Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 17:59

Өнөр адамдары: Ала качуу романтика эмес


Сүрөтчү Татьяна Зеленская ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясынан кийин ушул эмгегин жаратты.

Ала качуунун дагы бир курмандыгы болгон Айзаданын өлүмү коомчулукту дүрбөлөңгө салып, нааразычылык жаратууда. Мындай учурда маданият өкүлдөрү кандай иш-аракеттерди жасап, бул жаман адатты токтотууга кандай салым кошо алат?

Кыргызстанда айрым тасма же клиптерде ала качууну романтикалык маанайда берген, үй-бүлөлүк зомбулукту ачык көрсөткөн кадрлар жок эмес. Соңку жылдары бул көрүнүш адам укугун коргогон активисттер арасында сындалып келет.

Эгемендик жылдарында тартылган “Боз салкын” көркөм тасмасында да ала качуу окуясы камтылган. Айылга сүйгөн жигити менен барган кыздын башка эркек менен кокусунан турмуш курганы тууралуу тасма өз убагында талкууга жем таштаган эле.

Фильмдин режиссёру Эрнест Абдыжапаров "Боз салкында" ала качууга басым жасабаганын, болгону нике кайып деген түшүнүктү бергиси келгенин айтты:

Эрнст Абдыжапаров
Эрнст Абдыжапаров

«"Боз салкын" жарыкка чыкканда “ала качууну пропаганда кылдың” деп күнөөлөгөндөр болгон. Бирок биз ала качуу менен башка ойду чагылдыргыбыз келген. Кыргызда нике кайып деген да түшүнүк бар. Тасмада улуттун келечегин улай турган аялзаты кимге буйруйт деген көрүнүштү көрсөттүк. Ал эми жакында жарыкка чыккан “Ак салкын” аттуу тасмамда да ала качуу көрүнүшү бар. Бирок анда, тескерисинче, аялзаты эркекти ала качканы көрсөтүлөт демек феминизмдин келе жатканын даңазаладык. Негизи ала качуу кылмыш экенин эске салгым келет».

2018-жылы Коомдук телерадиоберүү корпорациясында элге тартууланган “Ак шоола” телесериалын тарткан кинорежиссёр Ырыс Окенова да аталган сериалга ала качуу эпизодун кошкону үчүн сынга кабылган.

Ал ала качуу кыргыз элинин турмушунда болгону үчүн сценарийге кирип калганын, бирок коомчулук мыйзамды сыйлаш керек экенин белгиледи.

Ырыс Окенова
Ырыс Окенова

«Кыз ала качуу бүгүнкү күндө кылмыш деп саналганы менен буга чейин кыргыз элинин кулк-мүнөзү менен бирге жашап келген көрүнүш катары билебиз да. Бул бизге сиңип калган нерсе. Ала качуу менен деле далай тагдыр куралып келгени чындык экенин тана албайбыз. Ошондуктан ала качуу тууралуу көптөгөн чыгармалар жазылып, тасмалар тартылды. Бул деген чыгармачылык, көркөм дүйнө. Ошондуктан мен тарткан телесериалга ала качуу эпизоду камтылган. Ошондон кийин мага да “ала качууга үндөдү” деген сын айтылды. Мен аны туура кабыл алам. Негизинен тасмадан кандай сабак алуусу адамдын өзүнүн эркиндеги маселе. Бирок мыйзамды тегиз сыйлашыбыз керек. Анткени азыр заман башка».

Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова Кыргызстанда жылдан жылга зомбулукка кабылган аялдардын саны көбөйүп жатканына токтолду. Асилбекова билимден, тарбиядан өксүгөн муунга белгилүү адамдар туура багытты көрсөтүшү керек деген пикирде.

«Акыркы 30 жылда жаш муун тарбиядан алыс калды десем болот. Тарбиянын баалуулугу, үй-бүлө институтуна пайдалуу кеңештер көп айтылбай калды. Коомдо зордуктоого кабылгандар, кысым көргөндөр көбөйдү. Азыркы жаштар жандуу турмуштан алыстап, интернет аркылуу таанышып, баш кошуп калганы да ойлондурат. Азыркы тартылган клиптердин 90 пайызга жакыны тарбия бермек турсун, зыяны көп. Бул жааттагы маданий ишмерлер тарбиялык мааниси бар, пайдалуу окуяларды камтыган көрүнүштү көп көрсөтүшү керек. Зордуктоонун, ала качуунун кесепети кандай болорун, зыянын чагылдырышы абзел. Кыргызда “Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат" деген жакшы сөз бар».

Ошол эле маалда маданият ишкерлеринин арасында ала качууну сындап, анын кесепетин ачык айткандар да аз эмес. Журналист, актриса Назира Айтбекова чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнөн гендер маселесин кылдат чагылдырууну суранды.

