Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Бишкекте уурдалган кыз табыла элек


Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт.
Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт.

Мындан эки күн мурда, 5-апрелде Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган кыздын дайын-дареги чыга элек. Учурда кызды ала качкан болушу ыктымал деген адамдарды аныктап, кармоо жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардагы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Милициянын кабарлашынча, дүйшөмбүдө таңкы саат 7:30 чамасында Бишкек шаардык милициясынын 102 кызматына Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар кызды уурдап кеткени жөнүндө маалымат түшкөн.

Тергөө материалдарына ылайык, 27 жаштагы кызды үч киши "Хонда" үлгүсүндөгү автоунаага салып, белгисиз тарапка кеткен. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175 – беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) менен катталып, иликтөө жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тасма кызуу талкуу жаратты. (TSh)

XS
SM
MD
LG