Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Баш мыйзам: Кадрдык дайындоолор суроо жаратты


Конституция күнү тартылган сүрөт. 5-май, 2021-жыл.

Баш мыйзам боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы президенттин администрациясынын башчысы болуп, Министрлер кабинетин парламент бекитиши керек. Бирок Министрлер кабинети менен президенттик администрация башчылыгына эки башка адамдын дайындалышы "Баш мыйзам бузулдубу?" деген күмөн ойлорду жаратты.

Президенттин администрациясы Министрлер кабинетинин иши жөнүндө түшүндүрмө берди.

Өткөөл мезгилдеги Министрлер кабинети

Жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетин жана президенттин администрациясын түздү. Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасы, Сүйүнбек Касмамбетов президенттин администрациясына башчы болуп, мурдагы кызматтарын сактап калышты.

Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамдын 70-беренесине ылайык Министрлер кабинетине парламент макулдук бериши керек. Бул жолу Министрлер кабинети парламенттин макулдугусуз дайындалды.

Саясий серепчи Айданбек Акмат уулу өткөөл жоболор аркылуу президент бийликти бир колго топтогонун айтат.

Кан төгүүгө, мамлекетти кемсинтүүгө алып келген кемчиликтерге жол берген адамдар өкмөткө дайындалганга моралдык укугу барбы - бул жагы каралбай калды.
Айданбек Акматов.

“Баш мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенден кийин иштей башташы керек эле. Конституция боюнча президенттин администрация башчысы менен Министрлер кабинетинин төрагасы бир киши болушу керек. Өкмөттү дайындоодо парламенттин макулдугу керек болчу. Өткөөл мезгилдеги жоболорго таянып, Конституцияны айланып өтүштү, бул түшүнүксүз болуп калды. Президент өкмөттү парламенттин макулдугусуз дайындап, чектөөсүз бийликке ээ болду. Өкмөт башчы, мүчөлөрү Баткен, Лейлекте болгон окуялар боюнча депутаттар алдында чындыкты айтып, эмне кемчилик кеткенин билдириши керек эле. Кан төгүүгө, мамлекетти кемсинтүүгө алып келген кемчиликтерге жол берген адамдар өкмөткө дайындалганга моралдык укугу барбы - бул жагы каралбай калды. Убактылуу жобо дегенге таянып президент каалаган адамдарын парламенттен алып качып дайындап жатат”.

Президенттин администрациясы Баш мыйзамга шайкеш келбей жатат деп айтылып жаткан кадрдык дайындоолор тууралуу түшүндүмө берди.

Президенттин администрация башчысынын биринчи орун басары Медербек Сатыев буларды айтты:

“Референдумга чыгарылган Конституция жөнүндө мыйзамдын 4-беренесинде Жогорку Кеңеш Конституцияга ылайык түзүлүп, Министрлер кабинетинин курамына макулдук бергенге чейин президент анын курамын убактылуу түзөт жана башка аткаруу органдарынын жетекчилерин дайындайт деп көрсөтүлгөн. Жалпак тил менен айтканда жаңы Конституцияда 90 депутаттын саны көрсөтүлгөн. Ага ылайык Жогорку Кеңештин жаңы курамы келгенден кийин президент Министрлер кабинетин сунуштайт”.

Сатыевдин айтуусунда, 11-апрелде референдумда кабыл алынган Конституция жөнүндө мыйзамдын 2-8-беренелери (өткөөл жоболор) бийлик институттарынын мурастоочулугун жана коомдун туруктуулугун, Конституциянын күчүнө киришин камсыз кылган ченемдер.

Ошентип азыр иштеп жаткан Министрлер кабинети убактылуу экени белгилүү болду. Күзүндө өтчү парламенттик шайлоодон кийин жаңы Министрлер кабинети шайланып, президенттин администрация жетекчиси анын төрагасынын да милдетин аткарат.

Баш мыйзамга түздөнүү

Президент Садыр Жапаров 31-мартта мыйзамдарды жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзгөн. Ал кеңештин алдында жазык кодекстерин Баш мыйзамга ылайык келтирүү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушев жетектеген жумушчу-эксперттик топ иштеп жатат.

Андан башка 17 мыйзамдын пакети Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилерин президент Садыр Жапаров 26-апрелде мамлекеттик телеканалдардын бирине маек берип жатып айткан. Алардын арасында парламенттик шайлоонун кайсы шайлоо системасы менен өтөөрүн аныктаган “Президенттин жана Жогорку Кеңештин шайлоосу жөнүндө” конституциялык мыйзам бар.

Президент түзгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин мүчөсү, “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү ишин сынга алды.

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

“Президент "17 мыйзам пакети даяр, июлга чейин Жогорку Кеңеш кабыл алыш керек" деп айтып жатат. Мен президент түзгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин мүчөсүмүн, мага бир да документ жөнөтүлгөн жок, бизди бир да жолу чогулткан жок, бир да мыйзамды талкуулаган жокпуз. Демек, президенттин администрациясында жазылып жатат. Жогорку Кеңеш талкуулабай, окубай эле кабыл алып берет. Мен керек болсо ким мыйзамдардын пакетин даярдап жатканын билбейм. Мамлекеттик башкаруу иштери менен ким алектенип жатат? Биз Конституция жазылып жатканда бийликтин бир колго топтолушу кейиштүү болорун эскерткенбиз. Бул - биринчи жемиши. Ооба, элдин баары парламентти жек көрөт. Бирок, Жогорку Кеңеште мыйзамды кабыл алуунун процедурасы бар да. Биз документтерди алдын ала окуганга мүмкүнчүлүгүбүз бар эле да. Азыр мындай укуктан ажырап отурабыз”.

Президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев Чолпон Жакупованын сынын четке какты.

“Кеңештин бардык мүчөлөрү иштеп жатат, баары чакырылган. Чакырбады деген жалган маалымат”.

Жаңы Баш мыйзамды жазган Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашов Би-би-си радиосуна маек берип жатып, Конституцияда кемчиликтер да бар экенин, айрыкча укук коргоо органдарынын, сот бийлигинин жоопкерчилигин жеткире жаза албай калышканын айткан.

Бекбосун Бөрүбашов Баш мыйзам үчүн жоопкерчиликти бийликтен сураш керек экенин белгилеп, Конституциянын жетишпестиктери мыйзамдар менен толукталарын айтты.

“Мыйзам жакшыртылып туруш керек. Дагы мындан жакшы, катуурак кылыш керек болчу деген ой да. Баш мыйзамды жалгыз Бөрүбашов жазган жок, 98 кишинин 98 ою бар. Баш мыйзамдан кийин да мыйзамдар кабыл алынат, ошондо эске алыш керек. Бүт бардыгын Баш мыйзамга киргизе албайсың, киргизсең Конституция болбой калат. Айрымдар мактаган парламентаризмде кемчиликтер көп болчу. Партиянын башчылары мандаттын баарын сатышты, бул кемчиликти эмнеге айтышпайт? Биз Баш мыйзамды жазганда үч ай үшүп-тоңуп отурдук. Бир да сом алган жокпуз, чын ниетибиз менен жаздык. 2010-жылы Баш мыйзамды жазууга, кодекстерди жазууга канча акча келди эле?”.

Мыйзамдарды инвентаризациялоо

Мыйзамдарды Баш мыйзамга шайкеш келтирүү иши менен катар мыйзамдарды инвентаризациялоо иши да жүрүүдө.

Президент мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү боюнча жарлыкка кол коюп, жумушчу эксперттик топ түзүлгөн. Мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүүнүн натыйжасында 400гө жакын мыйзам күчүн жоготору айтылууда.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова мыйзамдарга инвентаризациялоо иши боюнча президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду. Анда бул иш шашылыш жүрүп жатканы айтылган.

“Мыйзамдарды инвентаризациялоо үчүн "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. 15-апрелде бул мыйзамды коомдук талкууга алып чыгышты. Ал мыйзам чийки, мисалы, Конституцияны кошпоптур. Эгер Конституцияны ченемдик-укуктук актыга киргизишпесе мыйзамдын сапаты жөнүндө сөз кылууга болобу? Бизди өтө көп мыйзамды инвентаризациялоо кыска убакытта жүрүп жатканы кооптондурат. Жакшы иштелип чыкпастан, 400дөй мыйзамды күчүн жоготту деп таануу улуттук коопсуздукка коркунуч келтирип, укук системасын шал кылат”.

Юстиция министрлигинин өкүлү Айнура Сулайманова мыйзамдарды инвентаризациялоо иши кандай жүрүп жатканын айтып берди.

"Президенттин мыйзамдарды инвентаризациялоо тууралуу жарлыгын ишке ашыруу үчүн өкмөттүн буйругу менен мекеме аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ага парламент депутаттарынан, сот системасынан, аткаруу бийлигинен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинен, бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр, көз карандысыз эксперттер кирди. Азыркы учурда Кыргызстанда 4687 мыйзам бар экен, ошонун ичинен багыттуу, тармактык мыйзамдар - 415, ошонун 356сын инвентаризациялоо ишин баштап жатабыз. Мыйзамдарды инвентаризациялоо “Конституцияга туура келеби, мыйзамдардын ортосуна карама-каршылыктар жокпу, бири-бирин кайталабайбы, мыйзамдагы боштуктар, пайдаланылбай калган мыйзамдар” деген критерийлер менен жүргүзүлөт”.

Президент Садыр Жапаров президенттик башкаруу системасын негиздеген жаңы Баш мыйзамга 5-май - Конституция күнүндө кол койгон. Конституцияда мыйзамдарды Баш мыйзамга шайкеш келтирүү иши алты ай аралыгында бүтүш керек деп көрсөтүлгөн. Мыйзамдарды инвентаризациялоонун мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрына чейин болот.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG