Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:20

Суицидге исламдын мамилеси


Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы кездери айрыкча өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуу көбөйдү.

Муну адистер социалдык кыйынчылыктарга, психикалык себептерге байланыштырышат. «Биз жана дин» түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында диний ишеним жана суицид темасын сөз кылдык. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен теолог Улукбек Каландаров талкуулады.

Канатбек Мурзахалилов: - Өз өмүрүн кыюу же суицид маселеси адам баласы жаралгандан бери эле жашоодо орун алып келе жатат. Акыркы убакта бул мүшкүл айрыкча өспүрүмдөр арасында кеңири жайылып кеткени өкүндүрөт. Сөз адамдын өмүрү тууралуу болуп жаткандан кийин, бул маселе дайыма эң олуттуу боюнча калмакчы. Эмне үчүн адамдар өз жанын кыйып жатат деп ойлойсуз?

Улукбек Каландаров: - Натыйжасы белгилүү болгон, тагыраак айтканда акыр аягында өз өмүрүн кыюуга себеп болгон ишти аткарууга багытталган бардык аракеттер суицидге кирет. Мисалы, тапанча менен өз жанын кыюу, асынып алуу, кимдир-бирөөгө таарынып жеп-ичкенди токтотуу аркылуу өз жанына зыян келтирүү же болбосо өрт чыккан жерде болуп, бирок ал жактан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү болгонуна карабай, өзүн өлүмгө кириптер кылуу.

Айрымдар суицидди адамдын өз ыктыярындагы кыймыл-аракет дешет. Бирок көпчүлүк мыйзамдарда жана адеп ченемдеринде адамдын суицид жасоого укугу жок экендиги, керек болсо ага жардам берген да күнөө болору жазылат.


Расмий эсептерге таянсак, дүйнө жүзүндөгү 12 жаштан 17 жаштагы өспүрүмдөрдүн 15% жакыны өз өмүрүн кыят. Бул көрсөткүч Кыргызстанда да кубандырарлык эмес. Бизде жыл сайын 100дөй киши суицидге барат. Булардын көпчүлүгү 15 жаштан 29 жашка чейинкилер.

Канатбек Мурзахалилов: - Суициддин тарыхы, илим тармагында аны изилдөө бир нече 100 жыл мурда башталган. Атап айтканда, XIX кылымдын аягында бул маселе боюнча изилдөө жүргүзгөн француз социологу Э.Дюркгеймдин суицид тууралуу жазгандары дагы эле актуалдуулугун жоготпой келе жатат. Э. Дюркгеймдин жана башка көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча суицидге себеп болгон кандай негизги факторлор бар?

Улукбек Каландаров.
Улукбек Каландаров.

Улукбек Каландаров: - Дюркгеймдин классификациясына ылайык суицид эгоисттик, альтруисттик жана аномикалык болуп бөлүнөт. Качан инсан жалгызсыраганда талаптары артат. Эгер жалгыз болгон аял же эркек өз кызыкчылыктарын алдына койгон топко кошула албаса, анда талаптарынын аткарылышы, башкаруучулук жана жоопкерчиликтин көбөйүшү, инсандын тагдырына туура келген тең салмактуулуктун сакталышына тоскоол болушу мүмкүн. Бул өз кезегинде эгоисттик жан кечтиликке жол ачары анык.

Индиядагы айрым аялдар өлгөн күйөөлөрү менен кошо өрттөөгө макул болушу, кемеси чөккөн капитандын кемесин таштабай чогуу чөгүшү, согуш же таймашта утулуп калган аскер өзүн өзү өлтүрүшү, жапондордун салтка айланган «харакири» сыяктуу көрүнүштөрдүн баары альтруисттик суицидге кирет.

Ал эми кээ бир саясий башаламандык учурунда азайып-көбөйгөн, экономикалык кризис же өнүгүү доорлорунда тең салмактуулукту сактай албаган интеллигенциянын өз жанын кыйышы аномикалык суицид деп аталат.


Суицидге көбүнчө коомдон, өз чөйрөсүнөн толук бөлүнүп калган же толук бөлүнө албаган кишилер барары маалым. Изилдөөчүлөр эгоисттер менен кайсы бир тайпага мүчө болгон адамдардын жамааттык жоопкерчилигинен улам суицидге барышы оңой экенин айтышат.

Э. Дюркгеймдин суицид тууралуу жазгандарынын негизинде анын изилдөөсү субьективдүү болуп калганын айтсак болот. Тагыраак айтканда, бул маселеде анын жүйөлөрү жетишсиз экени байкалды. Себеби, окумуштуу жоопту бир гана өз чөйрөсүнүн салт-санаасы менен ишениминен издеген. Э. Дюркгейм суициддин алдын алууда үй-бүлө менен диндин таасири калбаганын айтат. Үй-бүлө кичирейип, анын экономикалык ролу азайгандыктан адамдарды коомго аралаштырган функциясы жоготууга учураган деп эсептейт.

Дин болсо учурдун талабына жараша абстрактташып, интеллектуалдашканы үчүн инсандар диндин негизине жараша жашап, каалоо-талаптарын жеңүүгө чакыруу менен чектелип, диндин сыртындагы жоопкерчиликти белгилөөдө алсыз калганына көңүл бурат.

Канатбек Мурзахалилов: - Эми бул мүшкүлгө диндин, анын ичинен ислам динин алкагында карасак. Ислам маданияты, анын тарыхы кишини коом менен байланыштырганын, жалгыздыктан жана үмүтсүздүктөн куткарганын, жашоосун тартипке салганын, адам өз өмүрүн татыктуу жашоого үгүттөгөнүн көрө алабыз. Дин изилдөөчүсү катары бул маселеге токтоло кетсеңиз.

Улукбек Каландаров: - Ислам дининин бул багыттагы жообуна ылайык, биринчиден, инсан жалгыз жана эркин (бош ташталган эмес) эмес. Бардык нерсенин жаратуучусу болгон Алла инсандын рухун жана денесинин да жаратуучусу болуп эсептелет. Инсандын рухуна Жараткан өз рухунан да үйлөгөн.

Маалым болгондой, адамдын денеси өлө турган нерсе. Бирок руху түбөлүктүү жана аманат. Инсан көз жумганда руху ээсине кайтат. Денеси, руху жана напсиси Жараткандын аманаты болгон инсан ажалы жетпей туруп анын уруксатысыз өз жанын кыюуга акысы жок.

Экинчиден, мусулмандын бул жашоого көз карашы төмөнкүчө. Бул дүйнө - акыреттин эгин талаасы. Эмне эксең кыяматта ошону аласың. Бул дүйнө - адам үчүн сыноо жери. Жашоодо адам кээде төө минип, кээде болсо жөө жүрүп калышы мүмкүн. Эки учурда тең сабыр кылуу зарыл. Инсан адамдык касиетин, жашоого келген максатын унутпаганда гана наркы дүйнөдө Жараткан тараптан сыйга ээ болот. Кыяматта бериле турган белек - мусулмандын бул жашоодогу кыйналганын унутуп, түбөлүккө бейиште калышы.

Үчүнчүдөн, ислам дини жалгыз гана инсан менен Жараткандын мамилесин эмес, инсан менен коомдун, инсан менен айлана-чөйрөнүн байланышын аныктаган, сыйлаган принциптер менен баалуулуктарга ээ.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Канатбек Мурзахалилов: Ислам инсандарды бири-бири менен диний, руханий, укуктук жана адептик жактан тыгыз байланыштырып турат. Ушул таризден алып караганда мусулмандар өз жанын кыйгандарга, анын тууган-туушкандарына кандай көз карашта?

Улукбек Каландаров: - Куран менен сүннөт бир тууганы менен жакшы мамиледе болууга, бири-биринен кабар алып турууга өзгөчө көңүл бөлөт. Динде бул «сыла-и рахим» деп айтылат. Сыла-и рахимге маани бергендер соопко, ал эми кайдыгер мамиле кылгандар күнөөгө батары жазылат.

Мисалы, ислам аялдын жоопкерчилигин бир тууган агасына, атасына, турмушка чыккан болсо күйөөсүнө жүктөйт. Андыктан, эгер аял киши жашоодо кыйналса, жогоруда аталган жакындары камсыз кылууга милдеттүү. Эгер жакындары өтүп кетсе же алардын колунда жок болсо, анда мусулман бир туугандары же мамлекет каралашат. Алар жардам берүүгө милдеттүү! Андыктан «бардык мусулмандар бир тууган».

Ал эми Адам ата менен Обо эненин балдары деген ишенимге ээ болгон инсандар дин менен жашаган үй-бүлөдө чоңойгон адамдын жалгызсырап, кароосуз калышына мүмкүнчүлүк бербеши керек. Эгер ал каралбай калган болсо, анда күнөө динде эмес. Бул жоопкерчиликсиз, түшүнүгү менен ыйманы тайкы адамдардын айынан болууда.

Канатбек Мурзахалилов: - Куран менен сүннөттө өз өмүрүн кыюу жөнүндө айтылганбы? Анын диндеги жазасы кандай?

Улукбек Каландаров: - Ислам дининде адамдардын өз өмүрүн кыйышы, башка бирөөнү өлтүргөндөн да чоңураак күнөө экени айтылат. Суицид ислам укугунда «Киши өлтүрүү» бөлүмүндө каралган. Курандагы «Ниса» сүрөсүнүн 29-30-аяттары буга далил боло алат. Анда Жараткан: «Өз өмүрүңөрдү кыйбагыла!» деп буюрат.

Азирети Мухаммед пайгамбар да өзүн-өзү өлтүргөн адамдын жаназасын окубаганы маалым. Пайгамбардын Бухариден бизге жеткен бир хадисинде: «Өлүмдү талап кылбагыла! Анткени эгер адам жакшы болсо жашаган сайын, күн өткөн сайын жакшылыгы артат. Ал эми жаман бирөө болсо, анда тобо кылып жакшы иштерди жасоого, оңолууга убактысы болот» деп айтылат.

Жалпылап айтканда, ыймансыз же ыйманы начар адамдар гана ушул жолго барышат. Мусулман адам суицидге барбашы керек. Себеби, адам өз жанын кыюу менен мүшкүлдөн кутулбайт. Тескерисинче, өлүмдөн кийинки жашоосунда ал бейишке кирбей тургандыгын билиши керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG