Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Бишкектеги "Маариф" фондунун мектеби жаңы окуу жылында ачылат


Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев «Маариф» фондунун жетекчилиги менен жолукту.
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев «Маариф» фондунун жетекчилиги менен жолукту.

Түркиянын "Маариф" фонду жаңы окуу жылында Бишкекте аянты 11 миң чарчы метрди түзгөн мектептин кампусун ачат. Анда 61 класс тийиштүү жабдуулар менен камсыздалат.

Бул тууралуу 10-майда Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев "Маариф" фондунун жетекчилиги менен жолугушканда белгилүү болду.

Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, фонддун мектептеринде сабактар кыргыз, түрк, орус тилдеринде жүргүзүлүп, англис тили үйрөтүлөт. Андан тышкары, химия, физика жана биологияны, гуманитардык илимдерди, жаңы технологияларды жана маданиятты окуп-үйрөнүүгө багыт берилет.

2020-жылы 10-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен "Маариф" фонду Кыргызстанда жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу тууралуу макулдашкан.

"Маариф" менен кызматташтык тууралуу меморандум 2018-жылы түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапарында кабыл алынган.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган.

Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан "Себат" билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен "Сапат" болуп өзгөргөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG