Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Айзаданын энеси: Тергөөчү "сарсанаа болбогула, той жейсиңер" деп айткан


Айзада Канатбекова. Балыкчы. 8-апрель, 2021-жыл.
Айзада Канатбекова. Балыкчы. 8-апрель, 2021-жыл.

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындары милициянын ишине нааразылык билдиришүүдө.

Маркумдун энеси Назгүл Шакенова "Азаттыкка" 5-апрелде Айзада уурдалгандан кийин саат 13.30 чамасында Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын айтып берди.

Андан кийин Айзада өзү телефон чалып, таежеси менен байланышканын, анын үнүнөн коркуу байкалганын, бирок милиция өз убагында реакция кылып кызды таппаганын билдирди.

"Сиңдиме чалып, "Бакуля эже, мени Ош тарапка алып кетип жаткан. Бирок кайра Кара-Балтага кайтып келе жатабыз" дептир. Андан кийин өзүм сүйлөштүм. "Мама, баары жакшы. Азыр барам" деди. "Аман-эсен келсең болду, башка эч нерсенин кереги жок" дедим. Ошондон кийин телефону өчүп калды. Милицияга, тергөөчү Уларбекке чалдык. Эмне болгонун сурап. Иштеп атабыз деген. Уларбек деген тергөөчү "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар?" деп күлдү".

Маркумдун сөөгү бүгүн, 8-апрелде Балыкчыга коюлат. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Ал 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.


Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө. (NT/AiB)

XS
SM
MD
LG