«Аял затына кысым көрсөтүп, келеке кылган көрүнүштү же ала качууну тасмаларда, клиптерде камтып, негативдүү маалыматты тез жайылткандай болуп жатабыз. Маалыматтын кайсы түрү болбосун жарнама сыяктуу аң- сезимдин бир бурчунда сакталып калат. Бара-бара коом муну нормалдуу көрүнүш катары карай башташы мүмкүн. Мен режиссёрлордон, негизи эле чыгармачыл чөйрөдөгү адамдардан аялдарга болгон зомбулук, ала качуу, келекелөө сыяктуу эпизоддорду колдонуу ордуна, бактылуулукту, жан дүйнөнүн тынчтыгын сүрөттөгөн, жакшы мамилеге үгүттөгөн кадрлар көп колдонулса деп суранат элем. Мээбизде ошол маанайдагы маалыматтар сакталмак, коомдун жүрүм-турумун оңдоого салым кошмокпуз».

Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун күчөшүнө каршы маанайын билдирүүдө акындар да четте калган жок. Айрымдары бул маанайда жазган чыгармаларын интернет аркылуу элге жеткирүүгө аракет кылып келет.

Айталы, акын Улукбек Омокеев жетектеген “Жигер” чыгармачылык борбору 2017-жылы “Кыздарыбызды аздектейли” аттуу акция өткөргөн. Анда кыздарды коргоо темасында чыгармачыл жаштар арасында эссе жана ырларды жазуу боюнча сынак уюштурулган. Улукбек Омокеев аялзатын коргоо эркектин милдети деп эсептейт.

Улукбек Омокеев
Улукбек Омокеев

«Чыгармачыл адамдар кыздарды аздектөө, коргоо, кам көрүү боюнча чыгармаларды жаратып, коомго жеткирип, үн катып турушубуз керек. Кылыч кармап, жаа тартпаган соң кызматыбыз ошол. Эр жигиттер кордук көрүп жаткан, кемсинтилип жаткан аялзатын көргөндө өлбөгөн жерде калса да таламын талашып коргошу керек. Алар кайсы жерде болбосун коргоочусу бардай, эркин жүрүшү үчүн биз жагдай жаратышыбыз керек деп ойлойм».

Биз жигиттер, кутурдук да эсирдик,

Бизге деген сүйүүлөрдү өчүрдүк,

Кыздар-кыздар, карындаштар, эжелер,

Баалай албай, баркыңарды кетирдик,

Колдой албай, коргой албай силерди,

Намыстарды жардан ылдый көчүрдүк.

Кыз ыйласа кыйылганын сезбедик,

Бала деген мөмө берчү өсүмдүк.

Кеч болсо да, кирсек экен акылга,

Кечиргиле, биз силерди кечирдик.

Соңку жылдары зомбулукка каршы маанайды кыл калемдин жардамы менен чагылдыргандар да көбөйө баштады.

Сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын тагдыры кабыргасын кайыштырганын айтып берди.

Төлгөбек Койчуманов
Төлгөбек Койчуманов

«Негизи буга чейин ала качуу маселесин чагылдырган эмгек жарата элек болчумун. Бирок коомдо ушул көйгөй кайра-кайра кайталана бергендиктен ойлонбой коё албайт экенсиң. Биз ар бирибиз кандайдыр бир деңгээлде салым кошконубуз оң деп эсептейм. Биз чыгармачылыктын кайсы тармагы болбосун, өзүбүздүн колдон келген эмгек менен көйгөй чечүү жолун чагылдырсак, ары таасирдүү, ары жемиштүү болсо керек».

Уурдалып, анан киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын окуясынан кийин 9-апрелде жарандык активисттер митинг уюштурду. Ага ырчы Кайрат Примбердиев да катышты. Ал кайдыгерлик коомдогу бардык кайгынын башаты экенин белгилеп, замандаштарды терс көрүнүштөргө көз жумбоого чакырды.

«Мындай окуяларда ар бирибиздин жоопкерчилигибиз бар. Кайдыгербиз. Мага тиешеси жок, менин короом тынч болсун деген принцип менен жашап атабыз. Бирок биз коомдун мүчөсүбүз. Жаман окуялар боло берсе, сиздин үй-бүлөңүз да жабыр тартышы мүмкүн. Биз ошон үчүн унчукпас болбошубуз керек. Болуп аткан нерселерди ачык айталы. Бийликке унчукпас адамдар жагат, каалаганын кылып жыргап жүрө беришет. Ошон үчүн кайдыгер болбойлу, терс көрүнүштөрдү ачык айталы, укугубузду коргоону талап кылалы».

Ала качуунун кезектеги курмандыгы болгон маркум Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Ал кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия факультетин 2020-жылы аяктаган.

Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Маркумдун сөөгү 8-апрелде Балыкчыда жерге берилди.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG