Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Апрель окуяларынын аткарылбаган мүдөөсү


Өкмөт үйү. Бишкек шаары. 2010жылдын 7-апрели.
Өкмөт үйү. Бишкек шаары. 2010жылдын 7-апрели.

Кыргызстанда 2010-жылы 90дой адамдын өмүрүн алган Апрель окуясынын 11 жылдыгы белгиленүүдө. Бийликке келгендер тарыхтан сабак алып жатабы?

Кыргызстанды башкарган Аскар Акаев 2005-жылы, Курманбек Бакиев болсо 2010-жылы элдик толкундоодо чет мамлекетке кетүүгө аргасыз болушкан. 11 жыл мурдагы Апрель окуясынан кийин бийликке келген төрт президенттин экөө: Алмазбек Атамбаев камалып, Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти.

Максат - Бакиевдин бийлигин кулатуу. БЭКтин аракеттери

Курманбек Бакиевди президенттиктен кетирип, убактылуу өкмөт түзүү, жаңы Конституцияны кабыл алуу жана анын негизинде бийлик бутактарын түзүү максатында 2008-жылы 25-декабрда Бириккен элдик кыймыл (БЭК) деп аталган оппозициялык блок түзүлгөн. Ага 4 кыймыл, 7 саясий партияны жетектеген саясатчылар кирген.

БЭК мамлекеттик маанилүү-стратегиялык объекттерди элдин менчигинде алып калуу менен президент Курманбек Бакиев баш болгон кландык, үй-бүлөлүк бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүү максатын түзүлгөн күнү эле жарыя кылган.

БЭКтин бир мүчөсү - ошол кездеги Элдик революциялык кыймылдын Улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаров Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусун кулатуу мезгилдин да, элдин да талабы болгон деп эскерди:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

"Курманбек Бакиевдин башкаруу системасы каршы пикир айткандарды куугунтуктап, түрмөгө камап, атүгүл көзүн тазалоо менен уланган. Канча журналист сабалды, кээси өлтүрүлдү! Мына ушунун баары элдин кыжырын кайнатып, чыдамына чекит койгон".

Апрель окуясынын алдында Нарынга барган Азимбек Бекназаровду жергиликтүү тургундар үйүнө жашырып калышканын кыймылдын облустагы координатору Эркин Асаналиев эскерди:

"Азимбек Бекназаров менен Алмамбет Шыкмаматов 5-апрель күнү Нарынга барышкан. Митинг 7-апрелде болмок, мен Кочкорго чакыруу таратканы барган жеримден Коопсуздук кызматы менен милиция кызматкерлери кармап, мага "бийликти күч менен басып алууга аракеттенди" деп кылмыш ишин козгошкон. Бирок 6-апрель күнү кечинде Таласта катуу болуп кеткенде мени бошотуп жиберишкен. Бекназаров менен Шыкмаматовду да кармашмак, балким атып салышмак, анткени кырдаал өтө курч болуп турган".

БЭК кыймылы активдүү ишке киришкен. Жер-жерлерде өткөн нааразылык акцияларында Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасына сын арбын айтылып, бийликтен кетүүсү талап кылына баштаган.

Туңгуч президент, 2005-жылы март окуясында бийликтен жана өлкөдөн куулган Аскар Акаевдин каталарын кайталабайм деген ант менен тактыга отурган Курманбек Бакиев мамлекет башчылыкка эки жолу шайланган. Анын бийлиги учурунда Бакиевдин номур биринчи оппоненти катары саналган Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге каршы жасалган “матрешкагейт” иши, эркин журналист Геннадий Павлюктун, президенттик администрациянын мурдагы башчысы, “Ак жол” партиясын уюштуруучу, кийин Бакиевдерге каршы күрөшкө аттанган Медет Садыркуловдун, Эл аралык стратегиялык институттун директору Сергей Слепченконун өлтүрүлүшү сыяктуу иштер орун алган.


Коомчулукта Бакиевдин бийлигинин тушунда киши өлтүрүүлөр кадыресе көрүнүшкө айланганы, киши колдуу болуп өлгөндөрдүн арасында депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, Тынчтыкбек Акматбаев, каскадер Үсөн Кудайбергенов, спортчу Раатбек Санатбаев, кылмыш чөйрөсүнүн төбөлү Рысбек Акматбаев болгону ушул күнгө чейин айтылып келет.

2009-жылы мартта “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери, БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкулов камакка алынган. Көп өтпөй, кыймылдын Улуттук кеңешинин дагы бир мүчөсү, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков "кызматынан аша чаап пайдаланды" деген айып менен соттолуп, камалган. БЭК бул камоолорду саясий куугунтук деп баалаган.

Курултай - апрель окуясына жол

2010-жылы 17-мартта БЭК кыймылы Бишкектеги "Медиа Форум" комплексинде Элдик курултай өткөргөн. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, Баш мыйзамдын өзгөртүлүшү, стратегиялык мааниси бар мамлекеттик ишканалардын менчиктештирилиши жана отун-суунун кескин кымбатташы сынга алынган.

Курултай өлкөнүн башка аймактарында да уланып, 6-7-апрелде Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарында да эл облустук администрациялардын алдына митингге чыккан. Курултайга БЭКке мүчө болуп кирген саясий кыймылдар менен оппозициялык партиялардын лидерлери өкүл болуп барышкан.

Таласка оппозициялык саясатчы, маркум Болот Шер барган. Аны менен кошо Таластагы митингди чагылдыруу үчүн Бишкектен барган журналист, ал кезде "Азаттыктын" кабарчысы болуп жүргөн Жанарбек Акаев элдик нааразылык революцияга айланып кетээрин ойлобогонун айтты:

Таластагы митингди чагылдырган журналисттер. 6-апрель, 2010-жыл. (Жанарбек Акаев оңдон экинчи)
Таластагы митингди чагылдырган журналисттер. 6-апрель, 2010-жыл. (Жанарбек Акаев оңдон экинчи)

"2010-жылы 5-апрелде редакциянын тапшырмасы менен маркум Болот Шер менен бирге Таласка митингди чагылдыруу максатында бир нече журналист барганбыз. Жергиликтүү бийлик митинг уюштуруп, бийликке нааразылыгын билдирип келген элге каршы күч колдонуп, жаш агызчу газ менен уулап, каршы алганы - бийликке нааразылыкты күчөтүп, алыскы айылдардан да адамдардын агылып келишине шарт түздү. Бакиевдин бийлигине нааразылык чаралары ошентип, Таластан башталган".

Оппозициялык блок - БЭК Бишкектеги курултайында жер-жерлерге координаторлорун бекиткен. Кыймылдын Талас облусундагы координатору Койсун Курманалиева:

"Биз 6-апрель күнү бийликти алуу максатында чогулган эмеспиз. Биз үй-бүлөлүк, кландык башкаруу болбосун, бул система жарабайт деген максатта элдин кымбаттоого, куугунтуктоого каршы элдин нааразы пикирин бийликке жеткирүүнү көздөгөнбүз. Анткени, сиздер жакшы билесиздер, Бакиевдер электр энергиясына бааны кескин көтөрүп, айрым бийликке ачык каяша кылган адамдарды куугунтуктап, айрымдарын өлтүрө баштаган. 6-апрелде эл ушуга каршы чогулмак".

Таластагы облустук администрациянын алдына чогулган эл. 6-апрель, 2010-жыл.
Таластагы облустук администрациянын алдына чогулган эл. 6-апрель, 2010-жыл.

6-апрелде Таласта митинг башталбай жатып, оппозициянын өкүлү Болот Шер камакка алынган. Бул нааразылыктын күч алып, алыскы айылдардан элдин, ал эми Бишкектен ички иштер министри Молдомуса Конгантиев баштаган милиция, атайын даярдыктагы күчтөрдүн Талас шаарына агылышына негиз берген.

6-апрель күнү кечке жуук бир нече вертолет менен Бишкектен Таласка ошол убактагы вице-премьер-министрлер Искендер Айдаралиев менен Акылбек Жапаров атайын даярдыктан өткөн кызматкерлердин коштоосунда барышкан. Алар ошол убакта эки тизгин, бир чылбыр колуна өтүп калган Максим Бакиевдин тапшырмасы менен жиберилген деген маалыматтар болгон.

Бардык аймактарда бийлик курултай өткөрүүгө тоскоолдук кылып, кыймылдын жер-жерлердеги өкүлдөрү сабалган. Элдик курултайды өткөрүү комитетинин Нарындагы мүчөсү Эркин Асаналиев кармалып, Оштогу өкүлү Абдыкайым Кангелдиев сабалган.

6-апрель күнү кечинде оппозиционерлер камакка алынган. Таласта Болот Шер, Бишкекте Алмазбек Атамбаев, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана башка оппозиционерлер камакка алынган. 7-апрель күнү эртең менен Москвадан келаткан Темир Сариев да суракка чакырылган.

7-апрель күнү Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында бирдей нааразылык митингдери уюштурулуп, Бишкекте камакка алынган оппозиционерлерди бошотуу талабы менен эл аянтка чогулган. Таласта да Болот Шерди бошотуу талабы менен эл облустук администрациянын алдына келген.

Элге ок аткан бийлик качып кутулган

Бишкекте жана аймактардагы элдин чогулганын ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов "бир ууч чагымчылардын бийликти басып алуу аракети" деп сыпаттаган. Курманбек Бакиевдин бийлиги аянтта элге каршы ок атып, 87 адам окко учкан. Жүздөн ашууну жаракат алган. Милиция менен митингчилер кагышып, Бишкектеги ооруканаларга октон жабыркаган адамдар менен токмоктолгон милиционерлер толгон.

Апрель баатыры: Ок баары бир түбүңө жетет экен
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:27 0:00

Таласта вице-премьер-министрлер Искендер Айдаралиев менен Акылбек Жапаров качып кутулушкан. Бишкектен жети автобуска салып барган милиция кызматкерлерин алып кетүү үчүн коридор сурап, жансоогалаганына карабай, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев катуу сабалган.

Жаалданган эл Ак үйгө кирип барган. Президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен туулган жери Жалал-Абад облусуна качканы, бийликтин башка мүчөлөрү да из жашырып кетишкени маалым болгон. Камакка алынган оппозиционерлер толук бошотулуп, Бириккен элдик кыймылы өлкөдөгү бийликти жана жоопкерчиликти колуна алган. Көп өтпөй Убактылуу өкмөт түзүлүп, аны Роза Отунбаева жетектеген.

Ок атуу боюнча айыпталгандардын жазасы

Өкмөт үйүнүн алдында. Бишкек шаары. 7-апрель, 2010-жыл.
Өкмөт үйүнүн алдында. Бишкек шаары. 7-апрель, 2010-жыл.

Апрель окуясы боюнча соттук жараян бир нече жылга созулган. Жыйынтыгында Курманбек Бакиев 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылып, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан. Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракетинен ушул кезге чейин майнап чыкпай келет.

АКШ менен Кыргызстан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол койгон. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттын суммасы 250-300 млн. долларга тете экенин «Азаттыктагы» маегинде билдирген.

2010-жылдагы кандуу апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Сот өкүмү чыккандардын ичинде Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген. Темирбаев 2020-жылы октябрда шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Ушул тапта Апрель окуялары боюнча айыпталган Дунганов гана түрмөдө жазасын өтөп жатат. Калгандары ар кандай жагдайда бошотулду. Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди Жогорку сот 2020-жылы толук актаган.

Апрель окуясы боюнча айыпталып, 10 жылга соттолгон президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев кырдаал бузулуп турганы 2009-жылы эле байкалганын "Азаттыкка" курган маегинде айтканы бар:

Каныбек Жороев президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси.
Каныбек Жороев президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси.

"Кырдаал оор экени ачык-айкын эле болчу. Жыл аягында, февралда деле кырдаал курчуп жатканы, аны чечүү үчүн иш-аракеттер деле көрүлгөн. Тилекке каршы, алар ишке ашкан жок. Бийлик да ыкчам аракеттер менен кырдаалды калыбына келтирүүгө аракет жасап, алар ишке ашкан жок. Президент өзү деле атайын кызматтар, жер-жерлердеги жетекчилер аркылуу маалымат алып турган. Бирок, маалыматты бурмалап жеткирүү аракеттери да болгондур. Талдоо жетишсиз болгондур, балким. Баанын көтөрүлүшү, элдин нааразылыгы тууралуу биз да айтып жатканбыз. Бирок, 7-апрель күнү эл аянтка чогулганда эле келишпес маанай сезилген. Мен муну Данияр Үсөнов менен бирге эл менен сүйлөшүүлөр максатында 1-кабатка түшкөн кезимде байкагам".

Убактылуу өкмөт

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Апрель окуясында жаракат алгандардан кабар алып жаткан учуру. 2010-жылдын 9-апрели. Бишкек шаары.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Апрель окуясында жаракат алгандардан кабар алып жаткан учуру. 2010-жылдын 9-апрели. Бишкек шаары.

Бириккен элдик кыймыл 7-апрелде биринчи декрет менен Убактылуу өкмөт түзүп, Роза Отунбаеваны анын төрайымы катары дайындаган. Убактылуу өкмөттүн төрайымынын 1-орун басары болуп Алмазбек Атамбаев дайындалып, жалпы экономика жагына жооптуу болгон. Сот, прокуратура боюнча орун басарлыгына Азимбек Бекназаров, Конституциялык реформа, мыйзамдар боюнча Өмүрбек Текебаев, каржы жана насыя тарабына Темир Сариев дайындалган.

Исмаил Исаков коргоо министринин милдетин аткаруучу, Болот Шер ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Эмилбек Каптагаев убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы болгон. Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун, Бектур Асанов Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучулукка аттанган.

Убактылуу өкмөттүн 7-апрелдеги буйругуна ылайык Дүйшөн Чотонов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, Мирбек Асанакунов Ысык-Көл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу, Сагынбек Абдырахманов Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Убактылуу өкмөттүн 7-апрелдеги буйругу менен Алмаз Акматалиев Нарын облусунун, Мамасадык Бакиров Ош облусунун, Бейшенбек Болотбеков Талас облусунун, Кыдыкбек Исаев Ысык-Көл облусунун, Болоткан Кумаров Чүй облусунун, Кошбай Масиров Жалал-Абад облусунун губернатору кызматынан, Нариман Түлеев Бишкек шаар башчылыганан бошотулган.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева, орун басарлары Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана коргоо министри Исмаил Исаков. 2010-жылдын 8-апрели.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева, орун басарлары Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана коргоо министри Исмаил Исаков. 2010-жылдын 8-апрели.

Айрым жетекчилерди дайындоодо Убактылуу өкмөт мүчөлөрүндө пикир келишпестик чыккан. 8-апрелде Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев Бажы кызматынын жетекчиси кылып Дмитрий Феодоровду дайындаган. 9-апрелде болсо өкмөттүн дагы бир өкүлү Азимбек Бекназаров барып, бул кызматка Эрнис Акматовду отургузган. 12-апрелде убактылуу өкмөт башчынын 1-орун басары Алмазбек Атамбаев Бажы кызматына жетекчиликке Кубаныч Кулматовду койгон.

Дээрлик бардык райондордо акимдер алмашкан. Айрым райондордо бир күндө бир нече жетекчи алмашып, бул Убактылуу өкмөткө нааразылык жараткан.

Убактылуу өкмөттүн 19-майдагы кезектеги декрети менен Роза Отунбаева 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл президент болуп дайындалган. Бул дайындоо Баш мыйзамды кабыл алган 27-июндагы референдум аркылуу бекемделген.

Роза Отунбаева. Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти. Октябрь, 2010-жыл.
Роза Отунбаева. Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти. Октябрь, 2010-жыл.

Көпчүлүк эксперттер Роза Отунбаева өткөөл президент кезинде кайсы бир саясий партияларды сүрөбөй, жеке кызыкчылыктарга, саясий интригаларга жол бербей, мамлекет башчысы катары калыс, адилет иштегенин белгилешет.

Отунбаева бийликти президенттик шайлоодо жеңип чыккан Алмазбек Атамбаевге 2011-жылы 1-декабрда расмий эрежелерге ылайык өткөрүп берген. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы тынч жол менен бийлик алмашуу болгон.

Ыңкылаптан алынбаган сабактар

Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашкан Март, Апрель окуялары башкаруу системасына өзгөртүү киргизе албаганы 2020-жылы октябрь окуялары учурунда маалым болду. Буга чейинки бийликте турган президенттер үй-бүлөлүк, кландык жана бир ууч топтун башкаруусунан чыга албай, бийликтен куулуп же камакка алынган болсо, былтыр октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы тандамал күрөшү, парламенттик шайлоону бурмалоого жол бергени үчүн бийликтен кулаганы айтылып жүрөт.

Бийлик алмашууга алып келген бардык саясий окуялар - ыңкылап, төңкөрүштөрдүн артында эл менен эсептешүү болбогону, элдин мүдөөсүн, талабын укпай, өзүм билемдик кылуу аракети турат. Мындай пикирин коомдук ишмер, саясатчы Абдыганы Эркебаев "Азаттык" менен бөлүштү:

Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев

"Бийлик элдин ишеничине кире тургандай ырааттуу иштерди алып барышы керек. Сөзүндө бирди айтып, иши башкача болсо, элдин мүдөөсүн унутуп, эл менен эсептешпей, каалаганын жасачу болсо, ыңкылаптар менен төңкөрүштөр токтобойт".

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров мамлекеттик башкарууну колуна алары менен Баш мыйзамды өзгөртөөрүн билдирди. 2020-жылдын 17-ноябрында парламент сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору жана референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору жарыяланып, демилгечи катары 80 депутаттын аты-жөнү жазылган.

20-ноябрда ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов долбоорду талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешме түзгөн. Кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазып чыгып, 2-февралда кайра Жогорку Кеңешке жиберген. Ал парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган. Көп өтпөй Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун кыска убакытта, үч окууда карап, колдоп берген. Айрым депутаттар долбоордун авторлорунун катарынан ачык пикирин айтып чыгып кетишти.

Венеция комиссиясынын сыны, Бишкектин жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:08 0:00

Эми президент Жапаровдун жарлыгына ылайык 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум болот.

Кыска аралыкта сунушталып, талкууланган Конституциянын жаңы долбоорун айрым саясатчылар менен бирге эле эл аралык Венеция комиссиясы да сынга алды. Уюмдун документинде жаңы сунушталып жаткан Баш мыйзамда каралган президенттин, өкмөт башчынын жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына анализ берилип, айрым жоболор бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна шек келтире турганы жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы журналист Жанарбек Акаев азыркы бийликке деле элдин үмүтү жоктугун айтты:

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

"Азыркы бийликтин ишине ыраазы болбой, үмүтү өчүп, сыртка кетүүнү көздөгөндөр көбөйдү. Акаевдин куулганынан Бакиев, Бакиевден Атамбаев, андан Жээнбеков сабак албаптыр. Бири да сабак албаптыр. Октябрь окуялары учурунда абакта отурган Садыр Жапаровдун бийлиги да элдин турмушун оңдоп, экономикалык өсүш жасап, туура кадр тандап, өлкөнү өнүктүрүүнүн ордуна тескерисинче келген күндөн тартып саясий өч алууну башкы орунга коюп жатышат. Баш мыйзамды өзгөртүүгө киришти. Саясий оппоненттерди камап, сындагандар менен күрөшүүдөн жашоо оңолбойт. Жапаров түрмөдө жатты, азапты тартты, эми ушул адам туура саясат жүргүзөт, адилеттүү бийлик орнотот деп ишенгенбиз. Бирок 6 айдан берки дымагын көрүп, элдин ындыны өчүп турат. Ошондуктан, учурдун талылуу маселеси - президенттер алмашканы менен, соттор, күч органдары, социалдык абал өзгөргөн жок. Ушундан улам элибизде жалпы мамлекеттик бийликке, жетекчилерге ишеним кетти. Бул жол менен кете берсек өлкөбүз диний чакырыктарды жасаган лидерлерди ээрчип кетүү тенденциясы байкалып турат".

2019-жылы 5-апрелде ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков элдик апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон эле. Бирок Апрель окуясынын 10 жылдыгы былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу белгиленген жок.

Эми Апрель окуясынын Элдик революция деген аталышы мындан ары сакталабы - ал азырынча -белгисиз. Себеби Октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2010-жылы болгон айрым окуяларды кайра иликтөөнү көздөөдө. 3-апрель күнү президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 2010-жылы болгон июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү тапшырды.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG