Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

Айзаданы өлтүргөн Замирбек Теңизбаев 2019-жылы башка эки кызга кордук көргөзгөн


Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбековага байланыштуу коллаждык сүрөт.
Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбековага байланыштуу коллаждык сүрөт.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн 2 жыл мурда Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 1991-жылы Ош облусунда төрөлгөн Айгүл (ред.-аты өзгөртүлдү) арыз жазып, кайрылган. Ал иш тосмо арыздын негизинде милиция тарабынан жабылган.

Бул тууралуу Айгүл «Азаттыкка» берген эксклюзивдүү интервьюсунда билдирди.

Азыр Айгүл Орусияда эмгек мигранты катары иштеп, жашап жүрөт.

«Мени да муунтуп, "өлтүрөм" деп коркуткан. Анан мен милицияга барып, арыз жазгам. Милиция кызматкерлери карашкан эмес», - деп жазылат анын кайрылуусунда.

Ушундан кийин "Азаттыктын" кабарчылары Айгүл менен байланышып, интервью алып, окуянын чоо-жайын иликтеди.

Азыркы тапта Москвада иштеп жүргөн Айгүл 2019-жылдын май айында Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичирайонундагы квартиралардын бирине курбу кызына барган. Ошол жерден ал күтүлбөгөн жагдайда Замирбек Теңизбаев менен кездешкен жана анын кордугун көргөн.

Замирбек өзүн "Зайнал" деп тааныштырган жана ошол түнү түн бою ага кордук көргөзүп, муунтуп, кол салганын "Азаттыкка" баяндап берди.

«Бул бала менен жеке тааныштыгым жок. Зайнал деп уккам, -деди Айгүл. - Курбу кызымдын үйүнө конокко баргам. Үйдө курбумдун сиңдиси менен отурганбыз. Кечинде курбум кызуу болуп келди. Мен аны жуунтуп жаткырып койдум. Анан эле бирөө анын артынан эшикти такылдатып, үйгө кирүүгө аракет кылды. Мен чочулап каалганы ачпай койгом. Болбой эле эркек киши эшикти жулуп кирип, дароо эле мени муунтту. «Өлтүрөм сени, рожаң противный, 5-этаждан ыргытып жиберем» деп балконго алып чыгып коркутту. Орозо маалы болчу, Бишкекте ШОСтун (ШКУнун) саммити өтүп жаткан. Курбум эч нерсе сезбей уктап жатты. Тиги (Зайнал - Замирбек) анын сиңдисине да асылып, аны да коркута баштады. «Бул эч нерсени түшүнбөйт экен, оорулуу экен» деп өзүмчө жыйынтык чыгарып, алдап-соолаганга аракет кылдым. Мени муунтуп, мойнумдагы алтын чынжырымды үзүп, алтын менен телефондорума чуркап, аракет жасады... Мен араң өзүмө келдим. «Жакшынакай бала экенсиң, эмнеге минтип жатасың? Кайсы жактан болосуң, Алайдан болсоң, жердеш турбайбызбы», деп алдап, аны тиги курбумдун жанына жаткырып койгом. Ошондо саат түнкү 3-4 болчу. Аны менен эки сааттай кармаштык».

Айгүл ошол замат милиция чакырганга аракет кылган, бирок, ал ошол эле маалда «милиция жеткиче өлтүрүп коёт го» деп чочулаган. Эртеси эртең менен милиция чакырган. Бирок, Зайнал-Замирбек кандай себептерден улам бошонуп кетип, татыктуу өз жазасын албай калганын эмдигиче түшүнбөйт. Айгүл сөзүн андан ары минтип улантты:

«"Милицияга чалам" десем ал мени огобетер жинденип муунткан. Жарым сааттай муунтуп, коркутуп, эрмектеп жатты. Мени муунтуп жатканын курбумдун сиңдиси телефонго видеого тартып алыптыр. Анан ал уктаганда, тааныш балага телефондон жаздым. Ал «милицияга арыз жаз» деди дароо. Эртең менен турганда карасам, уктап жатыптыр. Ошол жерден аны сүрөткө тартып алдым да милиция чакырдым. «Бул бир күнү бирөөнү өлтүрүп коёт» деп эле жаттым. Милиция келген. Мен ары жагын түшүнбөйм. Эшиктен качып кеткенби, же аны кармашкан эмеспи, же коё берип коюшканбы - белгисиз. Бишкектин Октябрь РИИБүнө барып арыз жаздым. Соттук-медициналык экспертизадан өттүм. Тергөөчүлөр мени шылдыңдап коюшту. «Сен өзүң себепкерсиң. Бул айып пул төлөп коёт. Кармалса, 1-2 айга эле камалат» деп ар нерсени айтышты. Аябай көңүлкош мамиле кылып коюшту. Абдан ыза болдум. Өзүм шок болуп жүрөм. Моюнумдун баары кызыл ала так болгон. Ошондон кийин бир-эки айдын ичинде эле Москвага кетип калдым».

Айгүл Айзада Канатбекова өзүнө жана курбу кызына окшоп Замирбек Теңизбаевден кордук көрүп, качып жүрүп, акыры анын курмандыгы болду деген терең ишенимде:

«Азыр «кызды (Айзаданы) ала качкан, экөө сүйлөшүп жүргөн экен», - деп кеп чыгарып жатышпайбы. Андай эмес! «Зайнал-Замирбек оорулуу адам болчу», - дейт маектешибиз.

Айгүл ошондой эле ошол 2019-жылдын майында эле Замирбек Теңизбаевдин коркунучтуу адам экендигин милиция кызматкерлерине жандалбастап айтып, аларга эскерткенин эскерет:

«Тергөөчүлөргө айткам - «Бул оорулуу адам, карагыла муну, издеп тапкыла! Бүгүн мени муунтса, эртен бирөөнү өлтүрөт! Силер адам өлгөндө карайсыңарбы?» десем, милиционерлер «Сени өлтүргөн жок да» деп кайра шылдыңдап жатышпайбы... Ошондо «Силер карабасаңар, бул бир күнү бирөөнү өлтүрүп коёт» дегем… Кийин ошол 2019-жылы мен Москвада жүргөндө курбум чалды - «Тергөөчүлөр чалып жатышат. Эмне кылайын? Мен азыр жолдошум менен элдешип жатам, үй-бүлөмдө көйгөй чыкпасын» деп калды. Мен «Эгер кааласаң, тосмо арыз жаз» деп уруксат бердим. Эгерде, архивдерди чукуп чыкса бул маалыматтардын баары (милицияда) бар. Бирок, тергөөчүлөрдүн аты-жөнү эсимде жок», - деди Айгүл.

Быйыл 5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө алып келген каргашалуу окуядан кийин маектешибиз Айгүл Замирбек Теңизбаевди таанып, Бишкектеги курбусуна байланышып, аны менен сүйлөшкөн:

«Курбум мага эми гана Замирбектин кылык-жоруктарын айтып жатпайбы - «Мени үч жолу зордуктаган. Кудайдан "өлүп калса экен" деп тилечүмүн. Мени коркутчу. Коркконуман сага эч нерсе айткан эмесмин» деп жатпайбы… Зайналдын мурунку аялы – казак, Казакстандан. Эгиз балдары бар экен. Эбак эле ажырашып кеткен экен».

Эки жыл мурда Бишкектин Октябрь райондук милициясына жазылган арыз боюнча иш Айгүлдүн курбу кызынын колу менен жазылган тосмо арыздын негизинде жабылган. Айгүлдүн айтымында буга тергөөчүлөр уруксат беришкен.

Бул тууралуу курбусу Айгүлгө акыркы ирет байланышканда маалымдаган.

«Тосмо арызды сенин атыңдан жазып бергем. Ошол жердеги тергөөчүлөр «досуңуз жок болсо, анын атынан деле жазып коё берсеңиз болот» дегенин курбум айтып берди», - дейт Айгүл.

Ушул интервьюдан кийин "Азаттыктын" Кыргызстандагы бюросунун кызматкерлери Бишкектин Октябрь райондук милициясына 2019-жылдын май айындагы окуя боюнча кайрылышты.

Айгүлдүн атынан "Зайнал" аттуу адамдын үстүнөн жазылган арыз, анын негизинде Замирбек Теңизбаевди суракка алуу протоколу, кийин тосмо арыздын негизинде иштин жабылганы тастыкталды.

Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Айбарчын Батырбекова "Азаттыкка" берген интервьюсунда мындай деп маалымат берди:

Айбарчын Бактыбекова.
Айбарчын Бактыбекова.

«2019-жылдын 14-майында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына З. аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен арыз келип түшкөн. Арыз ээси Бишкектеги Көк-Жарда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде З. аттуу жаран анын денесине залал келтиргенин айткан. Бул факт Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын каттоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 65-беренеси ("Уруп-сабоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө арызданган жаран сотко чейинки өндүрүштү токтотуу өтүнүчү менен тосмо арыз жазып, кайрылган. Ушуга байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун (Процесстен тышкары жагдайлар) негизинде сотко чейинки өндүрүш токтотулган».

Кошумчалай кетүүчү жагдай - Замирбек Теңизбаев тарабынан бир нече ирет зордукталган Айгүлдүн курбусу үй-бүлөлүк абалына байланыштуу «Азаттыкка» интервью берүүдөн баш тартты.

Каргашалуу окуя…

27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз адамдар күчкө салып уурдап кеткени тууралуу маалымат милицияга 5-апрелде саат 7:21де берилген. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада токтоп турган автоунаадан табылган.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзада Канатбекованы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн 3 ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу 4 адам кармалды.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сын-дооматты күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек ШИИБнин башчысы Бакыт Матмусаев орун басарлары менен, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Казакеев баштаган 12 жетекчи кызматтан алынган. 32 кызматкерге ар түрдүү тартип жазаларына тартылды.

Кыргызстанда кыз уурдоого байланыштуу кандуу окуя буга чейин да катталган. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө уурдап качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы үч айында ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков Жогорку Кеңеште ала качуунун айынан киши колдуу болгон Айзада Канатбекова тууралуу маалымат берип жатып билдирген. Ал кыскартылган иштерге экинчи тараптын тосмо арызы негиз болгонун кабарлаган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG