Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

Навальныйдын омурткасы ооруп, колдору сенейип калганы аныкталды


Орусиядагы оппозия лидери Алексей Навальныйдын эки омурткасынан грыжа табылды. Муну ал жаткан Покровдогу №2 түзөтүү колониясынын дарыгерлери атайын текшерүүдөн өткөргөндөн кийин аныкташты.

Бул тууралуу Навальныйга кирип чыккан адвокаты Ольга Михайлова билдирди. Анын ырасташынча, саясатчынын кыр аркасы менен бутунан башка колдору дагы сенейип ооруп жатат. Ошондой эле дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлгөн. Михайлова Навальный мындай абалына карабастан ачкачылык акциясын улантып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Навальный адвокаттары аркылуу аны менен бир камерада отурган 15 адамдын үчөөнөн кургак учук чыкканын билдирген. Оппозиционер өзү да жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, калтырак басып жатканын жарыялаган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Аньес Калламар Навальныйга ал ишене турган дарыгерди киргизүүнү талап кылып, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылган.

Кремлдин башкы сынчысы Навальный былтыр жайында ууландырылып, Германиядан дарыланып, быйыл январда Берлинден Москвага учуп келгенде камакка алынган.

XS
SM
MD
LG