Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Өз жанын кыйган өспүрүм окуучуларды ыйлатты


 Спекталден бир көрүнүш.
Спекталден бир көрүнүш.

Ысык-Көлдө өткөн жылы 13 өспүрүм өз жанын кыйган. Быйыл эки айдын ичинде эле бул аймакта эки өспүрүм өмүрү менен кош айтышты.

Облустук милиция өспүрүмдөр арасында мындай окуяларды болтурбоо, алдын алуу үчүн атайын спектакль коё баштады. Анда миграция, жумушсуздук, мектеп рэкети, балдар арасында опузалоо, үйдөгү пикир келишпестик өңдүү маселелер козголгон.

Былтыр Ысык-Көлдө 12 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 13 өспүрүм өз жанын кыюуга барды. Алардын 70 пайызы эркек балдар. 2021-жыл башталгандан бери 7-класстын эки окуучусу өзүнө кол салып, өмүр менен кош айтышты.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, анын бири 2-мартта катталган.

"Аталган факт Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат. Өспүрүм баланын өз жанына кол салуусуна эмне себеп болгонун аныктоо керек. Бул факт саат 16:30 чамасында болуп, милицияга билдирүү түшкөн".

Ислам суицид тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
Түз линк

Өспүрүмдөргө карата кылмыштуулуктун санын азайтуу, суициддин алдын алуу максатында облустук милициянын жетекчилиги бир нече багытта иш алып барууда. Атайын буйруктар чыгып, профилактикалык иш-чаралар күчөтүлгөн. Өзгөчө балдар менен иштешкен инспекторлор күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин 3-курсунун студенттери “Чогуу жеңебиз” аттуу спектаклди коюп жатышат.

Спектаклдин коюучу режиссеру жана мугалим, актёр Эркин Эгембердиев анда бир топ маселелер чагылдырылып, окуучулардын жүрөгүнө, күнүмдүк турмушуна жакын темалар бар дейт.

Эркин Эгембердиев
Эркин Эгембердиев

"Бул чыгарма үч жыл мурун жаралган, анда болгон окуялар сүрөттөлөт. Чүй, Ош жергесинен мигранттардын балдарынын чоңоюп жатканын көрүп, байкап идея келген. Чүйдү кыдырып, бир сааттык окуяны балдарга көрсөтүп келгенбиз. Азыр балдардын эки мууну чоңоюп келе жатат: бири - интернет балдары, экинчиси - мигранттардын балдары. Бул спектакль менен балдар жашоого жеңил карап, аны оңой көрбөшү керек деген ойду айткыбыз келет. Балдардын көбү болбогон эле бир нерсе үчүн өмүрүн кыят экен".

Режиссер Эркин Эгембердиев спектакль балдарга көбүрөөк таасирин тийгизет деп эсептейт:

"Азыр “каралар таасири” күчөп турган заман болду. Аны көрүп, өсүп келе жаткан балдар ошолорду туурап, өзүнөн кичүү же алсыз балдарды ур-токмокко алып, опузалап “салык” салып жатышат. Ошондуктан биз балдарга жашоонун башка тарабын көргөзүп, мыкты адамдар гана кумир болушу керектигин далилдешибиз керек. Укук коргоо органдары бизге кайрылганда дароо макул болуп, жардамга кол сундук. Баары маданияттан башталат эмеспи, кызыксыз лекцияларга караганда спектакль, оюн же башка жашоодон окуяларды чагылдыруу менен биз балдарга көйгөйдү жеткирип, жакшы жыйынтык ала алабыз".

Спектаклдин башкы каарманы Нурлан жогорку класстын окуучусу. Ата-энеси алыста миграцияга кеткен бала агасы менен жеңесинин колунда сегиз жылдан бери жашайт. Мектептеги андан улуу балдардын опузасы, үйдөгү туугандарынын кысымы Нурланды өз жанын кыюуга түртөт.

Спектаклди койгон режиссердун айтымында, мындай окуя чыныгы жашоодо көп кездешет. Ата-энеси алыста болуп, эч кимден колдоо таппаган балдардын көбү көйгөйүн ачык айтпастан өз жанын кыюуга барат.

Башкы каарман Нурландын образын жараткан Даниэл азыр 3-курстун студенти. Мектепте окуп жүргөн кезинде жогорку класстардын окуучулары акча талап кылып коркутканын, кыйналганын жашырган жок.

Нурландын образын жараткан Даниэл
Нурландын образын жараткан Даниэл

"Сценарий жазылып, мен актёр катары тандалып алынганымды уктум. Текстимди окуп чыкканда мектептеги окуучу кезим дароо эсиме түштү. Ата-энем Орусияга миграцияга кеткен эмес, бирок мектеп рэкети бар болчу. Жогорку класстын балдары сураган акчаны таппай, кыйналган күндөрүм болгон. Мындай учурда окуучу аябай бушайман болот. Себеби милицияга, мугалимге же ата-энесине мектептеги рэкетчилик тууралуу айтсаң сени “терпила” же “кыз” дешет дагы, андан да катуу басмырлоо башталат. Ал тургай көчөдөн кармап алып, сабап, ур-токмокко алып коюшат. Ошондуктан балдардын 99% эмне болуп жатканын эч кимге айтпайт".

Даниэл каармандын образы тууралуу айтып берип, бул ролду аткарган сайын көзүнө жаш келээрин кошумчалады:

"Менин каарманым Нурлан менен классташтарын Казыбек деген бала акчага опузалап коёт. Ата-энеси миграцияга кеткен Нурлан акчаны агасынан сурай албайт, себеби жеңеси аны басмырлап, “сен биздин башка түшкөн иш болдуң, сени биз багып атабыз, сен үйдөн эч нерсе кылбайсың, ата-энеңе керегиң жок” деп кыйнап, аягында агасы Нурланды ур-токмокко алат. Анысы аз келгенсип, Казыбек сураган акчаны таба албай, акырында бул нерседен кутулуунун бир гана жолу катары – суицидди көрөт. Мен ролду алгач ирет ойногондо каарманымды аяп ыйладым, жүрөгүм сыгылып жаман болдум. Мектепте окуп жүргөндө өтө чоң көйгөй катары көрүнгөн жогорудагы маселелерди жашырбай айтыш керек, укук коргоо органдары билиши кажет. Ошол опузалаган балдар жоопко тартылышы керек деп эсептейм".

Студенттер койгон спектаклге Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун айрым мектептеринин окуучулары чакырылган. Алар спектакль бүткөнчө каармандарды колдоп, кай бир жеринде кыжыры келип, ыйлап да жатышты.

Спектаклдин көрүүчүлөрү.
Спектаклдин көрүүчүлөрү.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев бул жашоодон алынган спектакль облустун бардык мектептеринде коюла турганын айтты.

"Окуучулар менен ачык сүйлөшүп көрдүм, алар болгонун болгондой айтып беришти, көйгөй бар. Мындан улам биз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине кайрылып, миграция, мектеп рэкети, мигранттардын балдары деген үч теманы бириктирип туруп бир спектакль коюуну чечтик. Спектаклди окуучулар биз ойлогондон да мыкты кабыл алышты, ал бүтөрү менен суроо-жооп кылдык. Көбү мектеп окуучулары арасында тоноо, уруп-согуу, чоңсунуу сыяктуу көрүнүштөр бар экенин ачык эле айтып жатышат. Ошондуктан биз маданият аркылуу балдарга түшүндүрүп берели дедик".

Канат Жумагазиев былтыр облуста 13 бала каза болуп, быйыл жыл баштала элек жатып эки өспүрүмдүн өмүрү кыйылганын кошумчалады:

"Балким бала ата-энеси менен келише албай койдубу, же курбу-курдаштарынын арасында таарыныч болдубу, балким опузалоо, алыста жүргөн ата-энесине болгон кусалык, сагыныч түрткү болгондур? Өспүрүмдөр менен иштеген испекторлорубузду да окуталы деп жатабыз. Себеби, ата-энесине, досторуна айта албаган маселени балким ошо бала биздин инспекторго айтат, анын жыйынтыгында маселе чечилип калат деген ойдобуз".

Бул спектакль эми облустун бардык район жана шаарларында коюлат. Өспүрүм балдар менен иштешүү боюнча адис, психолог Бэлла Капарова буларды айтты.

"Негизи өз жанын кыюуга барган адамдар үчкө бөлүнөт: бири эмне кылып, кандайча өзүнө кол салып жатканын түшүнбөй калгандар, экинчиси - өлүмгө өзүн даярдап, жамандыкка кам көргөндөр. Ал эми үчүнчүсү - бул өлүмгө алып келчү нерселерге, окуяларга жакын адамдар. Мисалга, унааны катуу айдайт, спирт ичимдиктерин ашыгы менен ичкендер жана башкалар".

Психолог Бэлла Капарованын айтымында суицидге 15 жаштан 25 жашка чейинки жаштар көбүрөөк барат.

"Бир жолу бизге психологиялык жардам сурап 13 жаштагы кыз келген. Айтымында, ал жөн гана ата-энесинин көңүл буруусуна, мээримине муктаж болгон, бирок иш, көр оокат менен алек болгон ата-эне аны кызына бере алган эмес, кыз өзүн жалгыз сезгенин айткан эле. Демек, ата-энелердин көбү балдарына көңүл бурбай калышы ыктымал, келип сүйлөшкүсү келген бала сырын атасы же апасына айткан бала эч убакта суицидге барбайт. Турмуштук оор абалга кабылган балдар үчүн деп улуттук линия иштеп жатат, балдар 111 номерине бекер чалып, дайыма адистердин кеңешин ала алат, бул суицидди алдын алуунун дагы бир жолу. Негизи эң жакшысы – калкка психологиялык билим бериш керек, балдарды уруп-согуп, катуу сүйлөп тарбиялай албайбыз, азыр заман башка. Укук коргоо органдары аракеттенип, студенттер менен биргеликте коюп жаткан спектаклдер сөзсүз жыйынтык берет".

Өткөн жылдын октябрь айынын этегинде Түп районундагы айылдардын биринде 8-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салуу аракетин көрүп, аны таятасы куткарып калган. Анда баланын жакындары ал жогорку класстардагы балдардын опузалоосуна, ур-тепкисине туш болуп, маселе жөнүндө ачык айта албай, акырында бул кадамга барганын айткан эле.

Эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун иликтөөсү Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын 83 пайызы теңтуштарынын зомбулугуна кабылганын көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG