Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

ИИМдин жанындагы акылга сыйбаган өкүмзордук


ИИМдин алдына чыккан активисттер. 15-апрель, 2021-жыл.
ИИМдин алдына чыккан активисттер. 15-апрель, 2021-жыл.

Бишкекте 15-апрелде аялдарга карата зомбулукка каршы чыккан активисттердин коопсуздугун камсыздабаганы үчүн милиция кызматкерлери сын-дооматка кабылды.

АКШ элчилиги кыргыз бийлигин гендердик зомбулукка каршы акцияга чыккандарга басым-кысым көрсөткөндөрдү жазалоого чакырды. Укук коргоочулар бийликке сын айтылган тынч жыйындарга каршы ар кандай топторду колдонуу сөз эркиндигине коркунуч жаратып, коомду бөлүп-жара турганын эскертишет.

Кыздарга кыр көрсөткөн “эркектер”

Ырчы жана активист Зере Асылбек 15-апрелде курдаштары менен бирге аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы акцияга чыккан. Ал митинг маалында коркутууга кабылганын мындайча айтып берди:

“Отуздай адам, негизинен кыздар барган элек. Алар 200 киши, балким андан да көп болушу мүмкүн. Ачык эле кол салчудай болуп жаалданып келишти. 15-апрелде болгон окуяны чабуул, кууп таратуу десек дагы болот. Мындай коркунучтуу иш Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында болду”.


Жарандык активисттердин Айзаданын трагедиясынан кийин кыз-келиндердин укугуна арналган ар бейшембиге белгиленген акциясы мындан кийин болбой калышы мүмкүн.

Зере Асылбек милиция коопсуздукту сактап берерине эми көзү жетпейт.

“Биз жарандарды акцияга чакыруудан коркуп жатабыз. Азыр талкуулап жатабыз. Бейшемби сайын чыгып турууну пландаган элек да”.

Айрым укук коргоочулар аялдардын укугун коргоону талап кылган митингдин үзгүлтүккө учурашынан улам милицияны күнөөлөп жатат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз бийлигин Бишкекте уурдалып өлтүрүлгөн кыздын таламын талашып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына чыккан активисттерди опузалап, басым-кысымга алгандарды аныктап, жоопко тартууга чакырды.

Элчилик 16-апрелдеги билдирүүсүндө ИИМдин алдындагы окуядан улам тынчсыздануусун билдирип, Баш мыйзам кепилдик берген укугуна ылайык нааразылык акциясына чыккандардын коопсуздугу сакталышы керектигин белгиледи. Азырынча ИИМ жетекчилиги укук коргоочулардын айыптоосуна, элчиликтин кайрылуусуна жооп бере элек.

Бийликтин оппозицияга каршы “эски” ыкмасы

Ондогон милиция кызматкеринин көзүнчө орун алган окуяны коомчулукта сындагандар арбын.

Мурдагы өкмөт башчы, генерал Феликс Кулов кыз-келиндер чогулган акцияга дээрлик эркектерден турган топту каршы койгон көрүнүштү кескин айыптады.

Кулов 2005-жылы оппозициянын борбордук аянтта ак шапкечендердин чабуулуна кабылган окуяны эске салып, күч кызматтарынын жетекчилери тарыхтан сабак албаганын белгиледи.

“Бул туура эмес, бул чагым. Алакандай элди бири-бирине кайраштырбоо керек. Март окуясында ак шапкечендердин аракети эмнеге алып келгенин билесиңер. Мен мурунку комендант катары айтам, чогулган элге пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Анан сомодой жигиттерди аялдарга каршы тукуруу примитивдүү көрүнүш, мамлекетчил ыкма эмес. Өкмөт башчы баш көйгөйдү иликтеп, кыздарга кол салгандар кимдер экенин аныктоо керек. Аларды ким жиберди?”, - деди Кулов.

ИИМдин алдындагы окуядан кийин коомдук ишмер Эмил Каптагаев “Фейсбуктагы” баракчасына «"Айбандар отряды" пайда болуптур, бул жакшылыкка алып барбайт» деп жазды.


15-апрелде антимитингге чыккандар улуттук баалуулуктарга шек келтиргендерге каршы, “Бейөкмөт уюмдарга, ЛГБТга жол жок!” деген ураан менен чогулганын айтышкан.

Өзүн Мирлан деп тааныштырган киши аларга эч ким көрсөтмө бербегенин, өз ыктыяры менен чыкканын билдирди.

“Менин талабым - бейөкмөт уюмдар болбосун. Кыргызстанга тынчтык керек. Булар Айзаданын өлүмүн шылтоо кылып, өздөрүнүн пикирин айтып жатат”.

Өкмөт үйүнүн алдына чогулгандар Айзаданын өлүмү үчүн милиция кызматкерлери жетиштүү жаза алганын, кыздын окуясын айрым бир күчтөр өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканын жар салып кыйкырып атышты. Антимитингдин катышуучусу Аманбол Бабакулов буларды айтты.

"Биз өз саясатыбызды бейөкмөт уюмдардын жүргүзүшүнө жол бербешибиз керек. Кандай болгон күндө да бизде маселени көтөрүп чыккан патриоттор бар. Кайдыгер эмес жаштар, активисттер толтура. Бизди бейөкмөт уюмдар тажатты, мени эле эмес, кыргыз элин тажатты. Биз ошон үчүн бардык".

Жаңы ОБОНдор пайда болдубу?

Өлкөнүн эгемен тарыхында бийлик көбүнчө аялдардан, жаштардан куралган топторду саясий атаандаштарына, оппозицияга каршы колдонгон көрүнүш токтой элек.

Учурда бир же бир нече адамдын түрдүү акцияларда катышып жүргөнүн көрүүгө болот. Акыркы жылдары уюшулган мындай топтордун курамы да өзгөрүп, өзүн блогер же жарандык активист деп тааныштыргандар бийликти же кайсы бир саясатчыны сындагандарды жаманатты кылган, алар уюштурган иш-чараларда ызы-чуу чыгарган учурлар көп кездешүүдө.

Өткөн жылы эле 8-мартта Бишкекте “Аялдардын тилектештик жүрүшүндө” калпак кийип, беткап тагынган эркектер уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чуу чыгарышкан.

Ал акцияда милиция уюштуруучу кыздарды айыптап, митингди үзгүлтүккө учураткандардын тек-жайын тактаган эмес.

Журналист Адил Турдукулов бийлик ар кандай ашынган улутчул күчтөрдү жарандык коомго каршы колдонгон ыкма мурдагы советтик республикаларга мүнөздүү экенин белгиледи. Турдукулов муну сөз эркиндигине сокку катары баалады.

“Спортчуларды жалдап, аша чапкан улутчул топтор менен кызматташып жатканын биринчи жолу көрүп жаткан жокпуз. Буга чейин деле сауналарды тинткендерди Ички иштер министрлиги колдогон. Дежур чалдан кийин дежур аялдар, азыр дежур чала спортчу балдар пайда болду. Эмнеге алар жаалданып жүрүшөт? Себеби, алар кыймыл-аракети үчүн жазасыз калышарын билишет”, - деди Турдукулов.

5-апрелде Бишкекте Айзада Канатбекова аттуу кызды уурдап кетишкен. Анын сөөгү бир нече күндөн кийин табылган. Жарандык активисттер бул үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан алынышын талап кылышкан.

ИИМ кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон кырктан ашуун кызматкерди жумуштан алган.

15-апрелде министрликтин алдында жарандык активисттердин министрдин иштен кетишин талап кылган экинчи акциясы өтмөк. Кыз-келиндер чогулган бул акцияга каршы дээрлик эркектерден куралган топ да антимитинг уюштуруп, кыз-келиндерди акция болуп жаткан жерден сүрүп чыгарышкан. Каршы болгондор кыз-келиндердин дарегине ар кандай коркуткан, опузалаган сөздөрдү айтышкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG