Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Болот Шердин саясий жолу сүрөттөрдө

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер жарык дүйнө менен кош айтышканы тууралуу бир тууганы, парламенттин депутаты Садык Шер “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Садык Шер “Баатырыбыз да, асылыбыз да Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11де өтөт” деп кабарлады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер жарык дүйнө менен кош айтышканы тууралуу бир тууганы, парламенттин депутаты Садык Шер “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Садык Шер “Баатырыбыз да, асылыбыз да Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11де өтөт” деп кабарлады.

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 1959-жылы Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында туулган.

2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. 2005-жылы парламенттин вице-спикеринин кызматын аткарган.

“Көк бөрү” федерациясын түптөөчүлөрдүн бири, 2001-жылдан тартып бир нече жыл бою аталган федерациянын баш катчысы болуп турган.

Бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Кыргызстанды мурдагы президенттери Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимдерин кескин сындап, саясий оппозицияда жүргөн.


XS
SM
MD
LG