Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Министрлер кабинети: курамы жана түзүмү


Президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасы болуп буга чейинки премьер-министр Улукбек Марипов дайындалды. Вице-премьер-министр Артем Новиков ага орун басар болду.
Президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасы болуп буга чейинки премьер-министр Улукбек Марипов дайындалды. Вице-премьер-министр Артем Новиков ага орун басар болду.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык Кыргызстанда Министрлер кабинети ишке кирди.

Президент Садыр Жапаров 5-майда Конституцияга кол койгондон кийин өкмөттүн жаңы түзүмүн жарыялап, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындады. Садыр Жапаровдун аткаруу бийлигин толук колго алгандан кийинки командасы кандай болду?

Өкмөттүн ордуна түзүлгөн Министрлер кабинети 6-майда алгачкы кеңешмеге чогулуп, президент Садыр Жапаровдун шаршембидеги кайрылуусундагы тапшырмаларды талкуулады. Төрага Улукбек Марипов азыркыдай экономикалык каатчылык маалында чукул, чечкиндүү чаралар көрүлүшү керектигин айтты.

"Президент Министрлер кабинетине каатчылыкка каршы бир катар тапшырмаларды чечүүнү милдеттендирди. Биринчи кезекте бизнес жүргүзүү шартын болушунча жакшыртуу. Ушул максатта Инвестицияны өнүктүрүү жана коргоо министрлиги түзүлдү. Ошондой эле жеке менчикти коргоо багытында иштерди күчөтүү зарыл. Биз күнү-түнү, чукул кырдаал режиминде иштейбиз. Сөздөн ишке өтчү маал келди".

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин түзүмүн жана мүчөлөрүн президент өзү аныктап, өзү дайындады. Өкмөттүн түзүмүндө жана кадрдык курамында олуттуу өзгөрүү болгон жок. Эки министрлик, бир комитет, үч агенттик, бир кызмат жаңы түзүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы болуп премьер-министр болуп иштеп келген Улукбек Марипов дайындалды. Анын төрт орун басары бар. Алар: Артем Новиков – биринчи орун басар, Жылдыз Бакашова – орун басар, экономика-финансы министри Улукбек Кармышаков – орун басар, санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев – орун басар.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов президент түзгөн өкмөттүн жаңы түзүмү тууралуу буларды билдирди.

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

“Үч ай мурун өкмөттүн түзүмүн өзгөрткөнбүз. Министрликтерди кыскартабыз деп бир тобун жоюп салганбыз. Жаңы түзүмдө дагы эки министрлик, бир комитет, үч агенттик, бир кызмат пайда болду. Демек, жаңы жылдан кийин кыскартуу иши өзүн актаган жок. Кыскартуу деп жөн эле акча кетирдик. Эмне себептен дайыма өкмөттүн түзүмүн өзгөртүп, максатыбызга жетпей жатабыз?”.

Ал арада өкмөттүн бул түзүмү күзүндө өтчү парламенттик шайлоодон кийин кайрадан өзгөрөрү айтыла баштады. Баш мыйзам боюнча эми Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамына парламент макулдук бериш керек.

Депутат Дастан Бекешевдин пикиринде, өткөөл абалдагы жобого ылайык, бул жолу Министрлер кабинети парламенттин макулдугусуз дайындалды. Эми Жогорку Кеңештин VII чакырылышы шайланып бекиши керек.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков бийликтин кадамын кубаттап, өкмөттүн бул түзүмү жана курамы дагы өзгөрө турганын боолгоду.

Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

“Конституцияга кол коюлуп, ишке кирди. Эми Баш мыйзамга ылайык бардык мыйзамдар, ошонун катарында өкмөт, министрликтер жөнүндө мыйзамдар өзгөртүлүшү керек. Алардын баарын Жогорку Кеңештен өткөрүп, мыйзамдаштырганча бул өкмөттү дайындап коюу туура деп ойлойм. Менин оюмча, ал мыйзамдар бир же бир жарым ай убакытты алат. Иш токтобос үчүн жаңы жылдан кийин бекиткен өкмөттү калтырды. Өкмөттүн ичиндеги түзүмдү толук өзгөртүп, кадрларды кайра тандап, дайындоо мыйзамдардын баары Баш мыйзамга ылайык келтирилгенден кийин дагы болот ойлойм”.

Өкмөттүн жаңы түзүмүнө жана курамына ичи чыкпагандар да бар. Мисалы, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кызматтан алынышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты.

Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун оппоненти болгон саясий ишмер Элдар Абакиров дагы деле өң-тааныштык аркылуу дайындоолор болуп жатат деп эсептейт.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

“Азыркы келген кадрлардын көбү мурда иштеген адамдар экен. Жаңы чыккан маселени булар эски көз караш менен карап, эски нукка алып келиши мүмкүн деген көз караш болуп жатат. Биз жаш, билимдүү тажрыйбалуу жаш кадрларды күткөнбүз. Алардын бири Алмазбек Бейшеналиев болчу, бирок аны кетиргенин көрүп жатабыз. Ким Садыр Жапаровду колдосо ошолордун баары жана Ташиевдин тегерегиндеги кишилер келип жатат окшойт. Адам өзүнүн ишканасына каалагандай кадр алат, бирок мамлекетке эң натыйжалуу иштеген кадрларды алса туура болмок”.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Министрлер кабинетинин курамында калышы да суроо жаратып, сын-пикирлерге жем таштады. “Уу коргошун” менен атагы чыккан министрди кызматтан алуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары буга чейин токтом чыгарып бергени белгилүү.

Октябрь окуяларынан кийин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалып, февраль айында кайра кызматтан алынган Тилек Токтогазиев октябрь окуяларынан кийин берилген убадалар аткарылбаганын эске салды.

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

“Президент өзү айтып жатат, "эл менен кеңешебиз, элден сурайм, оюн угам" депчи. Бул жакта эл эмес, парламенттин үнү да угулбай калбадыбы. Саламаттык сактоо министри кызматтан алынсын деп токтом чыгарса, "Силер кимсиңер?" дегендей кайра дайындап салды. Прогрессивдүү, эл аралык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган, чоң инвестиция тарта ала турган кишилерди жумуштан алды”.

Президент Садыр Жапаров 5-майда Конституциянын жаңы долбооруна кол койгондон кийин элге кайрылуусунда өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясы даяр экенин жана аны Министрлер кабинети шыр ишке ашырууга өтөрүн билдирди. Ал өкмөттүн аппараттарынын бири-бирин кайталоосу жакынкы күндөрдө жоюлат деп ишендирди.

"Бүгүн мен кыскача айткан сунуштар менен көрсөтмөлөр президенттин өлкөнү орто мөөнөттүү мезгил ичинде өнүктүрүү стратегиясында камтылган. Өнүгүү стратегиябыз даяр. Мен аны Министрлер кабинетине тапшырам. Стратегияны ишке ашыруу программасын саналуу күндөрдө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет".

Жаңы өкмөттүн түзүмү он төрт министрлик, эки комитеттен турат. Өкмөттү Министрлер кабинетинин төрагасы жетектейт. Анын төрт орун басары болот. Министрлер кабинетине караштуу үч агенттик, бир кызмат бар.

Февралдагы өкмөттүн кыскарган түзүмүндө министрликтердин курамына кирип кеткен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети болуп кайра түзүлдү.

Министрлер кабинетинде жаңы эки министрлик пайда болду. Алар: Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлиги жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги.

Ошондой эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги кошулду. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы да булардай эле кайрадан өз алдынча кызмат болду.

Өкмөттүн түзүмү буга чейин февраль айында өзгөргөн. Өкмөттүн түзүмү 16га кыскарып, ал 12 министрлик, 1 комитет, премьер-министр жана анын үч орун басарынан куралган болчу.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG