Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:43

СПОРТЧУЛАР ЧАГЫМЧЫЛЫККА АРАЛАШКАН ЭМЕС


Мөөнөтсүз митинг акциясы учурунда мушташ чыгарып, чагым, жаңжал кылуу үчүн бийлик тарабынан атайын аракеттери болгонун айрым маалымат каражаттары маалымдаган. Чынында эле 2005-жылдын 24- мартындагы “ак шапкечен” спортчулар сыяктуу учурда дагы атайын жигиттер даярдалып жатабы?

2005 - жылдын 24- мартында Алатоо аянтында тынчтык митинг өткөрүп жатышкандарга бийлик тарабынан даярдалган ак шапкечен спортчулар жаңжал чыгарып, толкуган элдин кыжыры кайнап өкмөт үйүнө чейин кирип ыңкылап башталып кеткен. Натыйжада ак шапкечендер да митингдин айрым катышуучулары да жабыр тартышкан. Башы жарылгандар, таш тийип жаракат алгандар да болгон.

14 - апрелде дагы митингдин катышуучулары Улуттук телерадио компаниясынан кайтып баратканда жана Өкмөт үйүнүн алдынан ушундай чагым чыгаруу аракети болуп кетти. Мушташ учурунда Бириккен фронттун коопсуздук кызматы тарабынан кармалган төрт жигит милицияга тергөө үчүн өткөрүлүп берилген.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов эми мындай чагым жасоого аракет кылган топторду милиция камакка алып, тергөө иштерин жүргүзөөрүн билдирди.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин төрагасынын орун басары Алмаз Касеновдун пикиринде улуттук тандалма команданын бир дагы мүчөсү митинг жана чагымчылык топторго кошулган эмес. Кыргыздын туусун эл аралык аренада көтөрүп жүргөн спортчулар машыгууларын үзбөй өткөрүү менен эмдиги жылы Пекинде боло турган олимпиадалык оюндарга жолдомо алуунун аракетинде. Спортчуларга окшогон жигиттерди же мурда спорт менен машыгып кийин спортко тиешеси жокторду ажыратып, чыныгы спортчуларды чагымчылар менен аралаштырбоо керек,-” дейт Алмаз Касенов.

“Байтик ата” спорт - маданий ордосунун жетекчисинин орун басары, митингдин катышуучусу Такин Рыспектегиндин айтымында бийликке жан тарткандар тарабынан даярдалган жигиттер Кожомкул атындагы спорт ордосунда, “Спартак” стадионунда жана Кыргыз мамлекеттик драма театрынын имараттарында, менчик үйлөрдө буртурмада жатышкан.

Негизинен спортчуларды мындай чагымчыл иштерге аралаштырбай, өлкөнүн намысын эл аралык мелдештерде бийик тутсак. Толкуган элге каршы туруп, жаңжал чыгаруу учурунда ден соолугунан айрылып, майып болуу коркунучу турат. "Жигиттердин ден соолугуна бийлик кепил боло алабайт",- дейт Такин Рыспектегин.

Алатоо аянтындагы митинг учурунда парламент депутаты Темир Сариев чагымчы жигиттерди президенттин иниси Жаныш Бакиев менен чукул кырдаалдар министринин орун басары Жусуп Жээнбеков атайын уюштурганын айткан. Ошондой эле митингде “Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева чагымчы деп шектелген жигиттер Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгашканын маалымдаган.

Бирок бийлик тарабынан жагдайдын чын бышыгы тууралуу эч кандай жооп болгон эмес.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунун директору Болот Сулайманов мындай имиштерди жокко чыгарып, чагымчы жигиттерге тийешеси жоктугун билдирди.
XS
SM
MD
LG