Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Текебаев: Апрель окуясынын максаттары үчүн күрөш уланат


Өмүрбек Текебаев. 2021-жыл, 7-апрель.
Өмүрбек Текебаев. 2021-жыл, 7-апрель.

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдин максаттарынын көпчүлүгү ишке ашпай калганын айтып, ал үчүн күрөш уланат, деп билдирди. Бул тууралуу Текебаев партиялаштары менен Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл коюп жатып айтты.

«Партиялаштарымдын алдында, курман болгон баатырларды эскерип, таазим кылып отуруп, максаттар үчүн күрөш улана берерин жарыялайм. «Ата-Мекен» партиясы биз өзүбүздү азыркы бийликтин идеологиялык-моралдык, саясий альтернативасыбыз деп эсептейбиз», - деди Текебаев.

Текебаев 7-апрелде элдик бийлик орнотуу максаты болгонун кошумчалады.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары, саясатчы Өмүрбек Текебаев 2010-жылы 7-апрелден кийин Конституцияны жазуу процессинин башында турган.

Бүгүн Апрель окуяларынын 11 жылдыгына карата Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү аянтта курман болгондорду эскерип, куран окутууда. Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, мурдагы президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондорду гүл коюп, ар бири өз-өзүнчө эскеришти.

Президент Садыр Жапаров "Ата-Бейиттеги" мемориалдык дубалга жана Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду. Эскерүүгө экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков катышты.

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя маалында 87 киши набыт болгон. Кийин жаракат алгандар арасында каза болгондордун саны артып, жалпысынан 100дөн ашуун адам жарыкчылык менен кош айтышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG