Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Баш мыйзам: президентке жүктөлгөн жоопкерчилик


Президент Садыр Жапаров президенттик башкаруу системасын негиздеген жаңы Баш мыйзамга 5-май - Конституция күнүндө кол коюп, Кыргызстандын калкына кайрылуу жасады. Кайрылуунун айрым өңүттөрүн “Азаттык” радиосу “Арай көз чарай” берүүсүндө талкуулады.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жана мурдагы премьер-министр Темир Сариев катышты.

“Азаттык”: Президент Садыр Жапаров Конституцияга кол койгондон кийин жасаган кайрылуусунда саясий, экономикалык, социалдык багыттагы көп тармактуу өнүгүүнүн багыттары, реформалар тууралуу сөз кылды. Адегенде алгачкы таасирлериңиз менен бөлүшсөңүз. Кайрылуу эмнеси менен өзгөчөлөндү?

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

Аалы Карашев: Көптөн күткөн кайрылуу болду десем жаңылышпайм. 10-январда президенттик шайлоо, андан кийин референдум болду. Төрт айдан бери мамлекет мындан ары кандай өнүгөт, кайсы жакка барабыз, кандай реформа болот деген күтүүдө болчу. Өзгөчөлүк катары белгилесем болот: бүгүнкү оор социалдык-экономикалык абалга реалдуу баа берилди. Көптөгөн милдеттерди айтты. Эми ушуну ишке ашыруу керек. Каржы булактары, мөөнөттөрү, ким жооп берери тууралуу реалдуу чараларды иштеп чыгып, ары карай алып кетүү зарыл.

“Азаттык”: Президент жаңы Конституцияга жана даярдалып жаткан өнүктүрүү стратегиясына таянып, башкаруу системасы кандай өзгөрө турганын чечмелеп берди. Кайталанган структуралар жоюлуп, башкаруу төрт блокко бөлүнөт экен. Алар – Министрлер кабинети, Коопсуздук кеңеши, Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш, мамлекеттик катчы. Ушул төрт блок масштабдуу милдеттерди камтыган сыяктанып жатат. Аны жүзөгө ашыруу үчүн потенциал жетиштүүбү? Эмнеге таянып ишке ашырат? Кандай тобокелдиктер бар?

Садыр Жапаров аябай чоң жоопкерчиликти алды. Эгер ушул жоопкерчиликти мамлекеттин өнүгүүсүнө багыттай алса, жыйынтыгы болот. Эгер "жок, ушул бийлигимди атаандаштарымды жоготуп, мага каяша айтып, каршы чыккандарды басып турам" десе саясий тайкылык болуп калат.
Темир Сариев.

Темир Сариев: Бизде программалар болгон. Жакшы программалар да болгон. Бул эми тезис болуп атпайбы. Жаңы ыйгарым укуктарына ылайык жасалды кайрылуу. Даярдыктары, алгоритми бар экен, дароо жарлыктар чыга баштады. Эми бул чоң милдеттерди аткаруу үчүн кесипкөй команда жана каржы булактарды табуу керек. Бул бүгүнкү күндө оор маселе. Карыз алсак мамлекеттин ички дүң продукциясына салыштырмалуу карызыбыз дагы өсөт. Ошондуктан, муну тике инвестиция тартуу аркылуу чечиш керек. Анан элдин демилгеси керек. Бизде жарандык сектор күчтүү. Ушуну туура пайдаланганыбыз оң.

Былтыр тике инвестициянын көлөмү минус 850 миллион доллар болду, Кыргызстандан ушунча акча чыгып кетти. Эгер ушундай улана турган болсо коюлган милдеттерди аткарыш өтө кыйын болот.

Эмне кылуу керек? Мына программа бар, бийлик бир колго келди. Багыттарды аныктап алдык. Эми темирдей тартип керек. Бизде ээнбаштык, өзүм билемдик аябай көбөйүп кетти. Бизде 120 президент, 120 премьер-министр болбош керек. Ар бир министр өзүн президент катары көрбөш керек.

Экинчиден, бийликтин ички кубаты, интеллектуалдык потенциалы болушу керек. Мына бул кайрылууну карап көрсөк, кандайдыр бир үмүт бар. Бүгүн Садыр Жапаров аябай чоң жоопкерчиликти алды. Эгер ушул жоопкерчиликти мамлекеттин өнүгүүсүнө багыттай алса, жыйынтыгы болот. Эгер "жок, ушул бийлигимди атаандаштарымды жоготуп, мага каяша айтып, каршы чыккандарды басып турам" десе саясий тайкылык болуп калат.

“Азаттык”: Президент кайрылуудан кийинки биринчи жарлыгы менен Министрлер кабинетин кайра түзүп, жетекчилерди дайындады. Дээрлик мурдагы жетекчилер калыптыр ордунда. Башкаруу командадан көз каранды деп Сариев мырза да айтып атат. Бүгүнкү команданын кубаты кандай, Аалы мырза?

Дайындалды. Иштесин. Бүгүн бир гана принцип болушу керек. Бул – кесипкөйлүк. Ошол тармактагы адис, ишти билген кадрлар гана алып чыгып кетпесе, өтө оор абалдабыз.

Аалы Карашев: Биз өкмөттү 3-февралда бекитип бергенбиз. Ачык айтышыбыз керек, ошондо эле өкмөт декларативдүү программасы менен келген. Ошондо эле муну ишке ашыруу үчүн конкреттүү иш-чара иштеп чыгышыңар керек деп айттым эле. 50 пункттан турган жүз күндүк программасын 25-февралда бекитиптир. Тилекке каршы, андан деле бүгүнкү күндөгү бир дагы көйгөйдү, кризисти чечүүчү иштей турган пункттарды көрө алган жокмун. Айтайын дегеним, өкмөттүн үч айлык иши канааттандырган жок.

