Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Экс-депутат Токтогул Туманов пневмониядан көз жумду


Токтогул Туманов.
Токтогул Туманов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов 6-апрелде 55 жашында пневмониядан каза болду. Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиевдин билдиришинче, Туманов оор абалда 1-апрелде ооруканга түшкөн. Дарыгердин айтымында, бейтап ага чейин коронавируска кабылып, он күндөй үйүндө дарыланган.

Туманов 2010-жылы Социал-демократтар партиясынан тизмеси менен парламентке келген,, Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетин жетектеген. Андан кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу "Мүлк" мамлекеттик ишканасын башкарган.

Маркум Жалал-Абал облусунун Токтогул районунда туулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG