Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Түркия аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндөгү тарыхый келишимден баш тартты


Коргоочу беткапка "Стамбул келишимин турмушка ашыр!" деген талапты жазып, нааразылык жыйынга чыккандар. Стамбул, Түркия. 2020-жылдын 5-августу.
Коргоочу беткапка "Стамбул келишимин турмушка ашыр!" деген талапты жазып, нааразылык жыйынга чыккандар. Стамбул, Түркия. 2020-жылдын 5-августу.

Түркия аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча эң маанилүү европалык келишимден чыгып кетти. 10 жыл мурун биринчи жолу кол коюлган бул келишим Түркиянын Осмон султандыгы доорундагы борбору жана эң ири шаары болгон Стамбулдун атынан аталган болчу.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын 20-мартта кол койгон жарлыгы Европа Кеңешинин Стамбул келишиминин Түркия тарабынан ратификацияланышын жокко чыгарды. Бул кадам өлкөдөгү аялдардын укуктарын коргоочуларга катуу сокку болду, анткени бул келишим үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө өтө маанилүү укуктук өбөлгө катары эсептелчү.

Европа Кеңешинин Баш катчысы Мария Пейчинович Бурич. Тбилиси. 2019-жылдын 11-ноябры.
Европа Кеңешинин Баш катчысы Мария Пейчинович Бурич. Тбилиси. 2019-жылдын 11-ноябры.


Европа Кеңешинин Баш катчысы Мария Пейчинович Бурич бул чечимди "ойрондогуч" деп атады.

Эрдогандын бийликтеги исламчыл АК партиясынын айрым расмий өкүлдөрү алиги келишимди кайра карап чыгууну жакташкан. Алардын жүйөөсүнө караганда, Стамбул келишими (the Istanbul Convention) ажырашууларга түрткү берет жана өлкөнүн эскичил салтты карманган үй-бүлөлөрүнүн баалуулуктарына кайчы келет. Алардын оюнча, бул келишим салттуу үй-бүлөгө доо кетирип жатат.


Түркияда аялдарга, укугу бузулуп жаткан азчылыктарга жана либерал оппозицияга жек көрүүчүлүк маанайдагы сөздөр улам көп айтылып келүүдө. Маселен, өлкөнүн ички иштер министри Сүлейман Сойлу (Süleyman Soylu) “Твиттердеги” барагында оппозициячыл жыйынга катышкан студенттерди "бузукулар" деп мүнөздөгөн.

Түркиянын ички иштер министри Сойлу мырза Стамбулдагы кадыр-барктуу Богазичи университетинин ректору катары сырт жактан Мелих Булу мырзанын дайындалышына каршы нааразылык жыйындарына чыккан түрк студенттерин 2021-жылы 29-январда жана андан кийин да "ЛГБТ бузукулары" (LGBT sapkınları) деп атаган эле.

“Твиттер” анын бул жек көрүү сөзүн коомчулуктун көз алдындагы даректүү маалымат катары атайылап сактап койгондугун да кошумча маалымдаган.

Стамбул келишиминен чыгуу чечимине нааразы болгон аялдардын коомдук бирикмелери, жарандык укуктарды коргоо уюмдары жана башка аларга тилектеш атуулдар 20-мартта кайрылуу жасашып, бүткүл өлкө боюнча "Чечимди жокко чыгар, келишимди жүзөгө ашыр!" деген ураан менен нааразылык жыйындарын жана башка коомдук чараларды өткөрүүгө калайыкты чакырышты.

XS
SM
MD
LG