Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

Жанар Акаев Айзаданын окуясынан улам ИИМдин шалаакылыгын сындады


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясына милициянын кайдыгерлигин айыптады. Депутат кызды күчтөп унаага салып жаткан учур так, даана түрдө видео тасмага түшүп калган калса дагы милиция ыкчам чара көрбөгөнүн сындады:

"Милиция иштебей жатат. Камералар менен издеп, унаанын багытын аныктап, тез эле тапса болмок. "Коопсуз шаар" айдоочулардан айып пул чогултуу максатында гана иштейби? Бул долбоор эң ириде элдин коопсуздугуна иштеши керек. Бир чабан таап албаса, милиция таба алмак эмес экен да. Кыргызстан жакында дүйнөдөгү эң кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Жетекчилер жооп берсин!".

Бул окуяга байланыштуу 8-апрелдеги отурумга ИИМ жетекчилиги келип, маалымат берүүсүн бир нече депутат талап кылышты.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 36 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Социалдык тармактарда кызды өз убагында издеп таба албаганы үчүн милицины сындап, ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG