадий Павлюк, Медет Садыркулов, Сергей Слепченко сыяктуу адамдар түшүнүксүз жагдайда жана киши колдуу болуп каза тапкан. Мындан тышкары, Курманбек Бакиевдин бийлигинин убагында журналисттер ур-токмокко алынып, өлтүрүлүп, кээси куугунтукталган. Бир катар эркин маалыматтары жабылган.

Садыр Жапаров: Апрель ыңкылабы демократияга жол ачкан

Кыргызстандын 30 жылдык эгемендик тарыхында үч жолу күч менен бийлик алмашты. Эки президент мекенинен куулуп, чет мамлекеттен башпаанек тапса, Апрель окуясынан кийин бийликке келген Алмазбек Атамбаев абакта.

Атамбаевдин “мураскери” саналган Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүгө аргасыз болду.

Апрель окуясында курман болгондорду президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү да «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде эскеришти. Иш-чарага саясий көз караштарына карабастан экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков катышты.

Жапаров Апрель ыңкылабына байланыштуу кайрылуусунда бул окуя демократияга жол ачканын белгиледи.

“2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстан калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды. Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду. Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү демократиялык жолдун тандалып алынышы болду. Бул элдик революциянын дагы бир сабагы: мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө”, - деп айтылат кайрылууда.

2010-жылдагы Апрель окуясы учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин командасында саналган Садыр Жапаров былтыр октябрдагы элдик толкундоонун шары менен абактан чыгып бийликке келди. Жапаров 2010-жылга чейин Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте комиссар болуп турган.

Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата-Журт” партиясы 2010-жылы Убактылуу өкмөткө оппозицияда болгон жана парламенттик шайлоодо эң алдыга чыккан. Бирок Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Жапаров эки ирет камалып, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган 3 жыл аралыгында да абактан чыккан эмес.

"Ыңкылапчылардын" жетишкендиги жана катачылыгы

2010-жылы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт түзүлүп, Роза Отунбаеваны анын төрайымы катары дайындалганы белгилүү.

Убактылуу өкмөт бийликтин бир колго топтолушуна каршы чыгып, кландык-үй-бүлөлүк башкарууну токтотуу максатында парламенттик демократияны тандаган. Бирок, Садыр Жапаровдун президенттик башкарууга өтүү сунушун былтыркы референдумда элдин 80 пайызы кубаттады. Ага ылайык 11-апрелде президенттин ыйгарым-укуктарын күчөткөн Конституциянын жаңы долбоору элдик референдумга коюлуп жатат.

Элдин президенттик башкарууну колдоп жатышы 2010-жылдан кийин келген "ыңкылапчылардын" парламенттик башкаруу багытындагы реформаны толук ишке ашырбай койгону менен байланыштырылып жатат.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев 11 жылдан соң Убактылуу өкмөттүн ишине, андан кийинки окуяларга мындайча баасын берди:

“Эл көтөрүлүп, эл өзүнүн каармандыгын көрсөттү. Ошол учурда келген Убактылуу өкмөт менен доор тандалды. Алардын кемчиликтери да болду. Андан бери революциянын эйфориясы, эмоциясы да кетти. Реалдуу бааласак бөлөк өлкөлөргө салыштырмалуу ошол кырдаалдан Убактылуу өкмөт азыраак кесепет менен алып чыкты. Андан кийин шайлоо өтүп президент келди, өкмөт жаңыланды. Алгачкы жылдары элдин тынчсызданган маселелерин чечүү аракеттери болду. Бирок 2-3 жыл өтпөй баягы эле маселелер күн тартибине чыкты, баягы эле коррупция, баягы эле Кумтөр, оппозицияны куугунтуктоо. Андагы бийлик биометриканы киргизип, таза шайлоо маселесин гана чечип берди”.

"Апрелдин" жарааты айыга элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00

Ыңкылаптын 11 жылдыгына карата Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү курман болгондорду эскерип, куран окушту. Маселен, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, мурдагы президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде апрель окуясында курман болгондорду гүл коюп, ар бири өз-өзүнчө эскеришти. Ал эми Өмүрбек Текебаев баштаган «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрү Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду. Ал эскерүү сөзүндө “максаттар толук ишке ашкан жок, бирок, ал максаттар улуу, ал максаттар эч качан эскирбейт” деди.

"Партиялаштарымдын алдында, курман болгон баатырларды эскерип, таазим кылып отуруп, максаттар үчүн күрөш улана берерин жарыялайм. "Ата-Мекен" партиясы биз өзүбүздү азыркы бийликтин идеологиялык-моралдык, саясий альтернативасыбыз деп эсептейбиз", - деди Текебаев.

Роза Отунбаевадан кийин президент болуп Кыргызстанды 6 жыл башкарган Алмазбек Атамбаев азыр камакта. Ал бул датага байланыштуу билдирүү жасаган жок, анын тарапташтары 2010-жылы Апрель окуясы башталган 7-апрель (мурдагы Алматы) көчөсүндөгү “Форум” ишканасынын имаратынын алдына чогулушту.

Ал эми Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов “Ата-Бейитте” журналисттерге буларды айтты:

“Айрым аткаминерлерге, айкырык салып жаткандарга ачык айтып коёюн: тарыхты өзгөртө албайсыңар. Шейит кеткен азаматтардын арбагы ыраазы болмоюнча силер да ыраазы болбойсуңар. Расул Гамзатовдун айткан сөзү бар: "Ким тарыхты тапанча менен атса, келечек аны замбирек менен атат" деген. Бул бизге сабак болушу керек. Бул келечекке багыт болушу керек. Эгер мындан башка саясат боло турган болсо, анын аягы жакшылык менен бүтпөйт.”

Кандуу окуянын сот иштери

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. 90дой адам кайтыш болуп, миңдей киши жаракат алган кылмыш боюнча соттук жараян бир нече жылга созулган. Жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылып, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Сот өкүмү чыккандардын ичинде Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген. Темирбаев 2020-жылы октябрда шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Суталинов: Элимден кечирим сурайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:08 0:00

Ушул тапта Апрель окуялары боюнча айыпталган Дунганов гана түрмөдө жазасын өтөп жатат. Калгандары ар кандай жагдайда бошотулду. Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди Жогорку сот 2020-жылы толук актаган.

Булардан тышкары далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан. Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракетинен ушул кезге чейин майнап чыкпай келет.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG