Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Токтогазиев: Бийлик Конституцияны өзгөртпөй, экономика менен алектениши керек


Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

Мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри, былтыркы октябрь окуяларынын катышуучусу Тилек Токтогазиев жаңы бийликтин реформа кылуу мүмкүнчүлүгү жокко чыкканын айтты. Ал 7-апрелде «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» берүүсүндө сүйлөп жатып кайра эле эски система иштеп жатканын сынга алды.

«Бийлик конституциялык реформа жасабай экономика менен алектенип инвестиция тартып келиш керек болчу. Андан тышкары күчтүү кадрларды кызматка алып келбесек Кыргызстанды туңгуюктан чыгарыш оор болот».

Тилек Токтогазиев былтыр парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан. Ал шайлоодон кийинки саясий иш-чаралардын чордонунда жүрдү. Садыр Жапаров премьер-министр болуп дайындалгандан кийин Айыл чарба министрлигин октябрь айынын аягынан 2021-жылдын февраль айынын башына чейин жетектеп турду.

Кыргызстанда 11-апрелде президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. Ушул эле күнү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо да өтөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG