Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Айзаданын өлүмү: Ош шаарында дагы митинг башталды


Ош ШИИБнин алдындагы митинг. 8-апрель, 2021-жыл.
Ош ШИИБнин алдындагы митинг. 8-апрель, 2021-жыл.

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн улам Ош шаардык милициясынын имаратынын алдында дагы митинг өтүп жатат. Анда чогулгандар "Зомбулукка каршыбыз!", "Кийинкиси ким?", "Дагы канча факт керек?", "Айзада жашагысы келген" деген жазууларды кармап турушту. Активисттер милициядан адам уурдоого каршы иш-чаралардын күчөтүлүшүн талап кылышты.

Митингде Ош шаардык милициясынын тергөө кызматынын башчысы Ашим Раимбердиев үй-бүлөдөгү зомбулук, кыз ала качуунун кесепеттери боюнча элге түшүндүрүү иштери, тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Мындай нааразылык акциялар 8-апрелде Бишкекте дагы өттү.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйып өлгөнүн билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен күчкө салып уурдап кетишкен.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Премьер-министр Улукбек Марипов каргашалуу окуяны «элдин жалпы кайгысы» деп атап, күнөөлүүлөр адилет жана катаал жазага тартыларын убада кылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG