Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Түркиядагы аялдардын укугу: Европа соту зордук-зомбулукка каршы


9-июнда Европанын адам укуктары боюнча соту Түркияны өз жаранын коргобогону үчүн айыптуу деп тапты. Европа сотунун мындай чечими Түркияда адам укуктарын коргоо уюмдары тарабынан канааттануу менен кабыл алынса, өкмөт апелляция жөнөтүүгө кам урууда.

Түркиянын чыгышындагы Диярбакыр шаарынын Нахиде Опуз аттуу тургуну мындан 14 жыл мурда Түркиянын мыйзам коргоо органдарына кайрылып, өгөй атасы менен анын уулу болгон күйөөсү өзүнө жана апасына каршы зомбулук көрсөтүп келишкенин билдирген. Жолдошу Хусейин Опуз аялын жана анын апасын машина менен сүзүп өлтүрүүгө аракет жасаганы үчүн айыптуу деп табылып, 3 айга эркинен ажыратылган. Кийин бул жаза айып пулга айландырылган. 2002-жылдын март айында Хусейин Опуз буюмдарын жыйыштырып, кайненесин атып салган. Ал өмүр бою түрмөгө кесилген менен кийин да анын жазасы жеңилдетилет. Сот “кайненеси өзү ага асылган” деген жүйөө менен айыптууну бир канча жыл камакта жаткандан кийин бошотуп жиберет.

9-июнда Страсбургтагы сот Түркияны 30 миң евро айып пул төлөөгө милдеттендирди. Сот мыйзам коргоо системасынын начар иштегени үчүн Түркияны сынга алган. Сот чечими адам укуктарынын коргоо уюмдары тарабынан канааттануу менен кабыл алынууда.

“Аялдар платформасы” аттуу уюмдун төрагасы Хидайет Түксал, Страсбург соту кабыл алган бул чечимди өлкөдө аялдардын укуктары тууралуу талкуунун багытын өзгөртүүгө таасирин тиигизет деген пикирде. Еврокомиссия да Түркия менен болгон мүчөлүк сүйлөшүүлөрүндө, үй-бүлө ичиндеги зордук-зомбулук менен күрөшүү маселесин кайра-кайра көтөрүп келди.

Надире Опуз буга чейин отуз жолу полицияга жардам сурап кайрылыган. Ошондон кийин 2002-жылы Европадагы адам укугу боюнча сотко кайрылууга мажбур болгон. Опуз айымдын адвокаты Месут Бешташ буларды айтат:

- 30 жолу кайрылганына карабастан укук коргоо органдары эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Опуз айымдын 14 жылга созулган тайманбас күрөшү, Европа сотунда жеңиши - Түркияда үй-бүлө ичинде зомбулуктан жапа чеккен бардык аялдар үчүн үлгү болду.

Бирок Түркиянын Үй-бүлө маселелерине жооптуу министр Селма Алийе Каваф сот чечими менен макул эмес:

- Бул сиздер билгендей корутунду чечим эмес. Түркия апелляциялык арыз менен кайрыла алат.

Ошентип өкмөт соттун чечимине каршы апелляциялык арыз даярдап жатат. Бирок 2008-жылы күйөөсү камактан бошотулган Нахиде Опузду өкмөт болбоду дегенде, мындан ары коргойбу - маалым эмес. Ал учурда атын алмаштырып бекинүүгө мажбур. Ал эми анын күйөөсү эл арасында кадимкидей жашоосун улантууда.

XS
SM
MD
LG