Анан дагы, реформа, оптимизация деп, бирок орун алмаштыруудан сумма өзгөргөн жок. Мамлекеттик органдардын көпчүлүгү шал болуп калды. Оптимизициянын максаты бюджетти үнөмдөө, чиновниктерди кыскартуу болчу. Эң негизгиси мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу эле. Ушул үч суроонун бирөөнө да жооп ала алган жокпуз. Оптималдаштыруу деп көпчүлүк органдар министрликтердин астына кирди, бирок, жоболору, башкаруу схемалары толук кандуу бекитилип бүтө элек.

Ошондуктан мамлекеттик кызматкерлердин дээрлик көпчүлүгү эртең иште калабызбы-калбайбызбы деп отурат. Башкача айтканда буга чейин жасаган оптимизация реформабыз аягына чыккан жок, кереги жок дегендей эле болуп калды. Менимче, президент жарыялаган бүгүнкү төрт блоктун негизинде башкача башкаруу системасын түзүш керек.

Эми кадрлар боюнча. Дайындалды. Иштесин. Бүгүн бир гана принцип болушу керек. Бул – кесипкөйлүк. Ошол тармактагы адис, ишти билген кадрлар гана алып чыгып кетпесе, өтө оор абалдабыз. Экспортубуз 25,5 пайызга, өндүрүшүбүз 17,5 пайызга, курулушубуз (эч качан мындай болгон эмес) 19,9 пайызга минус менен кварталды жыйынтыктап атабыз. Булар боюнча комплекстүү, ишенимдүү кадамдар ташталбаса акыбал абдан оор.

Темир Сариев: Жаңы бийлик келгенден бери инвестициялык климат абдан начарлады. Ага чейин деле начар болчу. Сооронбай Жээнбеков башкарган учурда да эч кандай демилге болгон эмес. Акыркы 6-7 ай ичинде кескин түрдө ишкерлерге сокку урулду. Инвестициянын качып атканы ушундан. Мындан чоң жыйынтык чыгаруу керек. Мен ушул боюнча кайрылууда катуу сөз болот го деп үмүттөндүм эле.

Экинчиси - жаңы өкмөттү куруп жатканда принцип болот. Функционалдык жакшы анализ керек. Ар бир мамлекеттик органдын максат-милдеттери бар. Аларды чаташтыруунун зыяны чоң болот. Буга этият мамиле кылыш керек. Үчүнчүсү - бюрократия бар. Гильотинага (эски мыйзамдардын ишин дароо токтотуу - ред.) алып келебиз деп атышат. Мыйзамдарга да кылдат мамиле керек.

“Азаттык”: Өлкө бүгүнтөн баштап президенттик башкарууга өттү. Темир мырза, сиз айттыңыз, темирдей тартип, бир колдогу башкаруу керек деп. Бир колго берүүнүн кесепети да бар экенин тарых көрсөттү. Баш мыйзамда бул президенттин дагы жеке басарлыкка барбашын кепилдей турган кандай рычагдар бар? Же сөзүнө ишенип, аягында мурдагы учурлардагыдай постфактум өкүнүп калабызбы?

Темир Сариев.
Темир Сариев.

Темир Сариев: Биринчиден, мен Конституциянын негизинде айтып атам: президентке чоң ыйгарым укуктар, жоопкерчиликтер берилди. Өзү да аны сезем, эрким жетет деди. Эң чоң көзөмөл – коом, эл. Биз ачык коомдо жашап атабыз. Элдин ички аң-сезими, менталитети (жеке басарлыкка -ред.) жол бербейт, муну Садыр Жапаров жакшы билет.

Чынын айтыш керек, биз Конституцияны кабыл алып жатканда өтө чоң ыйгарым укуктарды берип, тобокелдикке бардык. Бардык Конституцияларда көзөмөл жана тең салмактуулук болушу керек. Азыркыда тең салмактуулук жок. Баарыбыз бир гана адамга ишендик. Ушул адам таза, ниети жакшы, ак иштеп берет, ыйгарым укуктарды туура аткарат, туура колдонот деп. Эгер ал эртең узурпация кылам десе – бир эле жолу бар. Баягы эле элдик көтөрүлүш. Башка жолу жок. Ошон үчүн көп нерсе бүгүнкү президенттин өзүнүн түшүнүгүндө, оюнда, ишинде болот.​

Аалы Карашев: Президент, өкмөт башчы катары жоопкерчилик бир кишиде болуп атпайбы. Жогорку Кеңеште кемчиликтерин ачык айта турган аянтча, трибуна бар.

Экинчиден, Конституциябызга курултай институту кирип жатат. Бүгүн өзү да жарыялады, жыл сайын курултайга отчет берип турууга даярмын деп. Ал жерде да сын-пикир айтканга аянтча болот. Эң негизгиси, эл абдан чоң ишеним көрсөттү. 80 пайызга чейин колдоду. Эми ошол жоопкерчиликти алган бир кишиден эл бир жыл өтөбү, алты ай өтөбү, сурайт да. Негизги тараза – эл. Бүгүн президенттик башкаруунун классикалык түрүнө келдик. Эми ошону алып кетерине биз да тилектешпиз. Мамлекет үчүн жардам берип, колдоо көрсөтүшүбүз керек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG