Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Шектүү Айзаданы мурда эки ирет бычак такап коркутканы белгилүү болду


 Маркум Айзада Канатбекованын сөөгү Балыкчыда коюлду. 8-апрель, 2021-жыл.
Маркум Айзада Канатбекованын сөөгү Балыкчыда коюлду. 8-апрель, 2021-жыл.

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүргөн деп шектелген Замирбек Теңизбаев аны мурда да ала качууга аракеттенгени, бычак такап, коркутуп жүргөнү белгилүү болду.

Бул тууралуу Айзада котормочу-технолог болуп иштеген трикотаж фабрикасынын жетекчиси Жолдош Шаршенов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Айзада Түркиядагы ишканалардын бири менен келишим түзүп, 15-апрелден кийин кетүүгө даярданып жүргөн:

"Айзада алтын кыз эле. Менин оң колум болчу. Мурда да Түркияда иштеп келген. Кайра эле кетем деп, жумушчу виза алган. Билетти эле күтүп жаткан. Мага жанагы досубу же кимиси эки жолу бычак такап коркутканын айткан. Бизде анын курбусу иштейт. Анын күйөөсү тиги балага барып сүйлөшкөн. Ошол бойдон жолобой калган. Аны көрө элек болчумун. Айзада Түркияга ошол бала тынчтык бербегени үчүн кете турганын айтып берген. Күндө эртең менен саат 07.20да аны Медеров-Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен жумушка алып кетчүмүн. Кечигип атса чалып койчу. Ошол күнү келген жок. Чалсам алган жок. Мени башка жумушчулар да күтүп жаткандыктан, кыздарга Айзаданы табууну табыштап кетип калгам", - деди Жолдош Шаршенов.

Маркумдун сөөгү бүгүн Балыкчыда коюлду. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Бир үйдүн жалгыз кызы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Ал 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйып ийгенин билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Милиция Теңизбаев мурда үйлөнүп, эки баласы бар экени тууралуу маалымат текшерилип жатканын билдирди. Ал Орусияда үч жолу кесилгени, акыркы жолу карактоо үчүн 6,5 жыл абакта отуруп чыкканы маалым болду. Анын жакындарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек. (NT/AiB)

XS
SM
MD
LG