Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

Түркияда кыргызстандыктар да эмделе баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

83 миллион адам жашаган Түркияда 17 миллиондон ашык адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Жыл башынан бери атайын түзүлгөн тизмеге ылайык алгач мугалимдер, полиция кызматкерлери жана дарыгерлер чукул эмделген. Бул апта 60-65 жаштагы адамдар эмделе баштады.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы эки айдын ичинде өлкөдө 17 миллиондон ашык адам коронавируска каршы акысыз эмделгенин билдирди. Кытайлык "CoronaVac" вакцинасынын алгачкы үч миллион дозасы Түркияга былтыр 30-декабрда жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлиги бир миллиондон ашуун дарыгер чукул эмделгенин кабарлаган.

Ал эми Түркиядагы Желал Баяр университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө кытайлык "CoronaVac" вакцинасы менен эмделген 1053 медициналык кызматкердин 97 пайызында коронавируска каршы күчтүү иммунитет пайда болгону аныкталган.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түрк бийлиги 24-марттан баштап өлкөгө 1 миллион 400 миң доза "Pfizer-BioNTech" вакцинасы келгенин айткан.

Түркияда коронавируска каршы эмдөө төрт этап менен өтүп жатат. Алгач полиция кызматкерлери, мугалимдер, дарыгерлер жана 65 жаштан жогорку курактагылар эмделген. Ал эми 1-апрелден тартып 60-65 жаштагылар эмделе баштады. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар.

51 жаштагы Нурайым беш жылдан бери Түркиянын Анталия шаарында иштейт. Жүрөгү ооругандыктан мамлекеттик ооруканада атайын тизмеде турат. Кыргызстандык Нурайым жыл башында коронавируска каршы эмделгенин айтты.

"Ден соолугума байланыштуу мен Анталияда иштеп да, дарыланып да жүрөм. Жүрөгүм ооруйт, андыктан дарыгерлердин сунушу менен коронавируска каршы "SinoVac" вакцинасын сайдырдым. Түркияга вакцина келе баштаганда эле мага ооруканадан чалып чакырышкан, өз каалоом менен эле бардым. Учурда абалым жакшы".

Анталия шаарында учурда 60 жаштан жогорку курактагы 103 миңден ашык чет өлкөлүк катталган. Алар туруктуу жашоого уруксаты бар же эмгек визасы менен иштеген эмгек мигранттары. Анталия шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин жетекчиси Үнал Хүлүр Түркияда мыйзамдуу жашаган ар бир чет өлкөлүк эмдөө жараяны боюнча вакцина алууга укуктуу экенин белгиледи.

"Анталия аймагында чет өлкөлүктөр жыш жашайт. Жашы келип, коронавирус вакцинасын алам деген ар бир чет өлкөлүк атайын тиркемеге 99 санынан башталган номерин киргизип, эмделе алат. Учурда 65 жаштан жогорку курактагыларга экинчи дозасын да сайып бүтүп калдык. Эми кезек 60 жаштагыларга келди. Жергиликтүүлөрдөн эч айырмасы жок, чет өлкөлүктөр да ооруканалардан кезек алып, акысыз эмдөөдөн өтө алат".

Ал эми 61 жаштагы Уруят Ташматова Анкара шаарында кары аялды карап иштейт. Ага Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинен атайын кабар келип, вакцинация тизмесинде бар экенин айтышкан. 11-апрелде өтө турган референдумда Анкарадагы шайлоо тилкесинде комиссиянын мүчөсү болгондуктан, Уруят Ташматова эми 12-апрелге эмдөө кезегине туруп койгонун айтты.

Уруят Ташматова.
Уруят Ташматова.

"Мен 97 жаштагы энени багам. Ал өзү жана үй-бүлөсүндөгү менден улуулар толугу менен вакцина алышты. Абалдары жакшы. Мага да кезек келди. Эми дүйшөмбүгө тизмеге туруп койдум. Вакцинанын биринчи дозасын сайдырам".

Ошондой эле Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын башчысы Эйүпхан Ватансевер коронавируска каршы вакцинаны дээрлик көпчүлүгү алганын айтты.

"Айыл тургундарынан 65 жаштан жогорку курактагы аксакалдардын баары вакцинанын эки дозасын алышты. Учурда айылда коронавирус менен ооругандар каттала элек. Эми 60 жаштан жогору курактагыларга вакцина келет деп жатат".

Эйүпхан Ватансевер.
Эйүпхан Ватансевер.

Ал арада Миграция департаментинин Түркиядагы өкүлү Айбек Кочкоров кыргызстандык мигранттар арасында эмдөөгө каршы болгондор да бар экенин айтты.

"Пандемиядан улам Түркияда мыйзамсыз жашап жаткан кыргызстандыктар да аз эмес. Алар эмдөө үчүн жашап жаткан аймактын участкалык клиникасына барып кезекке тура алат. Учурда Түркиянын мыйзамдары буга тоскоол болбойт. "Мен барып вакцина ала албайм калдым" деген мекендештер азырынча жок. Ал эми "кезегим келсе дагы эмделбейм" дегендер бар. Бул адамдын өзүнүн каалоосу. Бирок түрк бийлиги калктын 75 пайызын вакцинациядан өткөрөбүз деген максат койгон. Андыктан пандемия учурунда дарыгерлер элди вакцина сайдырууга үндөп жатышат".

2021-жылдын январь айындагы статистикага ылайык Түркияда 1 миллиондон ашык чет өлкөлүк туруктуу жашоого уруксат алган. Алардын канчасы коронавируска каршы вакцина алганы белгисиз.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа майдын аягына чейин Түркияга "Pfizer-BioNTech", "AstraZeneca" жана "Sputnik V" вакциналарынан дагы 105 миллион доза алына турганын кабарлаган.

Түркияда коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу 30-марттан баштап иш күндөрү кечки саат тогуздан таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынган. Ал эми 14-апрелден баштап кафе-ресторандарда тамактанууга жана Орозо айында көп киши чакырып ооз ачырууга тыюу салынган.

Бул өлкөдө коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 6-апрелде Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 32 667 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 3 жарым миллиондон ашып, алардын үч миллионго жакыны айыгып чыкты.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG