Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Роза Айтматова: Айзаданын өлүмүнө унчукпай коюуга болбойт


Роза Айтматова, Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси, коомдук ишмер
Роза Айтматова, Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси, коомдук ишмер

Коомдук ишмер, Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун лидери Роза Айтматова Айзада Канатбекованы өлүмгө жеткирген окуяны “жапайычылык” деп атап, бул окуяга ар бир адам үн кошуусу керек деп эсептейт.

- Азыр коомчулуктун кайдыгер эмес бөлүгү Айзада Канатбекованын өлүмүн катуу талкуулап, дүрбөлөңгө түшүп, митингге чыгып жатышат. Сиздин кабарыңыз барбы?

- Мен “Азаттыктан” угуп алып абдан жаман болдум. Ала качууга каршы мыйзам бар, мындайга эч ким барбайт го деп ойлоп жүрдүм эле.

- Коомчулук муну милициянын аракетсиздигинен көрүп жатат. Премьер-министрдин, ички киштер министринин кызматтан кетишин талап кылгандар болууда. Милиция эмне үчүн кайдыгер мамиледе болду?

- Менимче, илгертен калган кыз ала качуунун бүгүнкү оор жагдайына маани бербегендик го дейм. Ошон үчүн мен кыз ала качуу эмес, кыз уурдоо дегиле деп сунуштагам.

- Мурдагы акыйкатчылардын бири да бир нече жыл мурда мыйзамдагы “кыз ала качууну” “адам уурдоо” деген түшүнүккө алмаштырууну парламентке сунуштап, бирок колдоо таппай калган. Муну саясий элитанын да кыздарга, аялдарга карата зомбулукка маани бербестиги катары баалаш керекпи?

- Ооба, сөзсүз! Алар мурунку түшүнүк менен жүрүшөт. Азыр заман башка. Азыркы кыз ала качуу – зомбулук. Эмнегедир кийинки кездери зомбулук күчөп жатат. Пандемияга, жумушсуздукка байланыштырып жатабыз. Бирок, мындай формада болбош керек да: кыз менен сүйлөш, макулдугун ал да. Ала качып алып, өлтүрүп коёт деген эмне! Бурулайды өлтүргөндөй муну да өлтүрүп жатпайбы.

- Бурулайды эстеп калдыңыз. Аялдын мойнуна дөңгөлөк асып коюп, баш ылдый суу куюу, аялды өрттөө өңдүү фактылар да катталбадыбы. Мындай көрүнүштөрдө тартип сакчыларынын да күнөөсү бар деп айта алабызбы?

- Укмуштай фактылар бар. Элдин арасында да көп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Азыр бейөкмөт уюмдарды жамандап жатышат. Бирок, алар ушул ишке жарайт болчу. Айыл-айылга барып элди чогултуп, мыйзамдарды түшүндүрсө болмок. Эми андай мүмкүнчүлүк жок. Ким жаман? Бейөкмөт уюм жаман, өлкөнү бузуп жатат дегенди күнүгө телевизордон айтып атышат. Бирок, бул уюмдар мамлекетке жардам берет, колу жетпеген жерге барып иштеп берет. Маалыматты элге жеткириш керек да. Мамлекеттик түзүмдөр андай иштерди жасай албайт.

Фемицид: Өмүрү кыйылган аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

- Кыргыз коомундагы кайдыгерликтин да кесепети тийип жатат окшойт. Мисалы, Айзаданы уурдап жатканда тегерегинде автоунаа турганы, колчатыр көтөргөн аял баратканы видеодо көрүнүп атат. Мындай көрүнүштөр көп. Эмне үчүн коом кайдыгер болуп калды? Эмне кылуу керек?

- Ал видеону көрдүм. Бул терең маселе го. Мыйзамдарды катуулатыш керек. Бир жагынан милициянын иштөө ыкмасына, багытына көңүл буруш керек. Бүгүн аялдар митингге чыккан экен. Мен муну туура деп жатам. Мындай учурда унчукпай коюуга болбойт. Мындайга жеткирген болбойт. Бул - жапайчылык! Ар бир адам бул окуяга көз карашын билдирип, чара көрүлүшү керек. Айзаданын ордунда менин кызым болсо кантмекмин, кызымдын да, эркегимдин да кулагына куяйын дегенди ар бир ата-эне ойлонсун.

Элдин кайдыгерлигин айтып атпайсыңбы, элдин арасында иш жүргүзүп, кинолорду, спектаклдерди коюп, элди ойго салыш керек. Үй-бүлөдө ата-эне эркек баланы тарбиялаганда кызды жөн эле ала качпай, бири-бириңди жактырганда гана үйлөн, куда-кудагый менен сүйлөшөлү деп багыт бериш керек. Азыр мүмкүнчүлүк бар экенин канчалаган тойлор далилдеп жатпайбы.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG