Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Түркиянын аялдарды коргогон келишимден чыгышы сынга кабылды


Түркиялыктар бийликтин Стамбул келишиминен чыгып кетишин сындап, нааразылык жыйындарын өткөрүштү. Анкара шаары. 2021-жылдын 20-марты (ишемби).
Түркиялыктар бийликтин Стамбул келишиминен чыгып кетишин сындап, нааразылык жыйындарын өткөрүштү. Анкара шаары. 2021-жылдын 20-марты (ишемби).

Түркиянын аялдарды зомбулуктан коргоо келишиминен чыгуу чечими өлкө ичинде жана сыртында катуу сынга кабылды. Президент Режеп Тайып Эрдогандын Европа Кеңешинин келишиминен чыгуу жарлыгы ишембиде (20-мартта) чыкты. Эл аралык коомчулук бул чечимди кескин сынга алды.

Европа Биримдигинин жогорку өкүлдөрү Түркиянын Стамбул келишиминен чыгуу тууралуу чечимин кескин сындап, Анкараны бул келишимге кайтууга чакырышты.

21-мартта Еврокомиссиянын төрайымы Урсула ван дер Ляйен документке кол койгон мамлекеттерди аны тез арада ратификациялоого үндөдү.

“Аялзаты аларды коргой турган күчтүү укуктук жоболорго татыктуу. Аялдарга каршы зомбулукка унчукпай карап турбашыбыз керек”, - деп төрайым "Твиттердеги" барагына жазды.

Европа Биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Жозеп Боррелл Анкаранын чечимин түшүнбөй турганын айтып, өкүнүчүн билдирди. Дипломаттын айтымында, кыз-келиндердин укуктарын коргоо, “21-кылымда адам укуктарын, тынчтыкты, коопсуздукту жана тең укуктуулукту коргоонун өзөккү бөлүгү болуп саналат”.

Европа Кеңешинин Баш катчысы Мария Пейчинович Бурич. Тбилиси. 2019-жылдын 11-ноябры.
Европа Кеңешинин Баш катчысы Мария Пейчинович Бурич. Тбилиси. 2019-жылдын 11-ноябры.

20-мартта Европа Кеңешинин Башкы катчысы Мария Пейчинович Бурич Анкаранын келишимден чыгуу чечимин “ойроң кылуучу кабар” деп сыпаттады. Бурич бул кадам Түркияда жана Европанын, дүйнөнүн башка жерлеринде аялдарды коргоо ишине коркунуч жаратаарын белгиледи.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги “бир да маданий, диний салт аялдарга каршы зомбулукту көз жаздымда калтырууну актай албайт”, - деп билдирди.

Франциянын тышкы саясий мекемеси ишембиде жасаган билдирүүсүндө Түркиянын чечимине терең өкүнөөрүн, мындай аракет адам укуктарын урматтоо жаатындагы дагы бир артка чегинүү болуп калаарын баса белгиледи.

АКШ президенти Жо Байден да Анкаранын Европа Кеңешинин Стамбул келишиминен чыккандыгына 21-мартта терең нааразылыгын билдирди. Бул келишимге алгачкылардан болуп кол койгон Түркиянын өзүндө үй-бүлөдөгү аялдарга карата зомбулук улам өсүп бара жаткандыгына Байден тынчсыздануусун баса белгилеген.

Тасма. Түркиялык аялдардын жана алардын тилектештеринин нааразылык жыйыны. AFP. 2021-жылдын 20-марты.

Түркиянын расмий бийлигинин чечимин өлкө ичинде да сындагандар арбын. 20-мартта жүздөгөн аялдар Стамбулда Эрдоганлын жарлыгына каршы нааразылык чарасын өткөрүштү.

Стамбул шаарынын мэри, президент Эрдогандын негизги саясий атаандашы Экрем Имамоглу бул чечим “аялдар жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан күрөштүн мөмөсүн жокко чыгарат”, - деп "Твиттердеги" барагында жазды.

Оппозициядагы Жумурияттык элдик партиясы (СHP ) аталган партиянын төрагасынын орун басары Гөкче Гөкчен келишимден чыгып кетүү “аялдарга экинчи сорттогу жарандардай кылып мамиле жасоого, аларды өлтүрүүгө уруксат бергендей болуп калат”, - деп кескин сындады.

Коргоочу беткапка "Стамбул келишимин турмушка ашыр!" деген талапты жазып, нааразылык жыйынга чыккандар. Стамбул, Түркия. 2020-жылдын 5-августу.
Коргоочу беткапка "Стамбул келишимин турмушка ашыр!" деген талапты жазып, нааразылык жыйынга чыккандар. Стамбул, Түркия. 2020-жылдын 5-августу.

Жада калса өкмөтчүл “Аялдар жана демократия ассоциациясы” (KADEM) өз өкүнүчүн билдирип, Стамбул келишими «зомбулукка каршы кыймылда маанилүү роль ойноорун” белгиледи. Эң кызыктуусу, бул уюмду Эрдогандын кичүү кызы жетектейт.

Түрк мамлекет башчысы калган өлкөлөрдү Стамбул келишими (конвенциясы) деп аталган документтен чыгуу ниетинен былтыр кабардар кылган.

Эрдогандын бийликтеги АК партиясынын айрым расмий өкүлдөрү келишимди кайра карап чыгууну сунуш кылышкан. Алар конвенция ажырашууларга түрткү берет, эскичил салтты карманган үй-бүлөлөрдүн баалуулуктарына туура келбейт, деген жүйөөсүн айтып жүрүштү.

Европа Кеңешинин 2011-жылы Стамбулда кабыл алынган келишими үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө өтө маанилүү укуктук документ болуп эсептелет. Аны кеңешке кирген бардык 47 мамлекет жактырган.

Бул жааттагы алгачкы европалык документте аялдарга каршы кылмыштын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун, кыз-келиндерди коргоонун, зордукчул аракеттерге баргандарды кылмыш жообуна тартуунун стандарттары камтылган.

Келишимди 34 өлкө, анын ичинде Түркия 2012-жылдын жазында биринчи болуп ратификациялаган.

Былтыр жайында Польша конвенциядан чыгып кетээрин жарыялаган. Орусия жана Азербайжан документке кол коюп, бирок ратификациялаган жок.

БУУнун Анкарадагы өкүлчүлүгү кыз-келиндерге каршы зомбулук дүйнөдө эң кеңири жайылган укук бузуу экенин, Түркияда, 2014-жылдан бери жүргүзүлүп келген изилдөөгө караганда, турмушка чыккан аялдардын 38 пайызы өмүрүндө зомбулукка туш болгонун белгиледи. Европада орточо көрсөткүч - 25 пайызды түзөт.

Адистер коронавирус пандемиясы маалында үй-бүлөдөгү зомбулук учурлары ого бетер көбөйгөнун айтып келишет. Бул жосунсуз көрүнүш Кыргызстандагы турмушка да тийешелүү.

XS
SM
MD
LG